ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

Италия

МОНА ЛИЗАНЫН КӨЗҮНӨН ТАМГАЛАР ТАБЫЛДЫ
Айтылуу Мона Лизанын көздөрүндө тамгалар жазылгандыгы белгилүү болду. Оң көзүндө LV тамгасы болсо, сол көзүнөн символдорго окшош СЕ же В жазуулары табылды. Бул белгилер адистер чоңойтуп көрсөтүүчү күчтүү атайын аппараттарга ээ болгондо гана белгилүү болуп отурат. Мындай изилдөө Италиянын Маданий мурастарды коргоо боюнча улуттук комитетинин мүчөсү антиквардык дүкөндөн кокусунан Мона Лизанын көзүндөгү тамгаларды байкап калганынан улам болуп отурат.

Америка

ТООКТОН ДИНОЗАВР ЧЫГАРЫШАТ
Окумуштуулар генетикалык эксперименттердин жардамы менен табиятты алдоону пландоодо. Тактап айтканда, мындан 65 миллион жыл мурун жашаган динозаврды кайтарып келишмекчи. Тоок жана башка канаттуулар генетикалык мутациянын арты менен динозаврлардан келип чыккан деп эсептелет. Андыктан Гарвард университетинин окумуштуулары тооктон майда динозаврларды чыгарууну көздөөдө. Маалыматка караганда, алар бул жаатта эксперименттерди жасашкан, бирок алар күткөн тоокзавр жумурткадан чыкпай калган. Антсе да окумуштуулар ишин аягына чыгарууну көздөшүүдө. Айта кетсек, учурда крокодил тумшуктуу жөжөнүн түйүлдүгү бар экендиги белгилүү.

ЭҢ СЕМИЗ АЯЛ 1 ТОННА ЧЫКСАМ ДЕЙТ
Салмагы 330 килограммды түзүүчү америкалык Сюзан Эман салмагын 1 тоннага жеткирүүнү көздөөдө. Бул үчүн ал күнүнө 20 миң калориялык тамак-аш жеп жатат. Аризоналык жалгыз бой аял бул аракети менен “Дүйнөдөгү эң семиз аял” наамын алсам дейт. 2010-жылы ал салмагы 317 килограммды түзгөн нью-жерсилик Донна Симпсонду ашып өткөн.

Орусия

ӨЗ БАЛДАРЫН ЖЕП КОЮУЧУ МАКУЛУКТАР
Орусиялык окумуштуу жакында таш боор макулуктар боюнча материал жарыялаган. Анда төмөндөгүлөр айтылат: “Ургаачы арстан “кыздарына” гана камкордук көрүп, “уулдарына” кам көрбөйт. Мисалы, чоң эркек арстан баласын тытып жет жатса да көңүл кош карап тура берет. Адетомирма кумурскалары өз личинкаларын өздөрү жей беришет. Галапагосс аралдарындагы акулалар балдарын тирүү тууйт. Туур замат тайыз сууга түртүп салышат. Бирок көп өтпөй эле кокус балдары алдынан чыгып калса, жеп кете беришет. Лангурдун (ичке жүндүү маймыл) ургаачылары кокус жаңы туулган балдары өтө алсыз болуп калса, өлтүрүп, жеп коюшат”.

ЕВРАЗИЯ МЕНЕН АМЕРИКАНЫ ТУТАШТЫРУУЧУ ТОННЕЛЬ САЛЫНАТ
Беринг кысыгынын алдынан өтүп, Америка менен Евразияны туташтыруучу узундугу 100 чакырым келген тоннель курулат. Долбоор 99 миллиард долларды чапчыйт. Орусия тарап алгач тоннелге чейин жетүүчү темир жолдорду салуусу керек. 2013-жылга чейин Якутскиге чейин 800 чакырымдык темир жол бөлүгүн, андан кийин 2030-жылга чейин узундугу 4 миң чакырымды түзүүчү Уэленге чейинки темир жолду бүтүрүшү керек. Америка тарап да 2 миң чакырымга созулуучу жол салмакчы. Тоннель жүктү аз чыгым менен бир тараптан экинчи тарапка коопсуз жеткирүү максатында курулмакчы.

Испания

МҮРЗӨЛӨРДҮ КЫДЫРТУУ КЫЗМАТЫ ПАЙДА БОЛДУ
Испаниянын Малага шаарындагы туристтик фирма туристтерге айлуу түндө мүрзөлөрдү аралап, кыдырып көрүү кызматын сунуштай башташты. Бул кызмат популярдуу болууда. Экскурсияга алып чыга турган адамдардын саны чектелүү: 30 киши. Сейил учурунда гиддер кайсы мүрзө атактуу адамдыкы экендигин жана шаар тууралуу маалымат беришет.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
zzz---zzz
2011-08-29 13:25:06
МҮРЗӨЛӨРДҮ КЫДЫРТУУ КЫЗМАТЫ ПАЙДА БОЛДУ
Кокусунан учунуп калса ошол белгилуулордун алдында жата бекен
0
Zamira
2011-08-30 15:05:54
zzz---zzz, эмне дейсин? Түшунгон жокмун.
0
№ 460, 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан