РУСЛАН ТҮМӨНБАЕВ: “АВТОКЫРСЫКТА ЧОҢ ЖАРАКАТКА КАБЫЛГАН ЖОКМУН”

– Руслан, жол кырсыгына кабылганың тууралуу кабарыбыз бар. Ден соолугуң жакшыбы?
– Рахмат. Кудайга шүгүр, баары жакшы. Жол кырсыгынын айынан мээм чайкалып, ооруканада 12 күн дарыланып жаттым. Чыкканыма 4-5 күн болду.
– Ошол каргашалуу окуянын жөн-жайын өзүңдөн уксак...
– Кабарыңар болсо керек, 29-сентябрдан баштап Канатбек экөөбүз өлкөбүздүн аймактарын кыдырып, турнеге чыкканбыз. План боюнча алгач Нарында болгон соң 30-сентябрда Ысык-Көлдүн губернатору менен Каракол шаарында жолугушуубуз болмок. Окуя Караколго 5 чакырым калганда Ырдык айылынын жанында болду. Президентибиз берген Mitsubishi Pajero 4 үлгүсүндөгү машинаны 80 чакырым/саат ылдамдыкта айдап бараткам. Анан алдыдагы машинаны озуп өтөм деп, мага каршы келатканды көрбөй калыптырмын. Анан байкай коюп кагылышуудан качып, дароо башка тарапка буруп жиберүүгө аргасыз болдум. Бул кырсыктын болуп кеткенине жаандын таасири тийбей койгон жок. Анткени, жамгыр машинанын терезесине катуу жаап, жолду көрсөтпөй, тоскоол болду. Кийинчерээк өзүмө келгенде жанымда отурган Канатбек Бегалиев жана машыктыруучулар Эмил Алыкулов менен Майрамбек Ахметовдон машина 7 жолу айланып кеткендигин уктум. Эми ал тетиктерге да жарабай калды.
– Дарыгерлер жар­а­­катыңдын кар­ьераңа зыяны бар же жок эке­н­дигин айтышкан жокпу?
– Машинадагылардын ичинен менден башка эч ким оор жаракатка кабылган жок. Дарыгерлердин айтымында, дагы 1 айдан кийин машыгууларга кирише берсем болот. Ал эми машыктыруучуларым психологиялык жактан калыбыма келүү үчүн дагы жарым жылга эс алуу боюнча кеңештерин берип жатышат. Буюрса, эртең Ысык-Көлгө камынып жатам. Дарыгерлердин көрсөтмөсү менен пансионаттардын бирине барып эс алып келейин деп чечтим. Эми 6 айдан кийин машыга баштайм.
– Негизи, сен машина айдоону үйрө­нүп жаткан­дыгың тууралуу айтканың бар эле. Анан кандайча рулга отуруп алдың?
– Чындыгында, машина айдоону профессионалдуу түрдө билбейм. Үйрөнчүкмүн десем болот. Бул менин алгачкы машинам жана биринчи жолу узак жолго айдашым эле. Жогору жактан: “Эл менен жолугушууга бараткандан кийин өзүңөр айдап алгыла. Өлкө башчыбыз берген машинаны эл көрсүн”, - деген сунуштарды туура көрүп, рулга отургам.
– Мындай окуяга бийлик тараптан кандай реакция болду?
– “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дегендей, ушундай болуп калды. Мындан эч ким кача албайт экен да. 10 жылдык тажрыйбасы барлар деле кырсыкка кабылышат эмеспи. Эмнеси болсо да, Курманбек Салиевичтин берген машинасы акжолтой экен. Баарыбыз аман калдык. Аман калганыма Кудайга шүгүр демекчимин. Алтын башыбыз аман болсо, буюрса, мындай машиналардын далайын минербиз. Ал эми бийлик жактан, мүмкүн, жаңысын берип коюшат. Ким билет?..
– Мамлекеттик колдоо демекчи, мына Канатбек экөөңөр кыргыздын атын дүйнөгө тааныттыңар. Силердин жеңишиңерден кийин элдин спортко болгон мамилеси да өзгөрдү. Негизи эле мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор сени канааттандырабы?
– Салыштыруу иретинде айтып кетейин, мындан 2 жыл мурда «эгерде башка өлкөдөн чакыруу сунуштары түшсө, кетем» деген ойлор жаралган. Анткени, Дохадан 3-орун менен кайтсам да, квартира берилет деп, бирок, берилбей калган эле. Спортчу болуп, ийгиликтерди жаратам десең, сөзсүз жашоо-шарт жакшы болушу керек. Ал эми учурда бул өңүттө абал башкача. Моюнга алыш керек, бизге ар тараптан мыкты шарттар түзүлүп, колдоолор көрсөтүлүп жатат.
– Коло медаль үчүн мамлекет тарабынан алган 75 миң долларды кайда жумшадың?
– Анын баарын ата-энемдин колуна тапшырдым. Жакында борборубуздан квартира сатып алууну пландаштырып жатабыз.
– “Бээжин-2008де” сен жаш­тыгыңа кара­бастан, атактуу бал­­бандарды жеңип, чемпионго гана уттурдуң. Олимпиадалык пьедесталга карай салтанаттуу жүрүшүң тууралуу айта кетсең...
– Мен башынан эле олимпиадага аттанып жатып, жеңип чыгууну максат кылгам. Бул үчүн аябай даярдык көрдүм жана мунун натыйжасына баары күбө болушту. Олимпиаданын алдында жаракатка кабылып, Украинадагы дүйнөлүк сборго катыша албай калгандыгымды баары эле биле беришпесе керек. Оор болгон беттештердин бири болгон чейрек финалда өзбекстандык Дилшод Ариповду 3 ай мурда Азия чемпионатынын финалында да уткан элем. Албетте, коло медаль үчүн болгон беттешим эң маанилүүсү да, кыйыны да болду. Анда “Афины-2004” Олимпиадасынын күмүш медаль ээси кубалык Роберто Монзонду утууга жетиштим. Негизи эле жеңишке карай болгон умтулуум, каалоом чечүүчү болду деп ойлойм.
– Ушул жеңишке чейинки Руслан менен кийинки Русландын айырмасы барбы? Олимпиададагы ийгилигиңден кийин сенде кандай өзгөрүүлөр болду деп ойлойсуң?
– Мурда кандай болсом, азыр да ошондой элемин. Болгону, тааныбагандар таанып калышты. Албетте, спорт жагынан болуп көрбөгөндөй тажрыйба топтодум.
– Спорт жолуна түшүп калышыңа кимдер таасирин тийгизишкен?
– Мени спорт залга 12 жашымда Азат деген досум ээрчитип келген. Олуттуу түрдө машыга баштаганыма 8 жыл болду.
– Үй-бүлөңөрдө сенден башка спортчу барбы?
– Үй-бүлөдө беш биртуугандын ортончусумун. Эки байкем, иним жана карындашым бар. Ата-энем спорттон алыс адамдар болсо да, байкелерим күрөш менен машыгышкан. Ал эми Алмаз аттуу иним менин жолумду жолдоп келатат. 2004-жылы кадеттер арасында «Азия чемпиону» деп аталууга жетишкен.
– Мектепте кандай окучу элең?
– Окуу жагынан «4, «5» деген бааларга окусам да, спорт менен машыккандыктан, кээде күчкө таянып, балдарды сабап салып, мектептен айдалган учурлар болгон. Окууну Бишкектеги №59 мектептен аяктагам.
– Бош убактыңда кан­­тип эс а­ласың?
– Бош убактымда уктап эс алам. Ошондой эле, таза абага чыгып эс алганды жактырам. Күрөштөн тышкары сууда сүзүүгө аябай кызыгам. Учурда жагымдуу нерсе менен пайдалуу нерсени айкалыштырууга аракет кылып жатам. Тактап айтканда, англис тилин жана компьютерди мыкты өздөштүрүү максатында атайын курста окуп жатам. Чет өлкөлөрдө жүргөндө чет тилин билүү абдан зарыл.
– Ошол чет өлкөлөрдө жүр­гөндөгү кызыктуу окуялардан айта кетсең...
– Дохада жүргөндө декабрда Перс булуңунда сууга түшкөнүм эсимде. Мен негизи эле кайсы өлкөгө барбайын, сөзсүз дүкөндөрүнө баш багып, эстеликке буюмдарды сатып алууну адатка айланткам.
– Жеке жашооңо келсек, сүйлөшкөн кызың барбы, качан үйлөнөсүң?
– Учурда сүйлөшкөн кызым жок. Азырынча машыгуу жана окуу менен эле алек болуп, жеке жашоого убакыт жок. Менимче, үйлөнүүгө азыр эрте. Анткени, эки агам үйлөнө элек.
– Келечекке пландарың...
– Эми биринчи кезекте дарыланып, ден соолукту калыбына келтиришим керек. Алдыда чоң мелдештер күтүп жатат. Ошондой эле, окуумду ийгиликтүү аяктап алсам дейм.
– Маегиңе рахмат. Ийгиликтерди каалайм.

Даярдаган Базарбек Абдураимовe-mail: sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 312, 24-31, октябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан