«Ар бир адамдын жетиден окшошу болот» деген сөздөрдү угуп калсаңыз керек. Ушундан улам биз да төмөнкү инсандарды бири-бирине окшоштурдук.
Голливуддагы бири-бирине куюп койгондой окшош актрисалар – Натали Портман менен Кира Найтли. “Жылдыздар согушу” (“Звёздные войны”) тасмасына да Натали менен Кира өтө окшош болгондуктан бирге тартылышкан. Тактап айтканда, Амидал аттуу ханышанын ролун Натали аткарса, сценарий боюнча ага окшош үй кызматкеринин ролу Кирага сунушталган.
Модель Хелена Кристенсен менен актриса, модель Кэмерон Диастын сырдуу жылмайганынан бери окшош. Анан да экөө тең ич кийимдердин жарнагына түшкөндү жакшы көрүшөт. Кырктан ашканда Хелена “Man About Town magazine” аттуу журналга жылаңач тартылып жаш кыздардыкындай денеси менен элдин оозун ачырса, Кэмерон кырктын кырына чыгарда Европада ич кийим чыгаруу боюнча белгилүү болгон “Pirate Queen” (“Деңиз каракчыларынын ханышасы”) үлгүсүнүн жарнагына тартылган.
Голливуддун ушак талаасында “ырчы Алиша Киз менен актриса Жессика Альба эгиз экен, аларды төрөлгөндө бөлүп салышыптыр” деген кептер айтылып келет. Бул да бекеринен болбосо керек. Айрыкча Жессика чачын күрөң түскө боёп алган кезде эки жылдызды адаштырып алгандар көп болгон.
Быдылдап эң эле бат сүйлөгөн телеалпаруучу Тина Канделаки Голливуд актрисасы Пенелопа Крузга аябай окшош. Ал эми Тина көкүл коюп алгандан кийин кудум эле Пенелопанын көчүрмөсү болуп калды. Кызыгы, «Дарвиндин миссиясы» («Миссия Дарвина») блокбастеринде Тина Пенелопаны «орусча сүйлөткөн».
Актриса Мэган Фокс “Анжелина Жолиге окшошсуң” десе эле чычалап жатып калат дешет. Бирок бир караганда эле экөөнүн бетинин түзүлүшүнөн дене мүчөсүнө чейин окшош экенин байкайсың. Болгону, Анжелинанын эриндери өзгөчө.
(Уландысы кийинки санда)
Бахияна Сатылганова
star@super.kg