23-августта Кытайдын Шэньчжэнь шаарында студеттер арасында Бүткүл дүйнөлүк универсиада оюндары аяктады. Ага бизден 6 студент катышып келди. Алар: Мамытбек уулу Нурсултан (жаа атуу спорту боюнча, 52-орун), Асел Шаарбекова (жаа атуу, 44-орун), Айнура Шаршембиева (көркөм гимнастика, 27-орун), Алимжан Тажиев (таэквондо, 20-орун), Саида Кудусова (стол тенниси, 33-орун), Руслан Исмаилов (ок атуу, 10-орун).
Негизинен, атаандаштык катуу жүрүп, кытайлык студент-спортчулар жалпы 308 медалдын 145ин утуп, (75 алтын, 39 күмүш, 31 коло) кожоюндук озуйпасында турушту. Ал эми алдыңкы бештикте Орусия (жалпы медалдарынын саны 132), Түндүк Корея (79), Япония (87) жана АКШ (50) бар.