Айчүрөк Иманалиева менен Назгүл Насиеванын чыры сотко жетип, көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Эки айым тең "аброюма шек келтирди" деп бири-бирин күнөөлөп турган чактары. Айчүрөк Иманалиева буларды айтып кейип отурду.
– “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жакшы сөз бар. Жашоомдо көбүнчө ушул сөзгө таянам. Сөз кубалоо, териштирип-сүрүштүрмөй көп убакытты алат. А мен үчүн бир мүнөттүн да баасы бийик. Көп сөздү кулагымдын сыртынан кетирем, “жакшыга сөз, жаманга чөп жабышат” дейт. Бирок Назгүл Насиеванын мен тууралуу айткандарына жооп бербей коюуга да болбоду.
Адам аргасы кеткенде актанууга кенедей нерсени да төөдөй кылып көтөрүп чыга келет эмеспи. Назгүлдү бул жагынан түшүнүп жатам. Анын үстүнө сот иши башталып, соттук отурумдарга чакыруу барып, айыпкер катары сурак берип баштаганда өзүн коомчулуктун алдында актаганга жакшы эле далбас уруп, кайсы тараптан кадам таштаганга камынып жатканын боолголоп турам. "Калдыктар" деген сөздү өзүнүн кызыкчылыгы үчүн тескери багытка бурмалап, жалпы элге мени жаманатты кылууга жасаган аракети үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек.
“Айчүрөк эжекебиз ар кайсы гезитке барып жүрөт” дейт. “Кудайдан коркпогон Назгүл”, “Чёрныйларды” көңүл чордонуна айланткан шоучу айым” деген темада гезиттерге чыкты. “Көргөн концертим түрмө менен той болду” деп Кайыргүл аттуу жаш ырчы интервью берген.
"Коркутканы – бандиттери, айтканы – жардырып кетем дегени" деп Ислам Сатаров маектеринин биринде айткан. “Мен ойлойм, Назгүл эже таянып жүргөн адамдардын деле өздөрүнө тиешелүү эрежелери бар болсо керек. "Ургула" десе ура бергидей, алардын деле бир туугандары бар, алардын деле ак менен караны ажырата билген акыл-эси бар дегендей. Алар деле бизге окшош. Капаланчу жерден капаланып, күлчү жерден күлгөн адамдар. Назгүл эже эле алардын атын бизге каралап, "монстр" көрсөтүп жатпайбы”,- дейт Ислам.
Мына ушундай түшүнүктүн өсүп келе жаткан жаш муунга кереги бар беле? Тескерисинче, мен эмес, Назгүл Насиева өзү гезиттерге чуркап, “Айчүрөктүн кылганы” деп мага жалаа жапкан. “Назгүл Насиеванын адамдык аброюма шек келтирген интервьюсунан кийин, эжеке, мен ушунчалык коркконумдан Орусияга кетип калайын деп жаткам” деп Кайыргүл мени өзү таап келди. Мен Кайыргүлдү кайдан тааныйт элем? Сүйлөшүп отуруп Кайыргүлдүн ажарына, талантына бийик баа бердим. Мындай балдар-кыздарыбыз орусиялап качпай, кыргыз эли үчүн кызмат кылышы керек.
Менден бир кабарчы “Назгүл Насиеваны кандай продюсер деп айта аласыз?” деп сураган. Мен "ал жөнүндө айтпай эле коёюнчу?!" десем, “улуу муун катары сиздер айтпаганда ким айтат? Адис катары оюңузду айтыңыз” деген. Ошондо мен "ал кайсы ырчыларды чыгарганын деле билбейм. Менин оюмча, жарык жылдыздарды чыгара алган жок" дедим. Муну Култаевдин Мирбегиндей, Эсенгулованын Султанындай популярдуу ырчыларды чыгара алган жок деген мааниде айткам. Бул чындыкка Назгүл чычалабай койсо болмок.
Менин окуучуларым менен Назгүл көп эле иштешти. Бул сөз менин окуучуларыма болгон таарынычым гана болчу. Чынында эле бирөөнүн эмгегин колдон талашып жула качпай, ийгиликке жетем деген адам өзүнүн мээнети менен түз жерден тепкич кураса, баркы да бийик болот, жүзү да жарык болот. Менин сөзүмдү таптакыр тиешеси жок жааттагы адамдарга, абакта отурган, карылар, майып балдар деп бетине кармай койгону аргасы түгөнгөнүнүн, мыйзам алдында жооп берүү коркунучтуу экенин түшүнгөндүгүнүн белгиси эмей эмне?
Сахнадагы 25 жыл ичинде мен Балдар үйүнө, Карылар үйүнө колумдан келген жардамымды берип келем. Абактарга да барып ыр дүйнөмдү тартууладым. Бул да болсо эне, аял, ырчы катары аларга болгон сый-урматым. Бирок мен аны эч качан колко кылган эмесмин.
Бурул Исмаилова
star@super.kg