Үй-бүлө күткөндөн бери сахнада анчейин көрүнбөй калышкан Урмат менен Нелянын Бишкектеги ак өргөөсүнө коноктоп бардык.
«НУРЭЛДИН АЙЫНАН УРУШАБЫЗ»
– Урмат, бул үйдү качан сатып алдыңар эле?
– Кошумча акча табуучу булагыбыз бар. Курулуш материалдарын сатабыз. Бирок буга чейин жашап жаткан үч бөлмөлүү үйүбүздү сатып, өзүңүздөр көргөн жер тамга жаңы жылдын алдында көчүп кирдик.
– Өзгөчө жасалгаланыптыр. Дизайнын ким жасаган?
– Өзүм. Жумшак эмерек сыяктуу буюмдарды гана Неля экөөбүз тандабасак, калганын өзүм фантазияма жараша жасагам.
Неля: – Оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда мен бул үйгө келген да эмесмин. Качан бардыгы даяр болгондо гана келип, жашап калдым.
– Канча күндө бир үй жыйнайсың?
Неля: – Күндө хлор менен тазалап турам. Негизи, чачылбайт деле, бирок кичинекей бала бар үчүн күндө жууп-тазалайм.
– Бардык эле үй-бүлөлөрдөй силерде да казан-аяк кагышабы?
Урмат: – Нурэл мага өтө жакын. Кээде үйгө келип, кайра иштер менен сыртка чыгыш керек болуп калса, артымдан ээрчип, айламды кетирет. Ошондуктан жумуштар менен чыккандан заарканып турам. Неля экөөбүз урушсак деле ушул баламдын айынан урушабыз. Мен болушчаакмын.
Неля: – Нурэлди абдан эркелетип чоңойттук. Ооруп калат деп коркуп, керек болсо жайында да башына топу кийгизип алчубуз.
– Силерге азыр материалдык жактан эмне жетишпейт?
Урмат: – Буюрса, балдарыбыз дагы көбөйсө бөлмөлөр жетпей калат. Демек, дагы чоң үйлүү болсок деп тилек кылабыз. Азыр бардыгы жетиштүү эле.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg