Жакында композитор, журналист Түгөлбай Казаков агайыбыз өзүнүн 60 жылдык мааракесине белек тартуулай алды. Ал 20-августта Бишкектеги “Соң-Көл” тойканасынын бильярд залында бильярд боюнча КТРКнын кызматкерлери арасындагы өткөн мелдешти жеңип, кубок жана 5000 сом акчалай сыйлыкка арзыды. Мелдешке 40 бильярд сүйүүчүсү катышып, аталган уюмдун жетекчилигинин демилгеси менен жеке ишкер Жамалбек Ырсалиевдин демөөрчүлүгүндө уюшулду.