УЧУРДУН ХИТ КИТЕПТЕРИ

Эмгек өргүүсүнөн келсем, кесиптештерим мага жайдын эң көп окулган китептери тууралуу жазуу буюрганын айтышты. Учурда дүйнөдө популярдуу болуп жаткан китептерди табууга мага интернет жардам берди. Ал эми Кыргызстанда кайсы авторлордун ити чөп жеп жатканын билүү үчүн дүкөн менен базарларга баш багуу жетиштүүлүк кылды. Бул тууралуу кенен маалымат алгыңыз келсе, окуп көрүңүз.

Илимпоздордун айтымында, жай мезгилинин рейтинги кайсы чыгармалар окурмандарга жагарын так айтып берет. Анткени көпчүлүк эс алууга чыгып, өзү менен кошо көңүлүнө жаккан китепти алат. Анда учурда суроо-талап көп болуп жаткан китептердин хит-парады менен таанышыңыз.

«1Q84. МИҢ БЕЛГИСИЗ СЕКСЕН ТӨРТ» 1-2-китеп

Автору – Харуки Мураками
Фантастикалык роман
Жазылган тили – Япон
Чыккан жылы – 2009

Бул роман Японияда сенсация жаратып, “Жылдын бестселлери” деп табылган. Заманбап япон маданиятын таанып-билем дегендерге сунушталат. Китепте окуялар бир эле учурда 1984-жылы жана белгисиз мезгилдерде (аталышы да ушундан улам. Q тамгасы англисче “Question” – “Суроо” деген сөздөн кыскартылган) өнүгөт. Чыгарманын башкы каармандары Аомамэ – фитнес-клубда инструктор болуп иштеген айым жана математик же жазуучу болууну чече албай жүргөн Тэнго.

«БАРДЫК ТӨРТ ТАРАПТЫ КАРАЙ»

Автору – Адриан Антони Гилл
Журналисттик баяндама
Жазылган тили – Англис
Чыккан жылы – 2010

"Саякатчы бакалар" үчүн китеп. Чыгармада англиялык журналист жана сынчы А.Гиллдин түрдүү өлкөлөргө жасаган саякаты камтылган. Автордун курч акылы жана көрөгөч көзү башкалар көрбөй жана байкабай калган нерселерди ачып берет. Окурман өзү үчүн жаңы Японияны, Африканы, Американы, Индияны жана Кубаны ачат. Чыгарманы окуп бүткөндөн кийин ошол кереметтерди өз көзүңүз менен көрүү үчүн саякатка чыгууга ашыксаңыз, ажеп эмес.

«ЧУМА КЕЗИНДЕГИ СҮЙҮҮ»

Автору – Габриэль Гарсия Маркес
Сүйүү тууралуу роман
Жазылган тили – Испан
Чыккан жылы – 1985

Чыгармада убакытты, жашоодогу тоскоолдуктарды, жадакалса адамдын жан дүйнөсүндөгү кемчиликтерди жеңген керемет сүйүү баяндалат. Фермина аттуу бийкеч бала кезиндеги досу Фьорентинонун сүйүүсүн четке кагып, Хувеналь Урбино деген дарыгерге турмушка чыгат. Урбино испаниялык колонияларды чумадан айыктырууну кыялданат. Фьорентино болсо Ферминадан үмүтүн үзбөй күтүп жана сүйүп жашай берет. Анын сүйүүсү жыл өткөн сайын бекемделет. Сүйүү – жашоонун, туруктуулук тирүүлүктүн маңызындай...

«ГАРРИ ПОТТЕР. ТОЛУК КОЛЛЕКЦИЯ (7 китептен турган комплект)»

Автору – Жоан Роулинг
Фантастикалык роман
Жазылган тили – Англис
Чыккан жылы – 2011

Гарри Поттер тууралуу китептердин мындай коллекциясы 14-июлда болгон “Гарри Поттер. Өлүмдүн белеги” тасмасынын премьерасына атайын даярдалып чыгарылган. Коллекцияда Гарри Поттер тууралуу бардык 7 китеп камтылган. Коллекциянын укмуштай кооздолуп жасалышы Поттерриананын күйөрмандарынын көзүн кубантат.

«ДЕТЕКТИВ ҮЧҮН ОКУУ КУРАЛЫ»

Автору – Жедедайя Берри
Детективдик роман
Жазылган тили – Англис
Чыккан жылы – 2009

Чыгарма детективдик агенттикте иштеген катардагы кызматкер Чарльз тууралуу. Кызыгы, ал кылмыштардын бетин ачкан шаарда дайыма жаан жаайт. Күндөрдүн биринде агенттиктин ишенген детективи жоголуп, Чарльз анын ордун ээлеп калат. Ага кылмыштын бетин ачуу үчүн табышмактуу “Детектив үчүн окуу куралын” беришет...

«ТҮЙҮНДӨГҮ ЖАЛГЫЗДЫК»

Автору – Януш Вишневский
Сүйүү тууралуу роман
Жазылган тили – Поляк
Чыккан жылы – 2001

"Түбөлүктүү нерселердин ичинен өмүрү эң кыскасы – сүйүү". Китептин лейтмотиви (негизги пикир) мына ушул сөз. Чыгарманын каармандары учурда актуалдуу болуп жаткан интернет-чаттарда “жолугушуп” мамиле курушат. Акыры көптөгөн сыноолорду баштан өткөрүшүп, Парижден жолугушат. Бирок башкы сыноо – алардын кездешүүсү эле...

«ТАМАКТАНУУ, СЫЙЫНУУ, СҮЙҮҮ»

Автору – Элизабет Гилберт
Мемуардык роман
Жазылган тили – Англис
Чыккан жылы – 2006

"Тамактануу, сыйынуу, сүйүү" – күтүлбөгөн жерден кубаныч табуу жана бакыт жок жерден бакыт издебөө керектиги тууралуу чыгарма. Тамактануу, сыйынуу, сүйүү менен жашоодон ырахат алган заманбап аял тууралуу заманбап китеп.

«ПЕРИШТЕЛЕРДИН ИМПЕРИЯСЫ»

Автору – Бернард Вебер
Фантастикалык роман
Жазылган тили – Француз
Чыккан жылы – 2010

Китептин сыртында Бернард Вербер деген ысым эчак эле «дүйнөлүк шедевр» дегенди билдирип калган. «Периштелердин империясын» окуп, буга дагы бир ирет ынанасыз. Китепте адамзатты ойго салган бардык суроолорго жооп бар.

«МЕН – ФАНАТМЫН!»

Автору – Айваз Маннанов
Биография, сын, макалалар
Жазылган тили – Орус
Чыккан жылы – 2008

Бул футболдук ээн баштар тууралуу алгачкы олуттуу изилдөө. Буга чейин жарык көргөн чыгармаларда футболдук күйөрмандарды жакшы образда көрсөтүү аракеттери болсо, “Мен – фанатмын!” эмгегинде күйөрмандардын жашоосу эч кандай көркөмдөөсүз, кандай болсо ошондой берилген. Фанаттардын дүйнөсү менен дал ушул китептен тааныша аласыз.


КЫРГЫЗСТАНДА КАЙСЫ КИТЕПТЕР МОДАДА?

“Нуска” дүкөнүндө таланып жаткан китеп жок!
Бул тууралуу Бишкектеги “Нуска” китеп дүкөнүнүн башчысы Анаркан Садыкулова мындай деди: “Бизде тигил же бул автордун чыгармасы таланып сатылып жаткан көрүнүш жок. Союз мезгилиндегидей эле кыргыз адабиятынын классиктери Ч.Айтматов, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, А.Осмонов, Т.Касымбековдун чыгармаларына суроо-талап бар. Анан азыркы күндө мезгилдин талабына жараша окуучулар менен студенттерге зарыл болгон окуу куралдарын, каада-салт, улуттук оюндар тууралуу эмгектерди көп сурап кайрылышат. Жаңы китептерден Жумадин Кадыровдун “Бүбү Мариям жана Бермет Мамбеталиеванын Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу жазылган “Жоголбогон каттар же “Эркиндик” гүлбагындагы маек” чыгармалары өтүп калат”. Анаркан эже кыргыз тилдүү окурмандардын аздыгы өкүндүрөрүн кошумчалады.

Базарда турмуштук китептер өтүмдүү
"Базарларда кайсы китептер көп сатылат?" деген суроого жооп издеп Бишкектеги айтылуу гезит базарга бардык. Сатуучулардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, төмөнкү китептерди аныктадык. Кызыгы, учурда Айгүл Шаршендин турмуштук китептери өтүмдүүлүгү жагынан алдына эч кимди салбайт экен. Айгүл Шаршендин “Аскадагы азгырык”, “Атасынан тууган кыз”, “Ойнош”, “Күтүлбөгөн байлык” (бардыгы көркөм чыгарма); Айдаралы Кубаттын “Киоскер келин” (көркөм чыгарма); Гүлбайра Турумованын “Айымдарга 1000 кеңеш. Чөп менен дарылоо, пайдалуу кеңештер”; Саадатбек Мырзакуловдун “Макал-лакаптар, тосттор”, “Ашууда атылган ок” (детектив); Нургүл Бейшендин “Жан кумарга жетеленип” (эротика); Кенжебай Дүкөштүн “Президенттин ойношу” (саясий-көркөм чыгарма); Нурзада Токтосун кызынын “Жашоо кереметпи же эшек арабабы?” чыгармалары.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Malysh
2011-08-29 18:35:58
Кыргыз элинин денгээли ушундай адабияттан томондогону уят! Аттарын окуп уялып кеттим:Ойнош,Атасынан тууган кыз,и т.д. Полная деградация!
+2
maybeck
2011-08-29 21:16:28
оа. бут эле бир кундук, ыплас чыгармалар го базардагылар. бирок мен билем базардагылар дал ушундай чыгармаларды берилип окушат. мен муну иш тажрыйбамда коргонмун. жакшы илимий китептерге кобунун тиши отпойт же такыр кызыкпайт.
0
cosmopolit
2011-08-30 01:06:05
"Одиночество в сети" мага абдан таасир калтырган...ал эми кыргыздар эмне деген чыгармаларды окуп калганбыз...абдан кейитти...
0
Juliana
2011-08-30 07:26:38
avtor Paulo Coelho - chygarmanyn aty Alhimic, internetten okusanar, ayabay jakshy kitep, ah-sezimdi oygotot, kyzyktuu, kunu-tunu okuysunar. Dale carneginin kitepteri paydaluu, kyrgyzdar jok degende psihologiyalyk kitepterdi okusak, paydaluu, al emi Oynosh degen kitepten payda jok. Men Amerikada jashap jatkanyma baylanishtuu kyrgyz tilduu kitepterin okuyun dep internetten Akyrky Konguroo degen kitepti okup alyp, ayabay jaman abalda boldum, tushunugu tomon avtor jazyptyr
0
Juliana
2011-08-30 07:28:20
Bodo Sheferdin o sobake po imeni Mani degen kitep abdan paydaluu, kyzyktuu okuya arkiluu kantip akchany tuura koldonuu jonundo bayandalgan.
0
maratik.0708
2017-02-15 12:44:00
Juliana,ошол китептин электронный варианты барбы
0
poker
2011-08-31 02:38:36
Chyngyz Aytmatovtun Toolor kulaganda chygarmasy duinoluk klassika bolot....jakshy kitep okusanar
0
munara90
2011-08-31 04:25:47
Kitepte jazilgan chygarmalardy internetten kaisi saittan taap okusa bolot?
0
zhanym
2011-09-01 02:16:27
бизде китеп окугандар жокко эсе китеп окуп убакыт коротуп эмне кылабыз
0
Juliana
2011-09-01 03:26:58
Kyrgyzstanda elektronniy kitep barby? Kancha som? Kaysil jerde satilat? Anyn ichine 1000 kitep batat.
0
bakutboy
2011-09-03 17:59:28
Кыргыздардын ою аябай жакшы биринчи эротика ойнош дагы ошондойлор жонундо китеп жазып аларды аткарып кобоюп алып анан адептуу китеп жаза баштасак керек :(
0
Gang_UTK
2011-09-04 21:37:22
Учурдун хит кинолорун айтсанар, ошол китептеги окуялардын баарын тартып эле коруп алсы болот, гари потер китеби жаман жазылган спец эфектери жок, киносунда бар.......
0
anam
2011-09-10 10:48:06
Gang_UTK,китептеги окуяны тартып корсо болот деген туура эмес, негизи китеп окуганда, ал окуяны элестетип, ошондо кругозор расширяется, а кинону коруп койгон андай деле пайдасы жок...
0
frodobeggens
2011-09-10 20:25:35
биздин жазуучулар илгери жазышкан экен
азыр эмес
0
chomonova
2011-09-20 15:07:57
Маданиятыбыздын кандай денгээлде турганын чындап эле окуп жургон китептерден корсо болот. Жакшы, ан-сезимди остуро турган китептердин катарына Мирзакарим Норбеков жазган "Опыт дурака" киргизсе болот. Ар бир кыргыз окуп чыкса, жалкоочулук жок болот беле деп ойлойм...
0
№ 460, 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан