“Звездамын” деп ырдап чыгып көпчүлүк ырчылардын короосуна таш ыргыткан актёр Эркин Эгембердиев эми саясатчыларга да тийишет өңдүү. Анткени учурда Баха аттуу ырчы экөө саясатчыларды чымчыган ыр жаздырышууда. Ал эми жеке жашоосунда быйыл үйлөнсөм деген тилегин таш кааптыр. Көрсө, сүйгөнү да ырчы кыз экен. Ал “тамак жасаганды, үй иштерин жакшылап үйрөнүп алайын, күтө тур” деген шарт коюп салыптыр.