Алгач саламдашып, ден соолугун сураганыбызда эле КРнын Эл артисти Дүйшөн агай: “Менин ден соолугумду бул жакка кой, мамлекеттин ден соолугу оңолсо экен деги. Эми президенттик шайлоосу тынч өтсө болду деп жашап калбадыкпы”,- деп көйгөйүн айтып кирди.
КЫСКАЧА...
ЭНЕНИН 49 ЖАШЫНДА КӨРГӨН УУЛУ
– Мен атам 73кө чыкканда, апам 49 жашында төрөлгөм. Мага чейин апам байкуш 15 бала төрөптүр. Эки баласы сууга агып каза болушса, төртөө согушка барып, алардын бири гана кайтып келген. Мен согуштан кийин төрөлгөм. Кичине кезимде атамдын сырты жыгач менен капталган Куран китептерин көтөрө албай жыгылган күндөрүмдү, айылдагы аялдардын баары кара кийинип алып суу жээктеп ыйлап отургандарын көп эстейм (ошондо Сталин өлгөн экен). 1-класска барганымда атамдан, 5-классымда апамдан айрылдым. Жалгыз эжем бар эле, ал да былтыр майда дүйнө салды.
1-класска барганымда окумак тургай эки ай бою “а” менен “б” тамгаларын жаттай албай кыйналдым. Эжем мени сабап жүрүп окуганды үйрөттү. 8-класска чейин мыкты окуп, бир да “4” жок бүттүм. 9-класста кат жазмай деген сыяктуу балакеттер башталып, окуу унутта калды.
“КӨРСӨ, ОКОШЕВ ЭМЕС, БАЙДӨБӨТОВ ЭКЕНМИН”
– Мектепте атамдын атында, Окошев деген фамилияда болчумун. 9-класста №5-интернатка тапшырып, тизмени карасам, мен жокмун. Эртеси агамды ээрчитип келдим. Ал тизмени карап бир күлүп алып, “бери келчи, “Байдөбөтов Дүйшөнбек Окошевич” деп турат го...” деп жатпайбы. Ошондо анан “аа, менин фамилиям Байдөбөтов турбайбы” дегем. Ага чейин мен да, мектептеги мугалимдер да метрика дегенге караган эмес экен, көрсө. Анан ырдап, мектептин курама командасында волейбол ойноп жүрүп мектепти да аяктап калдык.
“СТУДЕНТ БОЛУУ БАКТЫСЫ“
– Алгач апам ооруп жүргөн убактарда дарыгер болом дечүмүн. Бирок убагы келгенде качып туруп алдым. Тапшырбаганым деле туура болуптур. Химия, биология деген сабактардан экзаменден кулап, уят болмокмун. 9-класстан баштап Фрунзедеги Театралдык студияга барып турчу элем, аны уккан Мамат Жакыпов деген драматург, режиссёр агай мени Алайга театрга чакырып калды. “Каныбек” романынан кийин Алайга кызыгып жүргөнмүн. Жан деп эле эжемден 25 рубль алдым да, учак менен жөнөдүм.
Жарым жылдан кийин облус боюнча Ошто Театралдык институтта сынак болорун угуп барсам, комиссия кетип калган экен, артынан Фрунзеге кууп жөнөдүм. Учакка түшсөм, бизге келген комиссия мүчөлөрүнүн баары ошондо отурушат. Чоо-жайды түшүндүрөрүм менен, эч экзаменсиз, каалоо болуп, арттарынан кууп келатканым үчүн эле мени 1-турдан өткөрүп коюшту. Көп өтпөй чыныгы сынакка даярданып, борбордо бактардын түбүндө китеп окуп жаткан күндөр башталды. Жыйынтыгында 500 кишиден 27 абитуриентти тандап алышты да, Москвадагы ГИТИСтин (Мамлекеттик театралдык искусство институту) студенти болуп калдык.
“ИЛЬЯЗДЫН ОБРАЗЫ – КИНОДОГУ ЭҢ БИРИНЧИ РОЛУМ”
– 1971-жылы окуунун акыркы курсунда «Мен Тянь-Шанга» актёрлор тандалып, Москвадан 1-сынактан өттүм. Кийин июль айында Фрунзеге келип кинопробага катышып, бир топ талапкерлердин арасынан Динара Чочунбаева экөөбүздү тандап алышты.
Анан тасма тартыла баштады. Кышында ал киного тартылам деп алакандарымды үшүккө да алдырып алгам. Азыр ойлоп коркуп кетем, тайгак жолдон машинаны учуртуп айдап баратып киши сүзүп же өзүм авария болуп кетсем эмне болмок деп. Анда менин дагы Ильяздай курч кезим да. Мүнөзүм да ага окшош эле, айтканымдан кайтпаган, өз максатымды көздөй бет алган. Бирок ал жашоодо катуу жаңылышпадыбы. Эми мен деле тептегиз жол менен баратам дегенден алысмын, жаңылып-жазып, өкүнгөн күндөр менде да болгон. Ошентсе да мен анын ордунда болсом, Аселдин кетип калганын билген күнү артынан издеп таап, кечирим сурамакмын. Ильяз Асел турмушка чыгып кеткенде гана бармагын тиштеп жатпайбы.
Жакында “Кайрылган канат же Мен Тянь-Шань-2” фильминин сценарийин жазып, мага беришкен. Бирок тартыла элек. Ага демөөрчүлөр керек экен.
Кыскасы, кино жарыкка чыгары менен Кыргызстанга таанылдым. 1800 рубль гонорар алгам, аны ай сайын 70-80 рублдан бөлүп беришти. Кийин дагы 500 рубль сыйлык беришкен, ага муздаткыч менен эки керебет сатып алган элем. Азыр да алар улуу уулумдун үйүндө колдонулууда.
“БАШ КОШУУ ЖАНА 5 ЖЫЛГА АЖЫРАШУУ“
– Жубайым Кенжебүбү менен 9-10-класстарда бир партада отуруп окуганбыз. Окууну бүткөндө кыз-жигит катары сүйлөшө баштадык. Эл катары жактыруу, сүйүү сезимдери бизде да болду. Кийин мен Москвага окууга кетип, 1-курста, ноябрь айында 5 күндүк каникул болуп, Фрунзеге келгем. Баса, ошондо учакта Чыңгыз Айтматов менен катарлаш отуруп калып, ал “жакшы окуш керек” деп далымдан таптап койду. Тагдырдын буйругу экен, кийин Чыңгыз атанын чыгармаларынын көбүндө роль ойноп калдым.
Фрунзеге келип, сүйгөн кызым менен баш коштум. Бирок каникул бүтөрү менен кайра кеттим. 5 жыл бою Кенжебүбү экөөбүз эки жакта өмүр сүрдүк. Мындай сыноого чыдаш үчүн таза сезим менен ишенич гана керек экен.
“ТӨӨ МИНГЕН ЖАНА ЖӨӨ ЖҮРГӨН УЧУРЛАРЫМ”
– Окууну бүтүп келип жаңыдан жумушка орношкон убактарда абдан катуу кыйналдык. Антип-минткенче убакыт өтүп, эки балалуу болдум. Улуусу эжемдин колунда эле, кичүүсүн эч нерседен кем кылбай багыш үчүн 65 сом айлыгым жетпей, темир жолдо көмүр, пияз түшүрүп жүктөөчү болуп да иштеп калдым. Күндүз театрда, кечкисин темир жолдо иштеп, бир түндө 3 сом жана 3 килограмм пияз тапчумун.
Ал эми төө минген учурум деп 1990-жылдарды айтат элем. Утур-утур кинолорго тартылып күнүм тууп, ошондо машина да миндим, уулума деп борборго үй курдум дегендей. Эмнеси болсо да барга көппөй, жокко чөкпөй жашап келатам.
“УБАКЫТТЫН ӨТҮШҮ МЕНЕН..."
– Тагдыр деген ушул экен, маңдайга жазганын көрүп, быйыл 63 жашка келдим. 28 жашымда Эмгек сиңирген артист, 10 жылдан кийин, 38 жашымда Эл артисти болдум. Биз чындыгында эле катуу иштечүбүз. Жазында кандай күн жылыса, ошондой айыл-кыштактарды аралап гастролдоп кетчүбүз. Азыркылар антип иштей алышпайт. Кээ бирөөлөрүнүн сахнада ойногонун көрүп алып таң каласың. “Ойносомбу, ойнобосомбу, а мейли, эптеп ойноп берейинчи” дегендей мамиле.
Кыскасы, буйруганын көрүп жатабыз. Бакыт, Данияр деген уулдарым, Жибек аттуу кызым бар. Неберелеримдин алды 2-курста окуп жатса, арты бала бакчада.
Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg