Сунушталган акчанын аздыгынан улам украиналык мушкер Виталий Кличко менен беттешүүдөн баш тартып койгон орус гиганты Николай Валуев чоң саясатка аттанат. Жыл ичинде колуна 2 ирет операция жасатканын жана тизесинде да көйгөй бар экенин кошумчалоо менен спорттон кетүүгө кам уруп жатканын билдирди. “Саясатта өзүмдү сынап көрөм. Эгер депутат болсом, бокско кайтпайм”,- дейт өз сөзүндө мушкер.