Шоу дүйнөнүн жашоочуларынын кулк-мүнөзү баарына кызык. Андыктан жаңы рубрика “Портрет” деп аталат. Бул ирет Дайыр Исмадияровдун портретин аны жакын билгендердин жардамы менен тартабыз.
ДАРДАҢБАЙ ДАЙЫР
Дайырдын колу ачык. Дардаңбай десе. Бир нерсени угуп-укпай, түшүнүп-түшүнбөй жатып “давай-давай” деп макул боло калмайы бар. Кемчилиги – кара пиарды мыкты өздөштүргөнүндө. Өзүн жарнамалоо, курулай пиарлоо боюнча алдына “мен кыйынмын” дегендерди салдырбайт. Чын. Бирде “Орусиянын мегажылдыздары менен иштешкен досунун досу клип тартып бермей болот”. Бирде карасаң эле “Казакстандагы классташы Дайырды сүйүп калат, эстен танып”. Эгер Дайыр ырчы болбосо, бир компаниянын мыкты пиар менеджери болмок. Балким, буга эс тарткандан бери соода-сатыкка аралашып калганы себеп болсо керек. Дайырдын “студент кезде балдарга тапшырмаларды аткарып берип акча тапчумун. Орусияда эжем иштегендиктен, жайкы-кышкы эс алууда ал жакка барып базарда иштеп келчүмүн. Азыр соода тармагында чакан бизнесим бар. Кытайга каттайм. Келечекте чоң бизнесмен болуп, ырчылык менен ишкерликти ала жүрөм” дегенине ишенсек, анда ырчы да, бизнесмен да боло алат.
КЫЗ ЖАНДУУ, КЫЯЛКЕЧ ЖИГИТ
Дайыр “көзүм ойноктоп кыз жандуумун” деп ачык эле айтат. Ырчы сүйүүдө туруксуз адамдардын тизмесинде. Күйөрман кыздары көбөйсүн деппи же кандай билбейм, бирде башы бош, кыз колун кармабаган жигитке айланса, бирде “ырчы кызды сүйүп калдым, үйлөнөм” дегенге чейин баргандан кайра тартпайт. Кокустан “и-и, баягы ырчы кызың не болду?” деп сурасаң, “ал экөөбүз жөн гана доспуз” деп айткан сөзүн төгүнгө чыгарат, бети-башы кызарбай-этпей. “Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол” дегенди дал ушул ырчыга байлаш керек. Анткени концерттерде көшөгөнүн артынан музоо кирпик, сары чач кызды же өзү ырдагандай кара көздү колдон жетелеп, орундукка отургузуп ызаат көрсөткөнүн көп эле жолу көргөндөр бар. Кантсе да тандап жүрүп тазга жолукпайт болуш керек. Кесиби психолог эмеспи, ички туюму жубай тандаарда жаза тайбас.
КАНАТ ЭКӨӨ КАРЫН БӨЛӨГӨ АЙЛАНГАНДА...
Дайыр киндик кан тамган жери катары ар айылды айта берип көпчүлүктүн башын айлантып бүткөн. “Өзгөндүн Мырзакесиненмин, Черёмушкасынан, Чымбайынан...” деп отуруп, акыры “кара-кулжалыкмын” дегенге токтолду.
Мырзакедеги Мамат Нурбаев атындагы орто мектептен бүткөн. Бир жолу “биздин класстагы балдар орусча ооз ачалбайт эле, оң кулагыңды көрсөт десе сол кулагын көрсөтүшчү” деп классташтарына сол капталдан сокку урган. Ал сөз бат эле айылдаштарга тарап, “катыгүн, ошентип классташтарын шыбагандан уялбайбы” деген сөзгө калган. Дагы бир көзгө урунарлык “косягы” бар. Мурдагы продюсери Канат Кадыржан менен иштешип жүргөндө экөө карын бөлө болуп чыга келишкенин кантейин! Кийин Дайырдан муну сурашса, “Канаттын саясаты болчу” деп оңой кутулду.
КӨЗ МОНЧОК ТҮТПӨЙТ ЭКЕН
Кээ бир эркектердин ырымчылдыгына там берип бүтө албайсың. “Көз тийип кетип оорудум” дегенди көп айтчуларга Дайырды кошом. Анын “мага тез-тез көз тиет. Бир эле жолу сахнага чыксам кирине кирип, көңүлүм жаман болуп кетет. Көз мончок мага түтпөйт” дегени бар. Өң-келбетине кам көрүп, корейлерди туурай койгон жигитке көз тийсе тийгендир. Бирок ыр жагынан көз тиет дегенге кошулуш кыйынга турат. Канча ыры чыкты, элдин эсинде калганы аз. Баягы кыргыздын кыйын обончулары айтчу “компьютердин жардамы менен ырчы” деген сөздү кыпчый кетсек чычалабайт деле болуш керек. Дайырды Дайыр кылган ыр “Кара көзүм” болду. Клип жактан каражатты көп коротуп, сапаттуу клип тарттырарын билебиз.
Толик Сынчы
star@super.kg