“Заман кайда баратат?” деген ойго аргасыз туш болосуң. Жакында эле уккан адамдын төбө чачын тик тургузган окуя Көл өрөөнүндө катталды. 63 жашка чыгып, пайгамбар жашына келип, небере-чөбөрөлөрүнө насаат айтып отурчу адам мындай кылмышка барат деп ким ойлойт? Зөөкүр ата өгөй кызын 6 жылдан бери зордуктап, эрмектеп жүргөнү иликтөөнүн жыйынтыгында анык болду.
ЧЫДООНУН ДА ЧЕГИ БОЛОТ
2011-жылдын 4-августунда Ысык-Көл облустук милиция кызматкерлерине Юля Богоронская аттуу өспүрүм кайрылган. Ал өзү Каракол шаарынын тургуну экенин, өзбек улутундагы Каримжан Тохтахунов аттуу өгөй атасы 6 жылдан бери зордуктап жүргөнүн, мындан ары мындай кордукка чыдай албасын ыйлап айтып берген. Милиция кызматкерлери дароо ишти колго алып, ата сөрөйдү алып келишкен. Сурак учурунда Каримжан өгөй кызы Юляны чын эле зордуктап жүргөнүн мойнуна алган.
Өмүр бою Каракол шаарында жашаган ал Юлянын апасы менен көптөн бери тааныш экен. Каримжан суракта төмөндөгүлөрдү айтып берген: “Юлянын апасы Галина Тамбоцеваны (1978-жылы туулган) 1987-жылдан бери тааныймын. Ал мурун Каракол шаарында жашачу. Турмушка чыгып, жолдошу менен Бишкек шаарына көчүп кеткен. Кийин жолдошу каза болуп, ал кайрадан Каракол шаарына көчүп келди. Мен ал учурда Людмила Игнатьева аттуу жубайым менен жашачумун. Ортобузда эки кызыбыз да бар эле. Мен келинчегиме билдирбей Галинага батир таап берип, аны менен да жашап жүрдүм. Галинанын Юля деген кызы жана Вася аттуу уулу бар болчу. Галина экөөбүз уулдуу болуп, атын Алишер деп койдук. Бирок мындай турмушубуз көпкө созулбай, мен жубайым Людмила менен жашап калууга аргасыз болгом”.
МЕКТЕПКЕ ЭЭРЧИТИП, АТА БОЛУП...
Каримжан Галина менен жашыруун жашап жүргөндө Юля 3 жашта эле. Юля мектеп босогосун жаңыдан аттаганда Каримжан анын атасы катары мектепке жетелеп барган.
Акчанын жетишсиздиги эмне гана кылбайт. Үч баланы багып жаткан жалгыз бой эне жетишсиз турмушта жашап, дайыма каражатка муктаж болчу. Ал эми Каримжан азык-түлүккө деп анча-мынча акча берип турган. Мындай күндөрдүн биринде Каримжан адаттагыдай эле акча берип жибермей болот. 9 жаштагы Юляны “акчаны алып кет” деп алдап үйүнө чакырып, мас абалында он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кызды коркутуп, күчкө салып зордуктап койгон.
Окуя 2005-жылы болуптур. “Апаңа айтсаң, өлтүрүп коём” деп коркутканынан улам Юля бул тууралуу эч кимге айтпайт. Бирок аңги ата ошону менен эле токтоп калган эмес. Кынык алып алган ал Галинага “акча берем, кызыңды жөнөтүп кой” деп чакыртып алып, көп жолу жыныстык катнашта болгон. 2011-жылдын 3-августунда да карт аңги көнгөн адатына салып, акчага келген Юляны дагы зордуктаган. Чыдамдын да чеги болот эмеспи. Мындай кордукка чыдабаган Юля ушул күнү милиция кызматкерлерине арыз жазып кайрылып, кылмыш иши ачылып отурат.
ҮЙҮНДӨ ПОРНОДИСКТЕР...
Бул ишти тергеп жаткан Ысык-Көл ОИИБинин ага тергөөчүсү, Талип Жаналиев буларды айтып берди:
– 3-августта бизге Юля Богоронская аттуу секелек кыз “мени өгөй атам 6 жылдан бери зордуктап жүрөт” деп кайрылган. Кылмышка шектүү Каримжан Тохтахуновду кармап, үйүн тинткен учурда анын үйүнөн колго жасалган эки бычак, бир нече түрдүү презерватив жана порнографиялык фильмдер жазылган дисктер табылды.
Өспүрүмдү зордуктап жүргөндүгү тууралуу жетишерлик далилдер чогултулду. Учурда СИЗОдо. Каримжан Тохтахуновго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129, 131 жана 132-беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Ага кандай жаза берилерин эми сот чечет.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg