Өмүрбек Текебаев, «Ата Мекен» партиясынын лидери: «КЕМЧИЛИГИМ – ТОЛУК САЯСАТЧЫ ЭМЕС, АДАМ БОЙДОН КАЛГАНЫМ»

Журналисттер менен өз ара сүйлөшүп калганыбызда эле саясатчыларды сөз кылуудан баштайбыз. “Маектешүүдөн чочулап качкан”, “кыйратып жооп бере албаган” же “дайыма байланышуудан качпаган” деген топторго бөлүп калабыз. Өмүрбек Текебаевди акыркы топко киргизебиз. Ал – журналисттердин сүймөнчүк респонденти. “Ата Мекендин” лидери өзүн табияттан түнт кишимин дегенине карабастан, маегибиз ачык форматта өттү.

– Өмүрбек мырза, маегибизди шайлоо боюнча баштасак. Былтыркы жылы өткөрүлгөн референдумдан соң Кыргызстан жаңы башкаруу түрүн тандап, парламенттик система орнотулду. Сизди “өлкөдөгү парламентаризмдин атасы” деп да атай башташты. Өзүңүз президенттин ыйгарым укуктарын, бийлигин болушунча кыскартууга демилгечи болуп туруп, эмне үчүн ушул кызматка ат салышууга бел байладыңыз?
– Быйыл Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 20 жылдыгы. Бул баскычта өлкө жаңы жана сапаттуу өзгөрүүлөргө өткөнү турат, анткени бизде саясий система өзгөрдү. Башкаруунун парламенттик системасы орноду. Бирок бул башталышы гана. Себеби ал үрп-адатыбызга сиңип, жаңы саясий элита пайда болушу керек. Бул узакка созулган татаал процесс. Жаңы кылык-жорукту, жаңы мүнөздү калыптандыруу – сөз менен эмес, иш жана күрөш менен боло турган нерсе. “Ата Мекен” бул идеяларды ишке ашыруу үчүн тынымсыз иш үстүндө болушу зарыл. Биздин партия быйылкы президенттик шайлоого катышуусу керек деп чечим кабыл алды. Биз мансап, кадыр-барк, даңк үчүн шайлоого катышып жаткан жерибиз жок. Аны 20 жылдык топтоп келген тажрыйбабызды мындан ары улантуунун бир жолу деп кабыл алдык.
Бүгүнкү президенттикке талапкерлердин баары “президенттин бийлигин көбөйтөм”, “кызыл камчы саясий системаны алып келем” деп жатышат. Алардан айырмаланып, “Ата Мекен” президенттин бийлигин күчөтпөй, тескерисинче, аны азайтып, буга чейин кабыл алынган саясий системаны орнотууну максат кылат. Президент – эбегейсиз таасирге ээ саясий фигура. Ал мурункудай акимдик же буйрук берүү жолу менен эмес, стратегиялык демилге жолу, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жолу менен өлкөдөгү саясатка аралашат. Андан башка мамлекет башчы Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнүн, элинин биримдигинин кепилдиги болот.
– Ажо болгусу келгендердин саны 80ге жеткенин кандай кабыл алдыңыз?
– Талапкерлерди 3 топко бөлөм. Биринчи – өткөндү эңсеген, реваншисттик маанайдагы эски системаны каалагандар, экинчи – азыркыны колдогон, Кыргызстанды мындан ары келечекти карай өнүктүрөбүз дегендер, үчүнчүсү – кыргызча айтканда, жөн эле талапкерлигин койгон адамдар. Реалдуу коомдо таасири барлар биринчи жана экинчи топтон чыгат. Экинчиден, талапкерликке атын чыгаруу үчүн барышы мүмкүн. Үчүнчүлөрү – эл дүрбөсө, кошо дүрбөп чыккандар.
Саны боюнча аны мыйзам менен кыскартып коюуга менде мүмкүнчүлүк болгон. Бирок биз жаңы системаны куруп жатабыз. Эгерде күрөөнүн өлчөмүн көтөрүп койсок, маселен, 5 миллион сомго чейин дейли, эртең эле “бул капчыктуулар менен олигархтар үчүн демократия” деген сөз айтылмак. Ошондуктан демократиялык кырдаалдагы шартты жөнөкөйлөштүрдүк. Мисалы, мурун 50 миң кишиден кол топтоо зарыл болсо, азыр 30 миң. 100 миң сомдон турган күрөөнү да орто оокаттуу адам таба алат. Мен талапкерлердин көптүгүн "демократиянын балалык оорусу" дейм.
– Былтыркы шайлоодо революциячыл партиялар реваншисттик партиялардан аз добуш алып калганында эксперттер “7-апрелдин кожоюндары бир партиянын желегинде барышы керек болчу” деп чыгышты. Бул сапар деле андай болгон жок. Атамбаев, Сариев же Бекназаров өңдүү саясатчылар менен тандемдеш болууга сизге эмне тоскоолдук кылат?
– Шайлоого катышып жаткан күчтөрдү экиге бөлүп карасак болот. Алга сүрөгөн прогрессивдик жана артка тарткан регрессивдик күчтөр. Революциячыл деп аталган партиядан экөө талапкерлигин койду. Мен жана Атамбаев. Алмазбек мырзада өлкөдөгү процесстерге реалдуу таасир бере ала турган кызматы бар деп эсептейбиз. Азыркы саясий системада премьер-министрлик – эң чоң кызмат.
Биз жоопкерчиликтен качкан жерибиз жок. Бир бийликтен качып, экинчи бийликти көбөйтөлү дебейбиз. Парламентте оппозициялык партия катары таасирибизди күчөтүүгө болгон аракетибиз – мыйзам ченемдүү көрүнүш.
– Июнь окуясы сиздин саясий жолуңузга кара из калтырды. Эмнеден улам “Текебаев түштүктү сатты” деген кеп тарады же оппоненттериңиз атайын чыгарып, күчөткөн жөө жомокпу?
– Ызаланган жана өч алгысы келген адамдын акыл-эси тумандап, аң-сезими чектелип калат. Жеке көз караштуу адамдар жоголуп, анын ордуна окшош сүйлөгөн, топ болуп жүргөндөр пайда болду. Ошол учурда мага байланыштуу түрдүү ушактарды таратышып, алар ийгиликтерге жетишишти. Бирок мага коюлган күнөөлөрдүн баары соңку бир жылда 6 комиссиянын чыгарган жыйынтыгы менен төгүндөлдү. Тилекке каршы, “мифтердин” аягы көрүнбөйт. Кыргыздар “ушактын өмүрү кыска” деп коюшат, бирок бул ушактар улам жаңыртылып-күчөтүлүп отурат. Азырынча буга ишенгендердин саны арбын.
“Ата Мекен” 20 жылдан бери күрөшүп келе жатат. Заман алмаштырабыз, муун алмаштырабыз деген партиябыз. Андыктан адашкандар бир жылдан кийинби же он жылдан кийинби, жаңылгандыгын сезишет. Туура жолдон тайган адам кайрылып, ал жолду сөзсүз табат.
– 7-апрелге чейин оппозицияда жүрүп, революциядан кийин бийликте, парламенттик шайлоодон соң кайрадан оппозицияга кошулдуңуз. Дайыма эле оппозицияда болуу тажатпайбы?
– Бул жашоо образга айланды. Эгерде андай болбосо, оппозицияда болууга адам көпкө чыдабайт, тез эле майтарылат жана өз позициясын өзгөртөт. Бүгүнкү бийликтегилер Акаевге, Бакиевге, Отунбаевага да кызмат кылып келишет. Эртеңки ажого деле кызмат кылалы деп даяр турушат. “Ата Мекен” төрт президентке: Масалиев, Акаев, Бакиев, Отунбаевага да туура эмес кылса, кызматка кызыкпай, анын ката экендигин ачык айтып келген. Башкалардан айырмабыз ушул.
– Сизди принципиалдуу, туруктуу жана эмоционалдуу дешет. Өзүңүз кайсы сапатыңызды жетишкендик, ал эми кайсы сапатыңызды кемчилик деп билесиз?
– Парламенттик шайлоодон кийин партиянын ветерандары чогулдук. Утулганда себептер чыга берет, утканда керек болсо кызыл лентаң да жакшы болуп чыга келет. Жеңиштин “атасы” көп, жеңбей калсаң, бирөө эле жооп берет. Кыскасы, мен жооп беришим керек. Ветерандар: “Өмүке, негизги кемчилигиң – сенин биротоло саясатчы болбой, адам бойдон калганың”,- дешти.
Эгерде мен саясатчы болгондо, партияны эски мүчөлөрү менен калтырбайт болчумун. Ошол кезде Бакиевден качып-бозгондордун баары эшигибизди каккылап келишкен эле. Аларды кошподук, ал аз келгенсип, аларды "камайбыз, оңдурбайбыз" деп өгөйлөдүк. Максат сөзсүз эле жеңиш болсо, куулук жана принцибиңди убактылуу чөнтөккө салып коюу менен жетмекпиз. Муну утулушубуздун себеби десек да, ошол учурдагы күчтүүлүгүбүз, бекемдигибиз десек да жарашат.
– Кээде апталап эч кимге сүйлөбөй, тышкы дүйнөдөн алыстап кеткен учурларыңыз болот дешет. Мындай абалдан чыгууга эмне жардам берет?
– Сырттан ошондой сезилсе керек. Мен депрессияга түшпөйм. Жакшы уктап алсам эле мурунку абалыма келем. Табиятыман түнтмүн, адамдар менен бир нече жумалап сүйлөшпөй калышым мүмкүн, бирок тар чөйрөдө андай эмес. Саясий же психологиялык сокку экенине карабастан, негизги өзгөчөлүгүм – бат эле өзүмө келгеним.
– Мисалы, парламенттик шайлоодон кийин Камчыбек Ташиевди биринчилерден болуп куттуктаганыңыз...
– Жогоруда айтылгандай, мен жаңы системанын демилгечилеринин биримин. Анын иштеп кетишине өзүмдү түз жоопкермин деп эсептейм. 20 жыл мурун окуучуларыма кандай жооптуу болсом, азыр жаңы саясий маданияттын калыптанышына да жоопкерчилигим чоң.
Ал эми Камчыбек Ташиев менен жаш кезинен таанышмын. Ташиевдин өзү эле эмес, анын апасы дагы ондогон жылдар бою мени колдоп жүрдү. Алар менин колдоочуларым жана шайлоочуларым болгон. Азыр Ташиев өзүнчө саясий түтүн булатып, чыйыр жол салып турат. Аксакал катары бардык башталышка ийгиликтүү болсун деген тилегимди билдирем да.
– Эртең менен көнүгүү жасайсызбы?
– Сейрек. Мурун чуркачумун. Анын үстүнө бүгүнкү абалым көп убакта тоскоол болот. Азыр көчөдө чуркап жүргөнүмдү элестете албайм. Кырдаалга жараша жан сакчылар менен чогуу жүргөнгө туура келет.
– Эң оор мүнөттөрдө арманыңызды кимге айтасыз?
– Кубанычымды көп киши көрөт, бирок арманымды уккан бир эле киши бар, жубайым Айгүл. Башка кимге айтасың? Биз саясатчыбыз. Бирөөгө чын дилден арманыңды, ойлоруңду жана күмөн саноолоруңду айтсаң, эртең сага каршы пайдаланышы мүмкүн.
– Жакын адамыңызга берилген кайсы сөздү аткара элексиз?
– Төрт-беш жыл мурун балдарыма балык кармаганга алып барам деп сөз бергем. Анда алар кичинекей эле, азыр бойлору мендей болуп калды. Тилекке каршы, дале балык уулаганга бара элекпиз. Ошол убадамды аткара албай жүрөм.
– Шайлоодо негизги атаандаш катары кимди көрөсүз?
– Эки жума мурун Атамбаев менен жолугуп калдым. Абдан ток пейил жана төрө пейил көрүндү. Алмазбек мырза: “Жакында иликтөөлөр жүрүп, биздин рейтинг жакшы чыгыптыр, 31 пайыз”,- деп калды. Анан мен: “Былтыр ушул маалда мен дагы рейтингдерди карап отурган элем”,- деп коштодум. Жаныбызда тамак ичип жаткандар бырс күлүп, какап кала жаздашты. Муну менен негизги атаандашты убакыт, кырдаал аныктаарын айткым келет.

Эльвира Караева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Өмүрбек Текебаев:"Кемчилигим толук саясатчы эмес, адам бойдон калганым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
zamko
2011-08-29 23:59:57
ech kimisi kiyratpayt kudaydan korkkula kirgizdar
0
Мика
2011-08-30 12:57:34
Ушул чиновниктердикиндей занкайган имараттарды ижарага берсем, ишкана иштетсем мен жон эле коймокмун, президент болом деп баш оорутпай. Текебаев же чыныгы саясатчы же байлык дегенин коз тойдурбайт окшойт улам кызыга берип. Айлыктан башка байлык жок, квартирада жашайм дегендерге кыжырым келет менин. Баары озу учун,эч ким элди ойлобойт, мен эч кимди колдобойм, коргобойм дагы. Антени чыныгы эл деп куйгон азаматты коро элекмин саясатта!
0
Debi
2011-08-30 13:07:12
Кучтуу адамдар гана озунун чыныгы атаандашын тааный алат. Ушундай уюткулуу создорду угуп эле отургун келет. Ушундай такшалган саясатчы гана "демократиянын балалык оорусу" деген сыяктуу таамай айтылган аныктамаларды бере алат. Ийгилик болсун, ушунунуздан жазбаныз, озунуз!
0
Dollar
2011-08-30 16:35:33
Omurbek baykenin chynchyl sayasatchy ekenin baary bilet, birok bayaki videosu kadyr barkyna tuzuk ele iz kaltirip koydu go...
0
naklysA
2011-08-30 19:27:02
супер меге силер текебаевди жаза бересинееер?
0
alayflower
2011-08-31 02:58:10
naklysA, jakshy korso jazat da sizge toskool bolup jataby?jakpai jatsa okubai ele koiunuzdar
0
Maxatbek
2011-08-31 12:04:07
Мен Кыргызстанымда болгонумда албетте Текебаевди колдоп добуш бермекмин,кандай калчасанар озунор билгиле,бирок О.Текебаевдин башка кандидаттардан,саясатчылардан анча эле айырмасы бар,биздин келечегибизди колуна тапшырганга болот демекчимин.
Бул-менин жеке пикирим.Келебаев М.
0
Debi
2011-08-31 12:46:30
бирок, мен десем... бырс кулуп... какап кала жаздап дегендериниз эмне? Омурбек байке, буга да озунуз гана таамай аныктама бере аласыз деп ойлойм :)
0
Zverchik
2011-08-31 14:52:03
Ар бир кишиде кемчилик бар, бул кишинин кемчиликтери көбүраак. Айта кетсем Кыргыздын Боз Үйүн жана азыркы убактагы желегин өрттөгөнү. Мен бул адамга ишенбеймда колдобоймда! Ар бир кишиде кемчилик бар, бул кишинин кемчиликтери көбүраак. Айта кетсем Кыргыздын Боз Үйүн жана азыркы убактагы желегин өрттөгөнү. Мен бул адамга ишенбеймда колдобоймда!
0
Debi
2011-08-31 18:37:19
Zverchik, качан каяктан орттоду эле? Жалган жалаа жабуу - чон куноо.
0
ulutbek
2011-08-31 23:41:07
Бул киши кандай адам болбосун,билими ото жогору.Мындай билимдуу адам Кыргызстан боюнча 2-3чо эле.Бул киши президент болгону жарайт.5-жыл президент болуп,Кыргызстанды кичине туура жолго салып,анан озу жакшы билген,озунун козу жете турган адамга откоруп бериш керек.Элцин Путинди алып келгендей.Бул киши кандай адам болбосун,билими ото жогору.Мындай билимдуу адам Кыргызстан боюнча 2-3чо эле.Бул киши президент болгону жарайт.5-жыл президент болуп,Кыргызстанды кичине туура жолго салып,анан озу жакшы
0
ulutbek
2011-08-31 23:41:58
чыныгы саясатчы.
0
kutush
2011-09-03 18:28:31
Кыргызды бугунку тунгуюуктан алып чыкчуу инсан. Текебаев Кыргыз саясатында эле эмес дуйнолук саясатта орду бар саясатчы. Сизге ишинизге ийгилик каалайм. Чын ден соолукта болунуз. Уй -булонуз менен тынчтык аманчылыкта журунуз.
0
Gang_UTK
2011-09-03 20:48:25
Кыргызстанды кичине бутуна тургузуп не зарил, тургузса бир жолу тургузсун же болбосо тооолук бутуна тургузатурган адамдар бар, ал адам Нариман Тюлеев!!! А бул адамдын (Текебаевдин) кандай адам экенин жакында билесинер Жылдыз Молдошеванын оздук видеосунан (Июнь айындагы улуттар арылк коогаланы)!!! Туугандар кандай адамды тандап шайлап жатканыбызды билели!!!
0
voin
2011-09-03 21:27:09
кыргызстан бул 20 жаштагы жаш бала, бул баланы башынан тарбиялап остургон киши бул Текебаев, кыргызстанды башка улуу олколор менен салыштырбагыла кыргызстаныбыз эми бой жетип кучко толот.
0
Ulukbek83
2011-09-04 15:50:33
Текебаев толька артка тартат, кун карамадан айырмасы жок, кун кайдан чыкса ошол жака карайт, ушундай адам кантип АЖО болсун, такыр болбойт. Тулеев, Ташиев, Мадумаров мына ушулар татыктуу.
0
bodr_89
2012-04-25 13:56:49
Ulukbek83, Эс алчы!!!!! озун кун карамасын го дейм...... Козду чон ачып жана чындыкты суйлой журсон!!!! Сенин оюн боюнча Тулеев,Ташиев жана Мадумаров кыйратабы......??? Алар менен чогуу жашайсын го,алардын татыктуу экенин билгенине караганда )))))
0
bodr_89
2012-04-25 14:01:17
Азаматсыз!!!!!!!!!!!!!!!! Сизди, сиздин эмгек-аракетинизди абдан сыйлайм!!!!!!!
0
№ 460, 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан