КОНДИЦИОНЕР ПАЙДАБЫ ЖЕ ЗЫЯНБЫ?

Жел жетпеген ысык кеңсе-дүкөндөрдү кондиционерсиз элестетүү кыйын. Кыргызстанда мындай буюм ар бир үйгө кире элек болсо да, көптөгөн кеңселер менен ишканаларда, автоунааларда жайында абаны муздатуу, кышында ысытуу максатында колдонулат. Андыктан кондиционердин адамдын ден соолугуна тийгизген таасири жөнүндө кеп кылууну чечтик.

КАЧАН, КАЙДА ПАЙДА БОЛГОН?
Кондиционер – англис сөзү. «Аir» — «аба» жана «condition» — «абалы» дегенди билдирет. Кененирээк мааниде «бөлмөнүн ичиндеги абаны керектүү температурада кармап туруу» деп түшүнсөк болот.
Алгач кондиционер бөлмөнүн ичин муздатуу үчүн эмес, типографиядагы нымдуулукту азайтуу максатында 1902-жылы америкалык окумуштуу Уиллис Карриер тарабынан ойлонуп табылган. Биринчи ирет 1929-жылы гана америкалык «General Electrik» компаниясы тарабынан чыгарылган. Бирок анын адам үчүн зыяндуу жагы көп болгон. Адамдын организмине зыяны аз болгон кондиционерлер 1931-жылы массалык түрдө чыгарыла баштаган.
1950-60-жылдарга чейин бул багытта АКШнын компаниялары дүйнөдө үстөмдүк кылып келишсе, ошол жылдардан баштап жогорку деңгээлде чыгарууну япондуктар колго алган. Ошондон бери кондиционерлер улам өнүктүрүлүп, заманбап түрлөрү чыгып келет.

ДЕН СООЛУККА ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ
Кондиционердин оң жана терс жактары боюнча талаш-тартыш кептер байма-бай айтылып келет. Кээ бирөөлөр ден соолукка зыян дешсе, кай бирлери эч кандай зыяны жок экенин айтышат. Анын ден соолукка тийгизген таасири колдонуу эрежелерин сактоодон көз каранды.
Мисалы, кондиционердеги атайын фильтр бөлмөнүн ичиндеги абадагы чаңды, чылымдын түтүнүн, ар кандай жыттарды соруп алат. Эгер фильтрди белгилүү бир мөөнөттө алмаштырып турбаса, ал абаны тазалагычтан кирдеткичке айланат. Себеби чаңдагы бактериялар көбөйүп, кайра бөлмөгө аба менен тарайт. Фильтрди жок дегенде бир айда бир жолу тазалап туруу талапка ылайык.

Кондиционерди колдонууда эске алчу жагдайлар:

  1. Эч качан муздак абанын агымын адамга түз багыттабаңыз. Суук тийип, ооруп калышы мүмкүн.
  2. Бөлмөнүн ичиндеги абанын температурасы сырттагы температурадан мүмкүн болушунча 5 гана градус айырмаланып турушу керек. Мисалы, сыртта 30 градус ысык болсо, бөлмөдөгү температура 25 градус болушу зарыл.
  3. Автоунааларда жана имараттарда кондиционерди керектүү температурага акырындык менен алып келүү талапка ылайык (Дароо катуу муздатып жибербөө керек. Анткени өтө ысып туруп бат муздоо ооруга чалдыктырат).
  4. Кондиционердин абаны алмаштыруу функциясы болбогондуктан, убак-убагы менен бөлмөдөгү терезени ачып желдетип туруу керек (кондиционерди өчүрүп).
  5. Абанын тынымсыз айланып турушунан адамдын териси жана былжырлуу чел кабыгы (мисалы, мурундун, тамактын) кургайт. Андыктан кондиционерди узак убакыт колдонууда мурунду деңиз суусу же кадимки суу менен чайкап туруу керек (бул былжырларды бир калыпта кармоо үчүн зарыл)
Жыйынтыктап айтканда, кондиционерди тийиштүү эрежелерин сактоо менен колдонсо адамга салкындык тартуулап, сергитип, зыяны жок. Колдонуу эрежесин бузуу – ден соолукка зыян алып келүү дегендик.


Медициналык жаңылыктар

ПЛЯЖДАГЫ ЭС АЛУУ ДИАБЕТТЕН КОРГОЙТ
Күндүн нуру пайда кылчу Д витамининин жетишсиздигинен көптөгөн адамдар кант диабетине чалдыгышат. Күндүн нурун тийиштүү деңгээлде алгандарга бул оору жолобойт. Мындай жыйынтыкты Мельбурн университетинин окумуштуулары айтып чыгышты. Д витамининин жетишсиздиги балдарды итий, чоңдорду ревматоиддүү артритке жана рак ооруларына алып келери белгилүү. Андыктан убакыттан пайдаланып күн нурун туура колдонуп калыңыз. Мисалы, режимди сактоо менен пляжда күнгө күйүп.

МАРКУМДАРДЫН КӨЗҮН САТМАКЧЫ БОЛУШКАН
Украинанын Киев облусундагы эки өлүккананын кызматкерлерине каза болгон 190 адамдын көзүн чыгарып алышканы үчүн кылмыш иши козголууда. Алар көздөрдү, чечекейлерди донор орган катары сатуу максатында чыгарып алышкан. Бул үчүн маркумдардын жакындарынан уруксат алышкан эмес. Окуя маалыматты Украинанын «Комментарии» гезити тараткан соң коомчулукка белгилүү болду.


Пайдалуу кеңештер

БУТ КИЙИМДЕН КЕЛҮҮЧҮ 5 КОРКУНУЧ

Бийик такалар май тамандуулукка алып келерин баары эле биле бербесе керек. Айымдардын ден соолугуна зыян келтирген бут кийим түрлөрү жөнүндө кеп кылалы.
  1. Такасыз бут кийим же жалпак балеткалар. Буларда ресорстук функция (басканда сүрүлүүнү жеңилдетүүчү) болбогондуктан, бутка пайда деле эмес. Тескерисинче, май тамандуулукка алып келет. Балеткадан омурткаларга күч келип, аны ар дайым кийип жүрүү белдин оорушуна жана басыктын бузулушуна алып келет.
  2. Бийик платформа. Адам басканда согончок жана буттун учу кыймылдап, жерге тийип жана көтөрүлөт. Мына ушул көнүгүүгө окшош кыймыл жүрөктүн, боордун жана бөйрөктөрдүн иштешин активдештирет. Калың така мындай нерседен бизди кол жуудурат. Бул эле эмес, бут кетменинин үстүндөгү булчуңдар менен байламталардын чоюлуп жана жыйрылып турушунан айрып, май тамандуулукка алып келет.
  3. Бийик така. Адистердин айтымында, жумасына 2-3 жолу 2-3 сааттан ашык такасынын бийиктиги 5,5 сантиметр келген бут кийим кийип жүрүү туура эмес. Бул остеохондрозду чакырат. Бийик така жамбаш сөөктүн алдыга жылып кетүүсүнө шарт түзүп, белдин бүкүр тартышына жана омурткалардын жылышып кетишине себеп болот. Андан тышкары аны тынымсыз кийүүдө согончоктун тарамышы акырындап жүрүп отуруп иштебей калат. Кийин биротоло иштен чыгат.
  4. Шиш така. Мындай бут кийим канчалык сапаттуу жасалса да бут ойноктоп турат. Андыктан дененин салмагы бир калыпта кармалбайт. Таманга салмак тегиз түшпөй, бут кетменине көп күч келет. Мунун айынан бут шишийт, салмак тегиз болбой кыйшаңдап басуудан көп учурда томук да чыгып кетет.
  5. Тумшугу учтуу бут кийим. Буттун баш бармагы жана чыпалак, манжалар кысылып, ич жакка кайрылып, катууланып, чор болуп кетет. Муну хирургиялык жол менен гана калыпка келтирүүгө болот. Анын үстүнө май тамандыкка алып келет.

ЫҢГАЙЛУУ БУТ КИЙИМ КАНДАЙ БОЛОТ?

  • Бут кийимди кийгенде такасы бекем, бут ойнобой тургандай болушу кажет. Таканын бийиктиги 4-6 сантиметрден ашпашы керек.
  • Тумшугу тегерек же төрт бурчтуураак болгону оң. Анткени буттун манжаларына кенендик зарыл.


ГАСТРИТТЕ ЭМНЕЛЕРДИ ЖЕГЕНГЕ БОЛОТ ЖАНА БОЛБОЙТ?

Азамат Абдраев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Asus84
2011-09-02 09:14:20
анда бут кийим кийбей жыланайлак журолу кыздар, балдардын баары май таман экен да хехехе
0
№ 460, 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан