СӨӨК СЫНГАНДА, МУУН ЧЫККАНДА КАНТИП ДАРЫЛАШАТ?

Таяныч-кыймылдаткыч аппараты тууралуу...
Биздин сөөгүбүз муун, тарамыш, булчуң, булчуң байламталары менен чогуу таяныч-кыймылдаткыч аппаратын түзөт. Мунсуз адамдын кыймылдап басышын, иш кылуусун, тамак ичүүсүн элестетүү мүмкүн эмес. Бирок, автокырсыктан же байкабай бийиктиктен кулап кеткендеби, айтор, түрдүү себептер менен таяныч-кыймылдаткыч аппаратынын бири жаракатка кабылат. Жаракаттардын ичинен алгач сынууга кездешкен түрүн сөз кылалы.
Сынык
Сыныкка туш болуунун себептери
Травматология бөлүмүнө кышында көбүнчө муздан тайгаланып колу-буту сынгандар түшсө, жайкысын көбүнчө машиналарын жогорку ылдамдыкта айдоо менен автокырсыкка учурап, айрым жерлерин сындыргандар же жаракага кабылткандар түшөт. Мындан тышкары, жайкысын курулуш иштери кызуу жүргөндүктөн, бийиктен кулап кетип, сыныкка туш болгондор келишет. Мас болуп мушташкандардын көбүнчө бет сөөктөрү, тепкилөөдөн кабыргалары сынат. Аталгандардан тышкары да сыныкка кабылуунун көптөгөн себептери бар экенин айта кетели.
Сыныктын түрлөрү
Сөөктүн ачык жана жабык сынуу деген түрлөрү бар.
Эгер сөөк менен кошо сыртындагы териге зыян келсе, анда бул сөөктүн ачык сынган түрү деп аталат.
Эгер сөөк сынган менен териге зыян келбесе, анда сыныктын жабык түрүнө кирет.
Сынууга көбүнчө кашка жилик, ийин жана кызыл ашык, шыйрак сөөктөрү учурайт. Остеопороздо (кальцийдин жетишпестигинен келип чыккан сөөктүн борпоңдугу) да сөөктүн сынуулары келип чыгат. Сөөктүн сынганы билингенде өз алдынча аракет кылбай, жабырлануучуну дароо ооруканага алып баруу кажет. Ооруканада врач жабырлануучуну текшерип көргөн соң кандай клиникалык-лабораториялык ыкма керек экендигин аныктайт.Сыныктын жеңил түрүндө кээде рентгенге тартуунун кереги деле жок. Ал эми анын орточо жана оор түрүндө сөөктүн кандайча сынганын так билүү үчүн рентгенге тартуу талап кылынат. Рентгендин жыйынтыгына жараша диагноз коюлат.
Шашылыш операциялар кандай учурда жасалат?
Сөөк ачык сыныкка учураганда.
Сөөктүн жабык сыныкка учураган төмөндөгүдөй түрлөрүндө:
1. Эгер сөөк сынганда кан тамырларды, нервдерди кысып калса;
2. Сөөктүн майдаланып кеткен майда сыныктары терини тешип чыгып калса же сөөктүн багытынан тетири багытта туруп калса, шашылыш операция жасалат.
Пландуу түрдө (шашылыш эмес) жасалган операциялар
Сөөк сынган жерлерде көбүнчө эт шишип чыгат. Ошол шишик тарагандан кийин 3-12 күндөн соң операция жасалат.
Сөөк сынып, ордунан жылып кеткен болсо, врач тарабынан ордуна коюлат. Анан сөөк өсүп, сыныктар бүтөлүшү үчүн скелет чоюлат. Көбүнчө кол-бут сөөгү сынса, сынган жерден ылдыйраак жерден көзөп, ал жерден өткөзүлгөн ичке темир зымга 5-12 килограмм жүк артылып коюлат.
Сөөк жабык сынганда сөөк ордуна коюлуп, операцияга чейин жылышып кетпөөсү үчүн гипстелет. Кийин операция жасалат.
Операцияда колдонулуучу ыкмалар Интрамедуллярдык остеосинтез
Мында сөөктүн каналына (чучукка) темир салынып бекитилет. Көбүнчө кашка жана жото жиликтин ачык жана жабык сыныгында колдонулат (1-сүрөт).
Сөөк сыртынан жасалуучу остеосинтез
Мында бетинде тешикчелери бар түрдүү узундуктагы, жазылыктагы, калыңдыктагы пластинкалар колдонулат. Алар сөөккө сыртынан винттер менен бекитилип коюлат (2-сүрөт).
Компрессиялык-дистракциялык остеосинтез
Сөөктү кысуу (компрессия) же чоюу ( дистракция) жаатында колдонулат. Сөөктүн тубаса дефор­мациясында (буттун кыйшыктыгында, бир буттун кыскалыгында) бутту узартуу жаатында да колдонулат. Аппарат сыртынан сөөктү көзөп өткөн темир (спица) бекитилген металл шакекчени элестетет. Шакекче механикалык стержендер менен бириктирилген. Стержендер жылдырылып турууга ылайыкташкан (3-сүрөт).
Эндопротездөө
Чоң муундар майдаланып сынып кетип, аны операциялык жол менен чогултууга мүмкүн болбогондо жасалма муун салынат.
Жасалма муундар биоматериалдардан, мисалы, титандан, болоттон, дат баспай турган таза металлдардын аралашмасынан жасалат. Кыргызстанга көбүнчө Италиядан, Франциядан, Америкадан, Германиядан чыгарылгандар келет(4-сүрөт).
Айта кетчү нерсе, операция учурунда сынган жердеги нервдердин үзүлгөнү байкалса, анда операцияга микрохирургдар чакырылышат. Алар нервдерди улап тигишет.
Сөөккө жарака кеткенде...
Сөөккө жарака кеткен менен, ордунан жылбаса, анда гипс коюлат. Учурда гипстин ордуна атайын жасалган сөөк карматкычтар колдонулат.Алар синтетикалык материалдан жасалат.
Муун чыкканда...
Жабырлануучу кадимкидей операция столуна жаткызылып, наркоз берилип, муун салынат. Айта кетсек, эң чоң делген жамбаш сөөктөрүнүн мууну да операциясыз салынган учурлар көп. Эгер муун салынбай турган болсо, анда операция жасоо керектелет.
Тарамыш, байламталар үзүлгөндө...
Мындай учурда биоматериал колдонулуп, үзүлгөн жерлер улаштырылып тигилет. Биоматериалдар (жиптер) көбүнчө лавсандан жасалат.

Материалды даярдоого салым кошкондугу үчүн Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун №1 травматология бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илиминин кандидаты, доцент Анаркулов Бектур Суйөркуловичке
ыраазычылык билдиребиз. Байланыш телефону: (0543) 90-97-68

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 312, 24-31, октябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан