Айрымдар киши өлтүрүүнү эрдик деп да баалашат экен. Биз баяндай турган окуя 2011-жылдын 18-февралында болгон. Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылынын жанынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын денеси табылган. Андан ары изилдөө түрмөгү уланган эле.
Аманбек Максутбаев
баласындай болгон өспүрүмдөрдүн
колунан каза болом деп
ойлобосо керек.
“ЭРДИГИҢЕ” БАРАКЕЛДЕ!
«Мынчалык зөөкүрлүк менен өлтүргүдөй 53төгү киши кимге жамандык кылды?» деп таң калдым.
Аманбек Максутбаев көр оокаттын айынан Бишкекке келип, агасы Табылдыныкында жашап жүргөн. Каза болгондон мурдараак карындашы экөө өзүнчө батирге чыгышкан. Бирок ал жумушуна алыстык кылып, башка батир издемекчи болот. Айлык алганда маянасынын бир бөлүгүн айылдагы үй-бүлөсүнө жиберип, калганын батирге деп алып калат.
Пригородное айылынан батир издеп жүрүп кеч кирип кеткендиктен, көчөдө турган эки өспүрүмдөн кетер жолду сурайт. Алар ошол айылда жашаган Станислав жана Орхан дегендер экен. Бекерчиликтен зеригип турган бул эки эргулдун оюна аксакал кишини тоноо кирет. Жөн эле бараткан Аманбекти сабап, тепкилеп киришет. Тепкиден Аманбектин эси ооп калат. Ал эсине келгенде кайрадан сабашат да, кыймылдабай калганда гана өздөрүнө маашыр болуп, Аманбектин чөнтөгүндө болгон эки зажигалканы, таракты жана 1 сомду алып, ал жерден кетишет.
Бир топ убакыттан кийин Станислав “тиги абышка өлүп калбады бекен?” деп чочуй баштайт. Орхан “жүрү, барып көрүп келели” десе, досу коркуп, баргысы келбей коёт. Орхан тааныш кыздарын ээрчитип алып эси ооп жыгылып калган кишини көргөнү жөнөйт. Аманбек оор жаракаттан жан таслим болуптур. Укмуш эрдик кылгансып Орхан кыздарга көрсөтүп, “көрдүңөрбү, бул кишини биз өлтүрдүк” деп мактанат. Кыздарга өзүнчө эле киллер болуп көрүнгүсү келген Орхандын тилеги таш кабат. Анткени “эрдигиңе баракелде!” дей албаган эки кыз кылмыш боюнча укук коргоо кызматкерлерине билдиришет.
ӨСПҮРҮМДӨРГӨ АДРЕНАЛИН ЖЕТИШПЕЙБИ?
Бул кылмыш иши боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жашы жете электер боюнча иштөө бөлүмүнүн башчысы Азиз Нурмаматов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Чындыгында, кылмыштын бети көпкө чейин ачылбай калышы мүмкүн эле. Бизге эки кыз келип, 1996-жылы туулган Богданов Станислав Викторович жана 1994-жылы туулган Усманов Орхан Тельман оглы аттуу Пригородное айылынын тургундарынын кылмышка тийиштиги бардыгын айтып беришти. Алар Аманбек Максутбаевди эси ооп жыгылып калгандан кийин да тепкилешкен экен. Бетине, кулагына футболдук бутсынын издери түшүп калган. Ал Усмановго таандык болуп чыкты. Таң калтырганы, бул кылмышта эч кандай мотив жок, жөн эле тепкилеп өлтүрүшкөн. А балким, зериккен өспүрүмдөргө адреналин керек болгон чыгар?
Негизи эле катталган кылмыштардын көпчүлүгү ата-энеси жок же балдары каралбай калган үй-бүлөдөн чыгып жатат. Жумуш жоктугунан балдарын чоң ата-чоң энелеринин колуна таштап, Казакстан, Орусия сыяктуу өлкөлөргө кетип жатышат. Ал балдардын көпчүлүгү чоң ата-чоң энелеринин сөзүн укпай көчөгө чыгып, кылмыштарга кириптер болушууда.
Станислав Богдановдун атасы каза болуп калган. Ал эми апасы “киши өлтүрүү” беренеси боюнча камалып чыккан, агасы да жасаган кылмышы үчүн абакта отурат. Орхан Усмановдун да атасы жок, апасы менен жашайт. Бирок жетиштүү эле жашашат. Учурдан пайдаланып айта кетейин, Усманов менен Богдановдун мындан башка да тоноо сыяктуу кылмыштарга тийиштиги бар болушу ыктымал. Кимде-ким сүрөттөгү бул балдардан жапа чексе, (0312) 26-62-61 жана 26-63-20 телефондоруна чалып кабарлап койсо болот.
“ИНИМДИН СӨӨГҮН ӨЛҮККАНАДАН ТАПТЫК”
Маркумдун агасы Табылды Максутбаев буларга токтолду:
– Иним Аманбек Токтогул районундагы Чолпон-Ата айылында жашачу. Айылда жумуш жок, Бишкекке келип иштеп, үйүнө акча салып турган. Көк-Жар жаңы конушунда менин үйүмдө жашап, “Тазалык” муниципалдык ишканасында көчө шыпыруучу болуп иштечү. Үйүм тар болгондуктан, карындашым экөө батирге чыгып кетишкен.
17-февраль күнү үйгө келбей калды. Ошол күнү айлык алыптыр. Кечинде карындашым мага “Аман акем үйгө бардыбы?” деп телефон чалып калды. Оюмда жаман эч нерсе жок, карындашыма “үйгө келген жок, келип калат” деп койдум. Эртең менен чочулап, аялымды анын иштеген жерине жибердим. Аялым издеп барса, жумушуна да келбептир. Тааныштарга телефон чалып сураштырсак, көргөн-билген адам жок. Айылдагы үйүнө чалып сурасам, келиним “кечээ 6000 сом жана конфет-печенье салынган баштык жиберген экен, алдык. Айдоочуга «кызымдын бетинен өөп кой» дептир, өөп коюп кетти” деди. Анан досторунан, тааныштарынан, милиция, ооруканалардан сураштыра баштадык.
20-февралда жумуштан чыгып, өлүкканага келдим. Анда 5 адамдын өлүгү бар экен, сүрөттөрүн астыма таштап койду. Бирөөсү иниме окшош болгондуктан, кызыктай болуп кеттим. Жанымда чогуу иштеген бир бала бар эле, ага “сен көрүп чыкчы” дедим. Ал кирип, “иниңиз экен” деп чыкты.
Аябай мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр. Амандын жаагы да жабылбай, кулагы ары жагына чуңкурайып кирип кетиптир. Тергөөчүнүн айтымында, жанынан эч нерсе табылган эмес. Бирок ал дайыма колуна нике шакегин тагынып жүрчү, анысы да жок.
Инимди өлтүргөндөрдү табышты. Бири орус, экинчиси азербайжан улутундагы жапжаш балдар экен. Алар азыр СИЗОдо жатышат, эми колу менен кылган күнөөсүн мойну менен тартышсын. Каза болгонуна 5 айдын жүзү болуп баратат. Буга чейин күн эсептеп калган элем. Айла жок, бир тууганымдыкы бейкүнөө өлүм болуп калды.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg