Испаниянын «Хетафе» футболдук клубу өз күйөрмандарынан бел сууларын донор катары тапшырууга чакырган акциясын баштады. Акция «Канча көп болсок, ошончо күчтүү болобуз» деген аталышты алып, максаты күйөрмандардын санын арттырууга багытталган. Кызык, «Хетафенин» күйөрманынын баласы да атасынын командасына жан тартат дегенге кепилдик жок да. Океңдер, “о вкусах не спорят” деп койчу беле? Не дейбиз, “Хетафенин” күйөрманы болсоңуз, токтоп турчу учур эмес, шашылыңыз!