Кыргыз болсок да, спорттук сүрөөн башка тилде жүрөрү жалган эмес. Бул көрүнүш токтойт белем, Хамза Латипов аттуу спорт сүйүүчүсү спорттук темаларда обондуу ырларды жаратты. Ал бизге “Бокс”, “Футбол” деген ырларын угузуп, азыр жандуу, шык бере турган ыр жок болгон үчүн спорт темасына кайрылганын билдирди. Юристтик кесибин таштап, чыгармачылыкка аттанган агабыз спорттон тышкары насаат, мекен темаларында да ыр жазарын айтат. Ыр жазууга 1999-жылы Баткен окуясына катышып, мекен коргоп келгени дем берип келет экен. Аталган ырларды www.super.kg сайтынын Медиа-порталынан уга аласыздар.