Ар бир адамдын кылган ишине, жүрүм-турумуна карата эл тарабынан коюлган лакап аты болот. Бүгүнкү каарманыбыз Ален Робер дубалдарга жөргөмүштөй болуп жармашып чыкканы үчүн Жөргөмүш адам аталган. Ал аттын бекер коюлбаганын дайыма далилдеп келет.
АЧКЫЧТЫ УНУТПАГАНДА...
Ален Робер 1962-жылы 7-августта Франциянын Дигуэн шаарында төрөлгөн. Кичинесинде эле альпинист болгусу келчү. Бул нерсе жаш бала тургай дасыккан адистер үчүн да кооптуу болгондуктан, ата-энеси баласынын мындай ээн баштыктан алыс болушун каалап, куу чирендин альпинист болушуна каршы чыккан. Бирок Ален буга карабай аскага чыгуунун эрежелери менен жашыруун таанышып, аны үйрөнө баштаган. Максатына жетүү үчүн өз алдынча тынымсыз машыгат. Тынбай кылган аракетинин жыйынтыгында бүгүнкүдөй ийгиликтерге жетип отурат.
Анын жашоосундагы көңүл бурарлык окуя 11 жашында болуп өтүптүр. Бул куракта ал эшик алдынан кокусунан эле ачкычын үйгө унутуп калганын эстейт. Ачкычты алуу үчүн үйүнө көтөрүлүүгө туура келгенде ойлонуп отурбастан, 8-кабатка чейин дубал аркылуу чыгып барган. Муну анын өмүрүндөгү эң алгачкы бийиктикти багынтууга шилтеген кадамы десек жаңылышпайбыз. Эгер ачкычты унутуп калбаганда, Ален “Жөргөмүш адам” атка конот беле, айтуу кыйын.
11 жашында 8 кабатты багынткан Жөргөмүш адам “рактан өлгөнчө имараттан учуп өлгөн жакшы” деп эсептейт.
ТАСМАДАН КИЙИН БАШТАЛГАН СПОРТ
1994-жылы бир демөөрчү ага документалдуу тасмага тартылуу сунушун айтат. Ал тасмада Ален Чикагодогу «Сити-банктын» башкы кеңсесине жармашып чыгып тартылмак. Ага тартылуу менен Робер жашоосунда камера алдында биринчи жолу имаратка жармашып чыккан. Так ушул нерсе анын жашоосуна бурулуш жасаган учур болгон. Себеби ушул тасмадан кийин дайыма бийик үйлөргө жармашып чыгууну адат кылып алат.
Дүйнөнүн кайсы жеринде бийик үй же монументтер болсо, аны багынтууну максат кылган каарманыбыз көп өлкөнү кыдырып чыккан. Азыркы кезде анын изи дүйнө жүзү боюнча 80ге жакын имараттын чатырында бар.
2004-жылы Тайвандагы Тайбей мунарасына чыгууга (бийиктиги 508 метр) 4 сааттай убакыт коротсо, Кытайдагы Цзиньмаого (420 метр) көтөрүлүүгө 1,5 саат жетиштүү болгон.
ТЫНЫП-ТЫНЧЫБЫГАН ЖӨРГӨМҮШ
"Француздардын жөргөмүш адамы" деген лакап ат менен таанымал Ален 2010-жылдын 30-августунда австралиялык полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Себеби каскадёр Сиднейдеги 57 кабат имаратка тиешелүү тараптын уруксатысыз эле өзүм билемдик менен жармашып чыгып жөнөгөн. Төмөндө анын жоругуна таң калгандар кол чабуу менен коштоп турушса, имараттын чатырында аны тартип сакчылары күтүп турушкан. Качан ал үйдүн үстүнө чыкканда 48 жаштагы ээн башты тартип сакчылары тосуп алышкан. Бирок мындай окуялар француз каскадёру үчүн биринчиси эмес. Буга чейин ал Шотландиянын Падышалык банкынын 41 кабат имаратына чыгууга аракет жасап, анысы үчүн 750 доллар айып төлөгөн.
Анын бийликтин жана курулуштун ээсинин уруксаты жок эле имаратка чыкмайы бар. Ошондуктан эң бийик курулуштардын төбөсүнө чыгуусу дайыма тартип сакчыларынын колуна түшүү менен аяктайт. Бирок мындай нерселер Жөргөмүш адамдын кумарын токтото албай келет.
Мындан тышкары Робер Париждеги Эйфель мунарасына, Сан-Францискодогу Алтын дарбаза көпүрөсүнө, Гонконг, Мехико, Шанхай, Абу-Даби, Киев, Сидней, Лондондун бийик үйлөрүнө жармашып чыккан. Так ушул өнөрүнүн аркасында Ален Робер “Гиннесстин рекорддор китебине” киргизилген. Учурда анын аракетин кайталаган атаандаш адам чыга элек.
ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ БИЙИК ИМАРАТТЫ БАГЫНТУУ
Планетадагы асман тиреген имараттардын баарын багынткандан кийин Жер шарында Ален чыкпаган бир гана имарат калган. Ал – Дубайдагы Бурж Халифа мунарасы (бийиктиги 828 метр).
Табиятынан кандай тоскоолдук болсо, аны багындырууга умтулган Жөргөмүш адамдын мунараны багындырууга болгон аракети 2011-жылдын 28-мартына туш келген. Бул жерден мунаранын өзгөчөлүгүнөн улам уюштуруучулар Роберге сактагыч каражаттарын (страховка) колдонууну талап кылышкан. Мурунку алган жаракаттарын эске салган адамдар “Ален Бурж Халифаны багынта албайт” деп да ойлошкон. Бирок 6 сааттан ашык убакытта Дубайдагы 828 метрлик мунарага чыгуу менен өз наамына айтылган сөздөрдү төгүнгө чыгарды. Жөргөмүш адамдын коопсуздугу үчүн төмөндө “Тез жардам” кызматы күзөттө турган. Окуяга жүздөгөн адамдар күбө болгон. Ален Дубайдан эч кандай кырсыксыз кайткан.
БИР АЖАЛДАН АМАН КАЛГАН
"Медалдын эки бети бар" демекчи, анын ийгиликтерин кырсыктар, кокустуктар да коштоп жүрөт. Алсак, 1982-жылы жазында Ален Валенстеги аскага көтөрүлүп баратканда арканы үзүлүп кетип, 15 метрден кулап түшкөн. Натыйжада муруну, баш, алакан, жамбаш сөөктөрү, чыканагы, согончогу сынып, мээси чайкалган да, 5 күн комада жатып калат.
Жыгылуудан алган сыныктарынан улам анын майып болуп калуу коркунучу 60 пайызга чукул болгондуктан, дарыгерлер аны кайра альпинист боло албайт дешкен. Бирок Ален бул айтылган коркунучтун бардык баскычын өзүнүн эрктүүлүгү менен жеңип чыга алган.
2011-жылы май айында Стамбулдагы Сапфир (бийиктиги 261 метр) имаратына чыгып баратканда дубал бетиндеги техникалык майдын айынан буту тайып кеткен. Бул жерден анын аман калышынын башкы себеби сактагыч каражаттары менен болгон. Буга чейин ансыз эле иш кылып келген Аленге түрк бийлиги сактагыч каражаттарын колдонууну талап кылган эле. Ошентип, ал Түркияда бир ажалдан аман калган.
АЯККЫ СӨЗ ОРДУНА
Эгер Давид Белль паркурдун негиздөөчүсү болсо, Ален паркур спортунун бир багыты болуп саналган билдерингдин (дубалдарга, аскага чыгуу түрү) “атасы” катары таанымал. Жөргөмүш адам альпинизм деген спортко таптакыр жаңы түшүнүк алып келди. Тактап айтсак, альпинист дегенде анын иши жалаң тоо-таш, аска боорлорунда жүрүү деп келишкен. А бирок каарманыбыз альпинист болуу үчүн сөзсүз түрдө аска-зоо керек эместигин, керек болсо шаарлардагы асман тиреген имараттарды аска катары колдонсо болорун иш жүзүндө көрсөттү. Ушунусу менен ал “шаар альпинизми” деген түшүнүктү пайда кылды.
Эрлан Нурманбетов
koom@super.kg