Дүйнөлүк рекорд. ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛГЕНДЕРДИН САНЫ – 81

Кыргызстан президенттикке койгон талапкерлердин саны боюнча «Гиннесс китебине» кирсе болчудай. Анын ар бир төртүнчүсү убактылуу жумушу жоктор.

25-августта талапкерлерди расмий каттоо иши аяктайт. Каттоодон өтүүгө 100 миң сом өлчөмүндө күрөө, 30 миң адамдын колун топтоо жана мамлекеттик тил боюнча экзаменден өтүүкерек. Президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт.

ЖАРЫЯ: ПРЕЗИДЕНТ ТАЛАП КЫЛЫНАТ!
16-август күнү президенттикке койгон талапкерлердин арызын кабыл алуу мөөнөтү аяктап, алардын саны башында 83тү чапчыды. Бирок эртеси ажо болмокчу эки журналист эсине келдиби, айтор, талапкерлигин алып салышты. Ошентип, 81 талапкер боюнча эксперттер түрдүү пикирлерин айтышууда. Бул көрүнүш бир чети Кыргызстанда эркиндик бар экенин айгинелесе, экинчиден, «кандай адамдын президент боло ала тургандыгы жөнүндө түшүнүктүн жоктугун билдирет» дешет. «Талапкерлердин баары эле президент болом дегендер эмес. Кээлери имиджин жогорулатуу үчүн, дагы бирөөсү кийин небере-чөбөрөгө мактана жүрүү үчүн катышып жатышат» деген ойлор басымдуу.

ЖУМУШСУЗДАР ӨЛКӨНҮ БАШКАРЫШАБЫ?
БШКга арыз берген 83 талапкердин 19ун жумушсуздар түзөт. Буга чейин айымдардан президенттикке талапкер катары Токтайым Үмөталиеваны эле көрүп келсек, бул ирет Роза Отунбаева шык бергенби, 6 аял арыз тапшырды. Алардын 53ү Бишкектен, 29у аймактардан, ал эми бир талапкер – Кубанычбек Апастын Москвада тургандыгы маалым болду. Ошондой эле 15и мамлекеттик кызматкер, 42си коммерциялык уюмдарда эмгектенишет. Улуту боюнча 80 талапкер кыргыз болсо, 2 орус жана 1 казак бар.

“АТА ЖУРТТУН” АЖЫРЫМЫ КӨРҮНДҮ
Жогорку Кеңештеги фракциялардын ичинен «Ата Журт» алдыга озуп, Камчыбек Ташиев, Курманбек Осмонов, Марат Султанов жана Нариман Түлеев өңдүү өкүлдөрү ат салышмакчы. Айрым «көрөгөчтөр» «Ата Мекен» фракциясынан акыркы күнгө чейин «Равшан Жээнбеков да ат салышат» деп келишкени менен, ал ушактар суу кечпеди. «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен катар ушул эле партиянын өкүлү Кубатбек Байболов да өз алдынча арызын тапшырды. «Ар-намыс» фракциясынын башчысы Феликс Кулов талапкерлердин катарында көрүнбөйт. Бул фракциядан Анарбек Калматов, Турсунбай Бакир уулу жана Акылбек Жапаров «чоң казатка» аттанышты. КСДП ынтымактуу түрдө Алмазбек Атамбаевди көрсөтсө, коалициянын бир мүчөсү – «Республика» премьерди колдоо менен «бул шайлоодо паспыз» деп четте калууну туура көрдү.

КИМ ЭНЕ ТИЛИН ЖАКШЫ БИЛЕТ?
Ажолукка аттангандардын кыргыз тили боюнча билимин текшерүү 3 баскычтан турат. Анда 5 ката кетирген адамга «2» деген баа коюлат. Талапкер 30 мүнөттүн ичинде 3 барактан ашпаган бетке өздүк программасын жазып чыгышы керек. Андан тышкары талапкер адабий тилде программасын так жана түшүнүктүү айтып берүүсү зарыл. Жыйынтыгында чыгармадан алынган үзүндүнү көркөм окушат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (67)
zoxanzavr
2011-08-25 21:23:10
Ураа, биз дуйно рекордун койдук кыргыздар, ушул убакытка чейин эч бир олкодо мынчалык талапкер ат салышып коргон эмес президенттик такка. Мына, ушундай да болуп турат. Биз кыргызбыз...
0
Nazyu
2011-08-26 03:41:43
акчасы бар болсо ле президенттике талабын койсо болот бекен... соз жок... уят...
0
shishka
2011-08-26 10:35:21
elya2404:sen oiungda kulturno suilop koidunbu 5 kishiden bashkany taanybagan baikush,mal sensin.korungon jerde "jakshy"-sozdor menen korungon menen urushup jurosun,ajaaan.saga ubakyt korotup da kerek emes.mindan arkini ozuno ozun jaza ber.kulturno oilonot imish ushul meesi menen!!!
0
elya2404
2011-08-26 18:57:29
shishka, 5сунон башкасын тааныбайм дегендин, эмнеси не культурно. Мага буларды тааныгандын кызыкчылыгы дагы жок! Башымды дагы оорутпайм, таанышып булар менен, че думаешь делать мне нечего. Жашоом буларсыз деле кудайга шугур! Вот именно малдар журот, жанталашып, кимисинен жардам сурасам деп, менин озумдун мээм жетишерлик, буларсыз эле нанымды табып жейм!
0
elya2404
2011-08-26 19:05:48
shishka, корунгон малдар менен урушуп журосун десен! Кызыксын, убакытынды коротуп эмне жаздын, просто игнор кылбайсынбы, акылдуу экенсин!
0
frodobeggens
2011-08-27 01:04:49
биздин кыргыз талапкерлери аз бекен

0
beka-9009
2011-08-27 02:13:28
ошолордун барынын саны бар сапаты шоктор чогулуп алышканго
0
beka-9009
2011-08-27 02:13:28
ошолордун барынын саны бар сапаты шоктор чогулуп алышканго
0
beka-9009
2011-08-27 02:13:28
ошолордун барынын саны бар сапаты шоктор чогулуп алышканго
0
zman53
2011-08-27 15:29:38
Президенттике талапкерлерге эч кандай 100 мин сом олчомундогу куроо, 30 мин адамдын колун топтоо, мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшыруунун кажети жок болчу. Арыз кабыл алып жатып БШК жакшынакай ТЕСТтен откоруу керек эле. Ошондо короун ким ПРЕЗИДЕНТ болоруун.
0
Аида
2011-08-27 23:44:20
baibolot 71 ха ха ха сонун жазыптырсыз жыргап кулдум.
0
ibraimova_anara89
2011-08-27 23:53:36
уят...81 кондидатты бири отсо 80ни томсоруп калат да,жок алар томсоргонду билбейт,алар кайрадан которулушко чыгат,ошентип бийликтин артынан болгон 5 кыргыздын тубуно жетишет.
0
tarzan
2011-08-28 03:19:20
ibraimova_anara89, туура айтасын 80ни башка не иш кылат ошо кылып жургон ишин уланта берет ортодо элге кыйын болот
0
Narynbek
2011-08-28 00:43:28
81 да коебу?уят эй.Он болсо деле көп болмок.Кыргызды уят кылып бүтүштү бүт дүйнөгө.
0
tarzan
2011-08-28 03:15:12
охоо кыргызстанда ушунча билими чондор коп экенгоо ушунча билиминер болсо 70 болгондо 71 болуп каантип койдунар ойлонуп корбодунорбуу уят уят..
0
Nur Abdulaziz
2011-08-28 12:21:26
Ассаляму алейкум!!!Бул биздин олкодо ажо болуш акцияга окшоп калды го,Шоро суусундугунун беш крышкасын топтосон Кр талапкерлигине ээ болосун дегенсип,уят да бул иш....демек ар бир 80 ашуун азамат озун мамлекетти суйроп кетем деген ойдо экен да.Болгону бир тунгуюкка суйробосо болду!!!Кудайым бизге ыйман ынсаптуу ажоо берсе экен ылайым эле!!!чынын айтканда элибиз чарчап бутту!!
0
kelsinay
2011-08-29 02:34:14
Я за Ташиева!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
info
2011-09-01 10:42:45
elya2404 жана shishka, темадан тышкары жекеликке өтүп маданиятсыз сөздөрдү колдонгонсуңар. Кайым айтыша турган жер эмес. 7 күн банга.
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан