ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Япония

ӨКМӨТ БАШЧЫ КЫРСЫК ҮЧҮН ИШТЕН КЕТЕТ
"Фукусима-1” АЭСинин авариясы жана башка кырсыктардын алдын албагандыгы үчүн Япониянын премьер-министри Наото Канга оппозиция тарап ишенбөөчүлүк жарыялаган. Бирок депутаттар добуш бере келгенде, демилге ишке ашпай калды. Наото Кан баары бир кырсык үчүн жоопкерчилик өз моюнунда экендигин билдирди. Ал: “Ишимди жакшы билбегендиктен, кырсык чоң кесепеттерге алып келди. Мен сиздерден кечирим сураймын”,- деди. Өкмөт башчы өлкөнү кайра ордуна келтирүү жана “Фукусима-1” АЭСиндеги авариядан улам жайылган радиациянын таасирин азайтуу иштери илгерилеп калганда бийликтен кетерин жар салды.

Сирия

Асад: “АКШНЫН КОЛ КҮЧҮГҮ ЭМЕСМИН”
Батыштын державалары АКШ, Англия, Германия жана Франция Сириянын президенти Башар Асадды кызматынан кетүүсүн талап кылышты. Буга Асад: “Алардын сөзү эч нерсеге тең эмес. Мени батыш өлкөлөрү президенттикке алып келген эмес, Сириянын эли шайлаган. Мен АКШнын кол күчүгү эмесмин”,- деп жооп берди. Андан сырткары 2011-жылы декабрда президенттик шайлоо болорун жана Сириянын Баш мыйзамына да өзгөртүү киргизилерин айтты. Эске салсак, Сирияда бийликке каршы көтөрүлүштөр 2011-жылдын март айынан бери уланып келүүдө. Оппозиция жана куралдуу күчтөрдүн кагылышуусунда 2 миңге жакын адам көз жумду.

Тажикстан

“АЛТЫН АМНИСТИЯ” ЖАРЫЯЛАНДЫ
Тажикстан эге­мен­дүүлүгү­нө карата түрмөдө отургандардын 15 миңге чукулун азаттыкка чыгарат. Анда өлүм жазасына тартылгандардан тышкары баары амнистияга туш болору айтылууда. Ошондой эле 1997-1998-жылдары куралдуу коогалаңга катышкандарды да бошотуу маселеси каралууда. Бирок анын уюштуруучуларына эч кандай жеңилдик да, бошотуу да жок. Бул амнистия өлкөнүн эгемендүүлүгүнөн бери жасалган рекорддук бошотуу деп аталып, Тажикстандын гезиттери бул көрүнүштү “алтын амнистия” деп жазууда.

Казакстан

ИНТЕРНЕТ БУЛАКТАРЫН ЖАБУУ АДАТКА АЙЛАНДЫБЫ?
YouTube видео тармагы, LiveJournal жана Liveinternet сыяктуу интернет тармактары Казакстандын бийлиги тарабынан буулуп, кысымга алынууда. Бийлик ал сайттарда террористтик жана экстремисттик маалыматтарды камтыган материалдар жарыяланып, түздөн-түз террордук ишке барууга жана жардыруучу заттарды жасоого үндөгөндүгү белгиленген. Бирок негизги себеп башкада, кыязы. Алсак, LiveJournal порталында Нурсултан Назарбаевдин мурунку күйөө баласы Рахат Алиевдин блогу бар. Кезинде Рахат Алиев менен президенттин ортосунда каржыга байланышкан чыр болуп, учурда Алиев чет өлкөдө жашайт. Алиев LiveJournal порталы аркылуу бийликке каршы компроматтарды жарыялап жүргөнү белгилүү.

АКШ

ООГАНСТАНДАГЫ АСКЕРЛЕРДИН БРОНЕЖИЛЕТИ ЖАРАКСЫЗ
АКШнын армиясы 5 миллион бронежилетти артка кайтарды. Мындай бронежилеттер Ооганстанда жана Иранда жүргөн аскерлерге да таратылган болчу. Бронежилеттер Пентагон жүргүзгөн тестирлөөдөн өтпөй калып, төштү октон сактоочу керамикалык пластиналарда жарака кеткени белгилүү болгон. Ошентип, бронежилеттин аскерлерди октон сактап кала албастыгы далилденген. Изилдөөнүн жыйынтыгында 2,5 миллионго келишим түзүлгөн 7 бронежилет тигүүчү ишкананын продукциясы жараксыз деп табылды. Буга чейин мындай териштирүү иши 2009-жылы да жүргүзүлгөн. Ага “The New York Times” гезити жазып чыккан макала түрткү болгон эле. Гезиттин маалыматы боюнча, 2003-2005-жылдары Иракта каза тапкан аскерлердин 80 пайызы төшкө атылган октон каза тапкан.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 460, 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан