Апендинин жоруктарынан
Таң атпай эшегин тескери минип базарга бара жаткан Апендини көргөн киши:
– Ха-ха... Ай, Апенди, эмне эшегиңди тескери минип алдың?- деп шылдыңдайт.
Анда Апенди жер карап:
– Байкуш эшегимди кечээ катуу уруп койдум эле... Бүгүн минтип бетин карай албай жатам,- дептир.
БИЛИМ АЛАМ
Күндө барам мектепке,
Таза кийим кийинип.
Агай менен эжейге,
Салам айтам ийилип.
Акылыма түйөмүн,
Мугалимдин айтканын.
Сабак окуп, эринбей,
Терең билим аламын.
Барактарын айрыбай,
Таза сактайм китепти.
Ийгиликке жетүү үчүн,
Сүйүү керек эмгекти.
Узун, сүйрү, сапсары,
Жашыл түстөн чачтары. (Сабиз)
Ишсиз турбайт,
Иште да ырдайт.
Тамчыдай жыйганын,
Таткан жан жыргайт. (Аары)
Коонго окшош, бирок коон делбейт,
Аны чийки эч ким жебейт. (Ашкабак)
Муштумдай, кызыл, тоголок,
Жер бетинде чоңоёт.
Алмабы деп талашпа,
Аны туурайт салатка. (Помидор)
Дамира Арстанова
balakai@super.kg