ЖҮРГҮНЧҮЛӨРДҮН КООПСУЗДУГУ АЙДООЧУНУН КОЛУНДА

Статистикага кайрылсак
Бишкек шаары боюнча 130 маршруттук каттам бар. Ар бир маршруттук каттамда 25-30га чейин машина бар.
Борбор калаабыз боюнча эң узун маршруттук каттам 12-кичирайондон башталып Военно-Антоновкадан бүтөт (№223 маршрутка).
Анын бир айлампасы 40 чакырымга жетет.
Эң кыска каттамда №127 маршрутка жүрөт. Каттамдын узундугу 14 чакырым.

6:30. Жумуш башталды
Алдын-ала сүйлөшүп билгендиктен биз “Шоро” фирмасынын жанында жайгашкан 202-каттамдагы маршруткалардын токтоочу аянтына туура 6:20да келдик. Диспетчер Тамара эжеге иштин чоо-жайын түшүндүргөндөн кийин бизди “красавчикке отургула” деп койду. Анысы ким эле дегендей туруп калган бизге карап: “Тигил көк маршруткага баргыла, ал баланы биз “красавчик” дейбиз”,- деп калды. Барып маршрутканы ачарыбыз менен жылдыздуу корей улутундагы жигит: «Проходите, товарищи журналисты, добро пожаловать на мой лайнер 202», - деп тамашалай жылмайып тосуп алды. “Сизди эмне себептен “красавчик” деп коюшат” деген сурообузга чачын сылап коюп, “айдоочу болсом да дайыма тазалыкты, сулуулукту жактырам” деп компоюп койду. Бул жигиттин аты Андрей экен.
Ошентип, биз бир күн кечке “красавчик” аттуу жигиттин маршруткасына түшүп, шаар айланмай болдук. Туура саат 6:30 болгондо диспетчер Тамара колун шилтеп, биз старт алдык. Таң азандан биринчи болуп жумушка чыктык деп ойлогом. Көрсө, бизден мурун саат алтыда жумушка чыккан маршруткалар бар экен. Ар биринин аралыгы 15 мүнөттөн болуп, биз үчүнчү болуптурбуз.
“Самолёттон башкасынын баарын айдай берем”
Алгачкы кардарыбыз 10 метрдей жылганда эле түштү. Андрей бизди карап бир жылмайып алды да “күн жакшы болот. Биринчи жүргүнчү эркек киши болду” деп койду. Көрсө, бул дегеле маршрутка айдагандардын ырымы экен. Айдоочуларга аялдардын кандай жамандыгы өткөнүн биле албадык, бирок, алардын көпчүлүгү маршруткага биринчи эркек жүргүнчү түшсө, “иш жакшы болот” деп кубанышат экен. Жүргүнчүлөр көбөйгүчө Андрейди кепке тарттык.
Андрей, диспетчердин айтканына караганда сиз 202-маршрутканын айдоочуларынын ичинен эң тажрыйбалуусу, анан пенсионери экенсиз...
– Жөн эле мактап койду го. Менин тил алчаак жайым бар. Баары менин ушул кыялымды жактырышат. Анын үстүнө 202-маршруттук каттам киргизилгендеги алгачкы айдоочулардан мен эле калдым.
Анда айтсаңыз, айдоочулук категорияларыңыз кандай?
–Мен самолёттон башка бардык унааларды айдаганга укугум бар. “А, В, С, Д” категорияларынын окуп бүткөм.
– Канча жылдан бери 202-маршрутканы айдап жүрөсүз?
– Жети жылдан бери. Ошондон бери “Шоро”-Арча-Бешик жолун жакшы эле таптадым.
– Башка айдоочулардан кандай айырмачылыгыз бар?
– Жашоону ар бир мүнөтүн баалай алам. Ошол үчүн менин машинама түшкөндөргө жагымдуу музыка коюп, жакшы сүйлөп, көңүлдөрүн ачканга аракет кылам. Өзүм аябай жакшы көргөн диским бар. Аны койгондо жүргүнчүлөрдүн көбү ыраазы болуп угушат.
– Ал кандай диск?
– Бул жашыруун сыр.
Андрей менен сүйлөшүп келе жатып “Аламүдүн” базарына жакындап калыптырбыз. Кишилер да көп түшө баштады. Айдоочуну алаксытпоону чечип, акча алып, кайтарым акчасын берип туруу кызматына өттүк. Эртең менен жумушка шашкан адамдардын бири түшсө, бири кирип жатты.
Ашата сөгүшүп...
“Аламүдүн” базарына жакындаганда баштыктарын көтөргөн базарчылар түшүшсө, Совет-Ахунбаев көчөлөрү тарапта жалаң эле студенттер шыкалып түшүшөт экен. Алардын айрымдары бош орунга отурары менен кулактарына наушниктерди сайып, терезени карамыш болуп, жанындагы улгайган кишилерди байкамаксан болушат. Атүгүл айдоочунун салонго илип койгон “сен да картаясың” деген жарнамасынын астына “эч качан” деп ручка менен жаза коюшуптур. Андрей биз сурай электе эле “азыркы жаштар ушундай. Айта берип тажаганымдан жазып илип койгом. Анын да жанын коюшпайт” деп калды. Аңгыча Малдыбаев көчөсүнө жеткенде дагы бир топ жаштар чыгышты. Түнү менен майрамдашкан көрүнөт, ооздорунан дагы эле кете элек арактын жыты бурулдайт. Жол кире бербей, айдоочунун “түшүп кеткиле” деген кебине теригип, салондогу кишилерди этибар албай сөгүнүп-сагынып киришти. Айдоочу менен кошо салондогу эл да уруша баштаганда Андрейди ашата сөгүп түшүп кетишти. Бул өңдүү адамдардан, окуялардан тынч кутулуп кетүү үчүн эле айдоочуларга канча нерв керек экенин түшүнүү кыйынга турбаса керек. “Сөгүү укмак түгүл, мушташып кеткен да учурларыбыз болот” деп жылмайып койду Андрей акыркы аялдамага токтоп жатып.
Айлампанын аягына чыктык
Арча-Бешик жаңы конушундагы №79 орто мектептин алдына келгенде биринчи айлампабыз аяктады. Бул жерде жалгыз күркө турган. Көрсө, ал жерде айдоочулар үчүн арзаныраак тамак-аш сатылат экен.
Эки кофе, экиден беляш көтөрүп келген Андрей бизди да тамактанууга чакырды.
Маршруткалардын ортосундагы интервал 15 мүнөттөн болгондуктан, экинчи айлампага даярданууга өттүк. Чакага суу көтөргөн Андрей бир сыйра маршрутканын ичин суулап шыпырып чыкты. Ал-аңгыча биз чогулган акчаларды иретке келтирдик. Бир айлампада 300 сом киреше тааптырбыз.
Үчүнчү айлампада: Совет-Бөкөн­баев көчөлөрүнүн кесилишинде бир бомжду машина сүзүп кетиптир. Аны карап жатып кашайып МАИ кызматкерин көрбөй, бир кызды сала коёбуз деп айып төлөп калдык. 100 сом бердим деп айдоочубуз айта кетти.
Бешинчи, алтынчы айлампада негедир мас адамдар көп түшүштү. Алардын бирөө катуу ичип койгонбу, салонго түкүрүп-какырып айдоочунун тилдегенин угуп да койгон жок. Шалактап уктап калган экен. Айлампанын аягына жеткенде ойгонду.
Ура! сапарыбыз байыды
Алтынчы айлампаны кечки саат 10до баштадык Арча-Бешиктен “Шорого” сапар алдык. Эң оор айлампа ушул болду. Үйгө шашкан жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн салон үп болуп, кенен дем алууга айла жок, буулугуп бараттык.
Айдоочулар эмнеден коркушат?..
– Албетте, биринчи кезекте МАИ кызматкерлеринен;
– Аялдарынын “кеч келдиң” деген сөзүнөн;
– Кардын жаашынан;
– Свет өчүп, жол чырактын иштебей калганынан;
– «Крутой» машиналардан;
– Өтө сулуу, кыска кийген кыздардан.
Маршрутка айдагандардын жаргондорунан:
Резинщик – кыбыр айдоочунун аты;
Попугай – МАИ кызматкерине көп кармалган айдоочу;
Фриц – убактысы менен жүргөн айдоочу;
Титаник – жалпак кичинекей маршрутка айдагандар.
Жол түйшүгү деген кыйын эмеспи. Бир күн айдоочунун жанында жүрүп, автоунаалар батпай тыгын болгон көчөлөрдө керелден-кечке жүргүнчү ташуу оңой жумуш эмес экенин өз жон терибиз менен сездик. Аягында өзүнүн өмүрүнө кошо жүздөгөн өмүрлөрдүн жоопкерчилигин алып, ташып жүргөн айдоочуларды “азаматтар!” деп ичибизден алкап жаттык.

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 312, 24-31, октябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан