Мирлан Баеков “жакында ырчы кызга үйлөнөм” деп кудуңдап жүрдү эле, той болчу күн алыс эмес окшойт. Анткени учурда ырчыга атасы Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылына там салып берип жатканын жетине албай айтып жүрөт. Анан, албетте, жалгыз эле атасын карабай, өзү деле “Кызыл өрүк” деп созуп жүрүп чогулткан акчасын кошумчалап, күзүндө өтчү тоюна камылга көрө баштады.