«Туңгуч» театры 18 жашка чейинки актёрлору менен Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөн балдардын Эл аралык фестивалына катышып, 1-орунга ээ болуп кайтты. 10-августтан 17-августка чейин созулган бул фестивалга Кыргызстандан башка Орусия, Казакстан, Тажикстандан да барышкан. Бул тууралуу театрдын жетекчиси, КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова билдирди. Алар «Канаттуу куш» деген спектаклин тартуулап келишиптир.