Өмүр жашаган күндөрүң менен эмес, унутулгус окуялары менен эсте калат. Бирде кайгылуу, бирде күлкүлүү дегендей. Жылдыздардын ошондой кызыктарына кезек берели.
ЧОҢ АТАСЫН "ЭКИ ЖОЛУ ӨЛТҮРГӨН" СЪЕЗДБЕК
Съездбек 3-курста окуп жүргөндө эжеси жана байкеси менен чогуу турчу. Бир күнү эле Съездбекке экөө “сен үйдү кайтарып каласың, биз айылга кетебиз” деп калышат. Муну укканда ырчы жигит ичинен кымыңдап, үйдө эч ким жокто отуруш кылып бир чардап алууну пландайт. Күндүз дос балдары менен жолугуп, конокко чакырып коёт. Кечинде балдарды чогултуп алып үйгө келатса эле свет күйүп турат. Балдарды сыртка калтырып, эмне болгонун билип келмекчи болуп үйгө кирип кеткен Съездбек бир маалда көзүн жашылданта чыгып келет. “Эмне болду?” деген балдардын суроосуна “чоң атам кайтыш болуп кетиптир” деп башын жерге салат. Таң аткыча бийлеп, тамашалаша чер жазууну ойлогон балдардын шаабайлары сууп, досуна көңүл айтып тарап кетишет. Көрсө, агасы менен иниси айылга кетпей калгандыктан Съезддин айласыздан ойлоп тапкан амалы экен. Ошентип, эбак кайтыш болгон чоң атасын "кайра өлтүргөн" Съездбек ушуга чейин калп айтканын досторуна айта элек.
ЖООП ОРДУНА ТОСТ АЙТКАН ГҮЛЗАТ
Кыргыз Республикасынын желегин өзгөртүү боюнча талаш-тартыш болуп жаткан мезгилде Гүлзат Байзакованы “Миң кыял FM” радиосу ушул тема боюнча түз эфирге талкууга чакырат. Дагы бир топ эстрада жылдыздары өз пикирлерин айтып жатышкан. Саат бешке тойго чакыруу алган Гүлзат ал жакка кечигип, оюнун баары той болуп жатканда алпаруучунун “желек боюнча сиздин оюңуз кандай, өзгөртүш керекпи же кажети жокпу?” деген суроосуна “мен да кыздардын тостуна кошулам” деп эфирден балп эттирип жибериптир.
БОРОНЧУ КЕЛИНИНЕ ЖҮГҮНҮП...
Атка жеңил тайга чак куудул Борончу Кудайбергеновдун иниси үйлөнүп калат. Астынан чыга калган кайнагасына келин жүгүнсө, апкаарып кеткен Боке алкаганды унутуп келини менен жарыша жүгүнүп жиберген экен. Куудул ошондон кийин келини менен япон-корейлерчесинен жүгүнүп учурашат дейт.
"ИЗВИНИТЕ, АБАЙЛАШ КЕРЕК ЭКЕН ДА"
Кайыргүлдүн тушоосу кесилбей калганбы, айтор, көп чалынат. Бир ирет сахнадагы чуңкурду көрбөй кулап түшүптүр. Узундугу 1 метр, бийиктиги 2 метр болгон чуңкур көп эле сахнанын четине жасалат эмеспи. Ары-бери бийлеп жатып эле бир буту аңга кирип кетип, экинчи буту менен тизелеп отуруп калат. Күлүп жиберген элдин ичинен бирөө “абайлаш керек да” деп кыйкырса, шашкалактап тура калган Кайыргүл “ой, извините, абайлаш керек экен да” деп көшөгөнүн артына өткүчө шашкан экен.
АБДЫЛДАНЫН “ОБЛОМ” БОЛБОСКО АМАЛЫ
Бул окуя Ош шаарында куудулдар гастролдоп жүргөндө болуптур.
Гримдөөчү бөлмөдө отурган Абдылда өтүп бараткан алпаруучудан “биздин кезек качан?” деп сурап, “мына, азыр” дегенин угуп алып эле ордунан атып турат. Сценарий боюнча Жамбыл акебиз менен кубалашып сахнага чыгып калышат. Буларды көргөндө эле оюнду эбак баштап алган “Аралаш 2нин” Сайдин жана Бекболот деген жигиттери дендароо болуп түшүнбөй туруп калышат. Абдылда болсо жоо чапчудай ач айкырык салып, тиги экөөнү тилдеп сахнадан кубалап жөнөйт. Экөө эмне болуп кеткенин түшүнбөй качып кетишет. Кийин “байке сценарий ушундай экенин айтып койбойт беле” деп таарынган жигиттер бул сценарий эмес эле Абдылданын сахнага туура эмес чыгып алып “облом” болбоюн деген амалы экенин билип, көздөрүнөн жаш чыккыча күлүшүптүр.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg