Соттордун чечимине нааразы болуп жүргөндөрдүн саны жаздан кийинки козу карындай эле көбөйдү. Уулу бейкүнөө өлүмгө туш болгон Гүлмира эже да алардын катарын толуктайт.
«БААРЫ БАЗАРДАН БАШТАЛДЫ»
– Уулум Тынчтык 21 жашында киши колдуу болуп каза болду. 2011-жылдын 29-январь күнү эки уулум жылкы сатканга Караколдогу мал базарга жөнөшкөн эле (өзүбүз Жети-Өгүздөн болобуз). Уулдарымды бейкапар узатып, үйдө калгам. Улуу баламдын айтуусунда, алар базарга келгенде бирөөлөр келип “жылкыны 45 миңге бер” дешет, бирок эки балам тең макул болбой коёт. Кардарларды күтүп бир сааттай тургандан кийин улуу балам Тилек таксиге кийип турган ичигин салганга кетет. Кайра кайтып келсе, иниси да, жылкысы да ордунда жок. Алгач кардар чыгып калганбы деп ойлойт. Сураштырса, эч ким билбейт. Иниси менен жылкысын эки сааттай издейт. Базар аралап жүрүп, мал жүктөгөн машинада байланып турган жылкыбызды таанып калат. Малды сатып алган балдардан Тынчтыкты сураштырса, “аны билбейбиз. Жылкыны Алмаз аттуу бала алып келди” дешет. Айласы кеткен балам мага түнкү экиде телефон чалды. Жылкыны сатып алгандар дунган балдар экен. Милиция чакыртып, териштире башташат. Дунгандардын айтымында, Тынчтыктан Алмаз аттуу кыргыз жигит сатып алыптыр да, ошол эле базарда эки дунганга 36 миң сомго сатыптыр. Ошентип териштирип жатып, Тилек инисин издеп кеткенде жылкыбызды тигилер милиционердин уруксаты менен машинага жүктөп, Токмокко жөнөтүшөт. Таң атары менен мен да Караколдун мал базарына жөнөдүм. Келсем балам дагы деле табыла элек экен. Радиорубкадан 20 жолу баламды чакырттым, бирок балам келген жок.
«УУЛУМДУН ӨЛҮГҮН КУЧАКТАП КАЛА БЕРДИМ»
– Акыры милицияга барып “арыз жазалы” дедик. Бирок алар «биз саат 3кө чейин күтөбүз, ага чейин табылып да калышы мүмкүн» деп эч бир былк этишпеди. Сураштырып жүрүп, өлүкканага да жеттим. Кирип барганымда коридордо эки доктур «эртең менен саат 4:30да бир бала оор абалда түштү эле, жакындары издеп да келишкен жок, бала өлүп калды» деп бири-бири менен сүйлөшүп жатканы кулагыма суук угулду. Башымдан ылдый муздак суу куйгандай болуп кетти. Баламды издеп жүргөнүмдү айтсам, доктурлар «эже, ал сиздин балаңыз эмес» деп соорото башташты. Мен “кийимин көрсөткүлөчү” десем, “жүрүңүз” деп өлүктөр жаткан бөлмөнү көздөй басты. Алар алып келген кийим менин уулумдуку болуп чыкты. Ошондогу боздогонум, ай, андайды бир да эненин башына салбасын. Тынчтыгымдын муздак денесин кучактап кала бердим. Соттук медициналык экспертиза “башына катуу темир нерсе менен үч жолу сокку жегенден улам эсине келбей жатып каза тапкан” деген чечим чыгарып берди. Тынчтык табылган жерге таңга маал оперативдик топ келгенде балам тирүү экен. “Тез жардамдын” машинасына салып жатканда уулум «коё бергиле» деп сүйлөнүптүр.
«АЙЛАКЕРЛИК МЕНЕН КАНЫНЫН ГРУППАСЫН АЛМАШТЫРЫП...»
– Баламды жерге берип, келген-кеткендер үзүлбөй жатты. Ортодо тергөө амалдары жүрүп, жылкыны дунгандарга саткан ортомчу Алмазды суракка алып жатышты. Бир жума өткөн соң гана Алмаз аркылуу Рашид аттуу жигит Тынчтыктан жылкы алгандыгы аныкталды. Көп өтпөй Рашид аркылуу Рустам деген жигит пайда болду. Милиция кызматкерлери Рустамды машина айдап бара жаткан жерден кармашыптыр. Унаасын тинткенде 4 грамм наркотикалык зат табышкан. Рустам аны “милиционерлер атайлап ыргытып койду” деп моюнуна албай койгон. Суракта ал жылкыны бир тааныбаган адамдан сатып алганын, аны сүрөттөп берерин айткан экен.
Камакта 1 ай отурду, 1 айдын ичинде 4 адвокат алмаштырды. Тергөөчү суракка алганда оозунан лезвие алып чыга калып бетин тилип “милиция кызматкерлери моюнума бирөөнүн өлүмүн илгенге аракет кылып жатышат” деп айтам” деп аларды коркутуптур. Ал жигит мурда бирөөнү өлтүрүп соттолгон экен. Өзүм боздоп жатсам, бир милиционер “балаң мас болчу” деп жанымды кашайтат. Ал эми оперативдик топтогу балдар “балаңыз соо болчу. Ал коргонуп жатып эсин жоготуп койсо керек. Биз барганда “коё бергиле” деп сүйлөнүп жаткан” дешкен эле. Менин балам ичмек тургай тамекинин жытын да билген эмес. Соттук медэскпертизадан Рустамдын кийиминен табылган кан менин уулума таандык болуп чыккан. Бирок көп өтпөй шектүүнүн канынын группасы да менин уулумдукундай болуп «чыга келди».
«УУЛУМ ДА ТЫНЧ ЖАТА АЛБАЙ ЖАТАТ»
– Уулум кийин түшүмө кирди. Ал “ооба, апа, Рустам болчу, жанында дагы бирөө бар” деп дагы көп түшүнүксүз нерселерди айтып жатты. Жаныма отуруп алып, столдун үстүндө жаткан чоң плакаттагы толтура балдардын сүрөттөрүнүн ичинен мурду кырдач келген, кара тору баланы сөөмөйү менен көрсөттү. Мен эмес, жадакалса баламдын арбагы да тынч жата албай кыйналып жатат. Арадан канча убакыт өткөнү менен, тиешелүү органдар акыйкаттуу чечим чыгара алган жок. Балам он гүлүнүн бири ачылбай жатып киши колдуу болуп калды. Чындыктын изин таппай кыйналам. Тынчтык 20-июнда 21 жашка чыкмак. Бирок, тилекке каршы, бул туулган күнүндө баламдын бетинен өөп, жытын жыттап куттуктай алган жокмун. Аргам түгөнүп, айлам кетип, сиздерге кайрылып отурам. 30-январдан бери жаным жай таппай, какпаган эшигим калбады. Уулумдун бейажал өлүмүнө жооп берчү адамдар дале эркиндикте жүрүшөт.
ТЕРГӨӨ ИШТЕРИНЕН
Каракол ШИИБи козгогон кылмыш иши боюнча шектүү адам катары Темирбеков Рустам 6-февраль күнү саат 11:32 чамасында унаа айдап жүргөн учурда кармалган. Тинтүү учурунда айдоочу отурган орундуктун астынан 4 грамм гашиш табылган. Соттук-наркологиялык экспертизада да Темирбеков Рустамдын колунун жана оозун сүртүндүлөрдө (смыв) наркотикалык заттын компоненттери бар экени аныкталган.
Мирбек Таабалдиев
Каракол ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн
жетекчисинин орун басары:
– Белгисиз адамдар аркылуу токмок жеп, киши колдуу болуп Тынчтык аттуу жигит каза болгону чын. Тергөө иштеринен улам шектүү деп Темирбеков Рустамды камакка алганбыз. Бул жигит мурда да соттолгондугуна байланыштуу тажрыйбалуу экен. Биздеги далилдерди жокко чыгарып кетти. Камакка алууга негиз жетишсиз болгондуктан, областык соттун чечими менен ал аймактан чыкпайт делинип бошотулган. Тааныштыкпы же акча ойноп кеттиби, айтор, биздин илинчектердин баары жокко чыгарылып кетти. Иш жүрүп жатат, тиешелүү иш-чаралардын баары тең кызуу жүрүүдө. Учурда да илинчек бар, бирок биз аны азырынча ачык айтпайбыз. Буюрса, жакын арада айыпкер өз жазасын алат.
АКБ “Кыргызстан”
БИК: 103001
Өздүк эсеп: 1030120212016366
Байланыш телефондору:
Апасы Насарова Венера: 0778 66-55-79
Атасы Данияр: 0773 41-47-43.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg