Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек. СОИЧИРО ХОНДА

ӨЖӨРЛҮК МЕНЕН ДҮЙНӨГӨ ТААНЫЛГАН
"Жеке ишкерлер дайыма алдыга чоң максат коюп, керек болсо жеңилүүгө да даяр болушу керек”.
Мына ушундай девиз менен XX кылымдын инноватору (техника жаатында жаңылык киргизүүчү, өзгөртүүчү), япониялык Соичиро Хонда жашап өткөн. Бала чагында “чоңойгондо арабам болсо...” деп кыялданган баланын келечекте машина куруу индустриясында лидер болорун ким билиптир. Анын машина жана мотоцикл чыгаруу боюнча дүйнөлүк масштабдагы ийгилигине япондор өздөрү гана эмес, бул индустрияга басым жасап келген немистер дагы алгач ишенишкен эмес. Бул жаатта анын эч кандай тажрыйбасы жок болсо да, ал ийгиликке кетирген каталарынын үстүнөн иштөө жана билгендерин өнүктүрүү аркылуу жетишкен.
Анын “Хонда” жеке ишканасы орто оокаттуу жарандарга багытталып, эркектерге да, аялдарга да ыңгайлуу болгон. 1945-жылы Японияда болгон катуу жер титирөөдөн улам бардык нерсесинен кол жууп калса да, өжөрлүгүнүн, эмгекчилдигинин арты менен кайра бутуна турат. 1960-жылдары анын ишканасы чыгарган мотоциклдер дүйнөлүк рыноктогу мотоциклдердин 60 пайызын түзгөн. 1980-жылдын башында Хонда машиналары Японияда 3-орунда болсо, 90-жылдардын башында машина чыгаруу боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлейт.
Ал “АКШда япондуктардыкындай сапаттуу машина чыгаруу мүмкүн эмес” деген мифти жокко чыгарууга да жетишкен. Анткени 1970-жылы АКШнын Огайо штатынын Мериссвиле шаарына завод курат. Заводдон сапаты жагынан Японияда чыгарылгандардан кем калбаган жаңы Хонда Аккорд машинасын чыгарып, сатыкка коёт. 1980-жылдары бул машина АКШда эң көп сатылып, 90-жылдары да популярдуулугун сактап турат. Соичиро Хонда АКШнын машина куруу индустриясынын эң татыктууларынын катарына кирген алгачкы япондук болуп кала алды.

8 КЛАССТЫК ЭЛЕ БИЛИМИ БОЛГОН
Соичиро Хонда Япониянын Хамаматсу аттуу агрардык провинциясында кедей темир устанын үй-бүлөсүндө 1906-жылы 17-ноябрда төрөлгөн. Атасынын шайтан арабаларды оңдоп акча табуусу анын келечегин аныктаган сыяктуу. Себеби дал ошол нерсеге болгон кызыгуусу акырындык менен мотоциклге, кийин машинага болгон кызыгуусуна түрткү берген. Аябай жакыр жашагандыктан, анын 5 бир тууганы ачкачылыктан каза болуп калган.
Хонда мектептеги теорияны тажрыйба менен айкалыштырбаган билим берүүнү жактырбагандыктан, сабакка көп барчу эмес. 8-классты аяктаганда ал Токио шаарына аттанган. Борбордо 6 жыл машина оңдоочу жайда үйрөнчүк болуп иштеп, чогулткан акчасына өзүнүн кичи мекенинде машина оңдоочу жай ачат. Анын келечекте автодүйнөдөгү Порше, Мерседес-Бенц, Женарал Моторс сыяктуу дөө-шааларды артта калтырган алгачкы кадамы ушинтип башталат.

САЛТТУУ ЫКМАЛАРДЫ ЖАКТЫРГАН ЭМЕС
Хонда өзүнүн карьерасынын аягына чейин салттуу ыкмалар менен күрөшүп келген. Жадакалса өзүнүн компаниясына жумушчу алып жатканда дагы жогорку билимдүүлөрдү албай койгон күндөрү болгон. Себеби, анын ою боюнча, алардын догмалык ойлору жаңы ойлордун жаралышына тоскоол болот. Ал өз жашоосунда да, карьерасында да күрөшкө тойбогон, өжөр, чыдамсыз мүнөзү менен белгилүү болгон.
“Академиялык билим алгандар тобокелдикке салгандан коркушат. Бул жаңы нерсени ойлоп табууда тоскоол болот”,- деген. Ошондой эле ал: “Адамдар бир нерсеге мажбурлабаган жерде жаңы ой, тапкычтык менен иштешет. Ал эми аларга эмне кылуусу керек экендигин айтып турган жерде тескерисинче болот”,- деп айткан. Башка инноваторлор сыяктуу эле Хонда да тобокелчил болчу. 30-жылдардын ортосунда ал автожарышка катышып, фиништик сызыкка жеткенде кырсыкка кабылган. 3 ай ооруканада жатып, ага жарыштарга катышууга тыюу салынган.
Соичиро Хонда жашоодо жөнөкөй эле киши, бирок анын гениалдуулугу ар бир оор маселеде жөнөкөй чечимдерди кабыл алуусунда болгон. XX кылымдын эң көрүнүктүү инноваторлорунун бири 1991-жылдын 5-августунда 84 жашында Токиодо дүйнөдөн кайткан.

Азамат Абдраев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nasi
2011-08-29 16:48:28
ушундай адамдарды бааалайм да

0
asmir
2011-09-02 16:54:53
япондордой мээнеткеч эл болбосо керек бул дуйнодо. биз дагы ушулардан коп нерсе уйронушубуз керек экен
0
№ 460, 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан