БИЙЛИК БАЛАДАН КЫМБАТПЫ?

42 жыл Ливиянын президенти болгон Муаммар Каддафинин уулдары көтөрүлүшчүлөрдүн колуна түшүп калды. Эми оппозиция мамлекет башчынын бийликтен кетүүсүн талап кылууда.

ЛИВИЯ КӨТӨРҮЛҮШЧҮЛӨРДҮН КОЛУНДА
2011-жылдын февралында башталган массалык митинг кийинчерээк согушка айланган. Оппозиция акырындык менен өлкөдөгү нефти чыгаруучу ишканалар жайгашкан шаарларды басып алууга өткөн. Президенттин карамагында бир эле борбор калаа – Триполи калган болчу. Бирок көтөрүлүшчүлөр Триполини көздөй 20-август күнү чабуул коюшуп, 23-августта Баб аль-Азизия кварталындагы Каддафинин ак сарайын НАТО күчтөрүнүн жардамы менен басып алышты. Бирок ал жерде Каддафи да, балдары да жок болуп чыкты. Ажонун кайда экени белгисиз, бирок 24-августта радио аркылуу жасаган кайрылуусунда кашык каны калгыча көтөрүлүшчүлөр жана НАТО аскерлери менен күрөшөрүн билдирген.

КАДДАФИ ТУҢГУЮККА КЕПТЕЛДИ
Көтөрүлүшчүлөр басып алуу учурунда Каддафинин үч уулу: Сейф аль-Ислам, Саади жана Мохаммад туткунга алынгандыгын билдиришкен. Ошондой эле чоң уулу Мохаммад Каддафинин качып чыкканы да айтылган. Бирок ошол эле күнү Сейф аль-Ислам эркиндикте жүргөндүгүнүн далили катары журналисттерге интервью берди. Калган балдарын куткарууга Ливиянын лидери тезинен оппозиция башчысы Мустафа Абдель Жалил менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирип, көтөрүлүшчүлөрдү чабуулду токтотууга чакыргандыгы айтылууда. Оппозиция башчысы Мустафа Абдель Жалил Каддафи бийликтен кеткенде гана чабуулду токтоторун билдирген. Ошондой эле туткунга алынган уулдары менен кошо өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берерин айткан.

ЖАҢЫ БИЙЛИК
Оппозиция тарап 27-февралда Бенгази шаарында Улуттук убактылуу кеңешти түзүп, Мустафа Абдель Жалил башчысы болуп дайындалган. Ал эми 15-июлда 30 өлкө, анын ичинде АКШ да аны легитимдүү бийлик деп тааныган.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Aybekk
2011-08-29 19:00:55
Каддафинин убагында Ливия эли кандай жашоодо жашаганын билесинерби???? Адам баласына эч нерсе жакпайт дегени чын да... Эми Ливияда онойчулук менен тынчтык орнобойт. Каддафинин убагындагыдай жыргал жашоо да болбойт. Ливия эли Каддафини сагынышат... Мына коросунор!!!!!!
0
Aybekk
2011-08-29 19:07:53
Глубоко соболезнуем о смерти Хамиса Каддафи. Это война преступная. Инструмент безопасности ООН, стал преступным инструментом. Ясно, что после этой войны он перестанет существовать. Мы знаем, что правление "тирана" Каддафи.Это социальная справедливость и счастье народа ливии. Почему в России правит не Каддафи? В Ливии, благодаря Каддафи: ВВП на душу населения 14 192 $. На каждого члена семьи государство выплачивает в год 1 000 $ дотаций. Пособие по безработице 730 $. Зарплата медсестры 1 000 $. З
0
Aybekk
2011-08-29 19:11:14
За каждого новорожденного выплачивается 7 000 $. Новобрачным дарится 64 000 $ на покупку квартиры. На открытие личного бизнеса единовременная материальная помощь 20 000 $. Крупные налоги и поборы запрещены. Образование и медицина бесплатные. Образование и стажировка за рубежом за счёт государства. Сеть магазинов для многодетных семей с символическими ценами на основные продукты питания. За продажу продуктов с просроченным сроком годности большие штрафы и задержание подразделениями спецполиции. Ч
0
Aybekk
2011-08-29 19:12:30
Часть аптек с бесплатным отпуском лекарств. За подделку лекарств смертная казнь. Квартирная плата отсутствует. Плата за электроэнергию для населения отсутствует. Продажа и употребление спиртного запрещены «сухой закон». Кредиты на покупку автомобиля и квартиры беспроцентные. Риэлторские услуги запрещены. Покупку автомобиля до 50% оплачивает государство, бойцам народного ополчения 65%. Бензин стоит дешевле воды. 1 литр бензина 0,14 $. Почему в России нет такого "тирана" ? Почему при правлении Рос
0
Шаиста Шатманова
2011-09-01 10:57:51
Aybekk, Араб дуйносуно, мусулмандарга атайы булук салып жатышат. Бул АКШ баштаган ири державалардын былык иши. Натыйжада азабын тарткан баягы эле карапайым калк.
0
Aybekk
2011-08-29 19:14:18
Почему в России нет такого "тирана" ? Почему при правлении Россией Медведевым вдвое вырасили число долларовых миллиардеров и в десятки тарифы и цены на всё для простых людей?.
0
Aybekk
2011-08-29 19:21:15
Жогорудагыдай жашоо шартын дагы кайсы олконун башчысы тузуп бере алат??? Ливиялыктар "Бизде демократия жок!" деген созду туу тутуп ушул которулушко, согушка барышты. Болгону "Колдо бар алтындын баркы жок" деген соз! Кейиштуу!!!!!!!!!!!
0
Rostov-on-Don
2011-08-29 20:07:44
Aybekk, зерикпей ой жазыпсын го...
0
Aybekk
2011-08-30 13:49:07
Rostov-on-Don, Жаза турган тема болуптур да!
0
baibolot71
2011-08-29 20:36:24
Менин да ичим ачышат Кадаффинин бийлигин кетиргенине.Бул Американын батыштын жеке кызыкчылыгы учун, аларга нефти керек.Эми башы жок повстанчылар Кадаффи жок кантеер экен.
0
ayay
2011-08-30 20:41:29
Ээх качан адамдар онолобуз а? Чынында Ливия менен ишим жок болчу. Бирок адам баласына эч нерсе жакпайт экен. Президент начар болсо эбак биздикилерге окшоп кетмек. Бирок окунушот го оппозициянын балдарын залого алып алышы законго ылайык эмес. Ливия эли бир замандарда окуноор. Бирок элим деп соккон журоко бала 2чи роль жаратат да биздин Курманжан апабызга окшопЭэх качан адамдар онолобуз а? Чынында Ливия менен ишим жок болчу. Бирок адам баласына эч нерсе жакпайт экен. Президент начар болсо эбак биз
0
REKETIR
2011-09-01 02:49:47
америка менен россия мусулман олколорун бир бири менен уруштуруп оздору тамаша кылып жыргап жашашып келет аны сезгендер ото аз ойгнуш керек
0
baibolot71
2011-09-01 14:17:12
REKETIR, Келме кезек деген бар,2013 жылы Америка менен Россия согушат.Болгондо да ракеталар менен аткылашып.
0
Шаиста Шатманова
2011-09-01 18:45:52
baibolot71, Анда бизгеле жаман, Орусия менен согушуучу техникасын АКШ Манас аба майданга алып келе баштайт. Орусия болсо "чыгаргыла" деп бензин жактан бизге кысым корсотот. Ортодо кара чымынга эле жаман болобуз, Кудай сактасын!
0
Aybekk
2011-09-02 01:48:02
кадафидей президент тапайтго дейм
0
Kumarbek
2011-09-02 16:10:29
эх кудай сактасын
0
bakutboy
2011-09-03 18:35:56
Кан менен кылген хан баарыбир Кан менен кетерин башыбыздан эле откорбодукбу!!!
0
№ 460, 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан