ЧЕМПИОНАТТАГЫ ЭҢ СЕКСУАЛДУУ ЖАНА СУЛУУ ДЕП ТАБЫЛГАН ОЮНЧУЛАР

Португалиянын 21 жаштагы жарым коргоочусу Криштану Роналдо футбол-2006нын эң сексуалдуу оюнчусу болуп табылды.
Мындай жыйынтык голландиялык журналдын сурамжылоосунун натыйжасында белгилүү болду. Криштану Роналдо капитандык кылган “сулуулар жана сексуалдуулар командасына” кирген башка оюнчулар төмөн­дөгүлөр:
Маркус Розенберг (Швеция), Жонни Хейтига (Голландия), Майкл Оуэн (Англия), Робин ван Перси (Голландия), Дэвид Бекхэм (Англия), Фредрик Юнберг (Швеция), Кака (Бразилия), Фернандо Торрес (Испания), Ян Крокамп (Голландия), Икер Касильяс (Испания, дарбазачы).

АРГЕНТИНАЛЫКТАРДЫН ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫ
30-июнда аргентиналыктар Германиядан пенальтиден 4:2ге утулуп калды. Легендарлуу футболчу Диего Марадона жердештери Германияны ута албай койгондо ызаланып ыйлап жиберди.
Ал эми матч тууралуу кепке келсек, аргентиналыктар нервдик чыңалууга туруштук бербей, пенальтиден кийин каршылаштарын ур-соккуга ала башташкан. Куфре жанындагы Колоччини менен бирге германиялык Нойвиллге, Мертезакерге жана Боровскке муш жаадырышкан. Мындан кийин чатакка башка оюнчулар аралашууга өткөн. Германиянын тартип коргоочулары киришкен соң гана чатак басылган. Эскерте кетсек, Куфре бул кылыгы үчүн кызыл карточка алды. Аргентиналыктардын айтканына караганда, чатактын чыгуусуна немистердин буларга уяттуу кол шилтөөлөрдү көрсөтүшкөндүгү себеп болгон.

БРАЗИЛИЯ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ МЕНЕН КОШТОШТУ
1-июлда дүйнөнү эң чоң кабар селт эттирди. Бул кабар Бразилия акыркы 12 жылдын ичинде биринчи ирет финалда ойнобой тургандыгында эле. Абсолюттук оюнчулар болуп эсептелген Дүйнө Кубогунун 5 жолку ээлери 1/4 финалда эле француздардан 0:1 эсебинде жеңилип калды.
Бул жаңылык бразилия улутундагыларды шокко түшүрдү. Бразилиянын курама командасынын машыктыруучусу Карлос Алберто Паррейра бул жаатында “Биз титулду Францияга алдырып ийдик. Бул дегендик биз техникалык жактан абдан жакшы даярдыкта болгонубуз менен физикалык жактан начар даярданганыбызды далилдөөдө. Эми бизге адилет сындарды угуу менен бирге жаш оюнчуларды эмки чемпионатка жакшылап даярдоо гана калды. Мен болсо машыктыруучу болуп калаарым же калбасым белгисиз”- деп билдирди.
Өлкөсүнүн курама командасынын финалга чыкпай калгандыгына жиндери келген Бразилиянын Шапеку шаарынын футбол күйөрмандары Роналдиньюга тургузулган скульптураны өрттөп жиберишти. Бийиктиги 7,25 метрге жеткен скульптурадан чыккан өрттөн соң футболчунун бир колу менен топтун бир бөлүгү гана калды.

ЗИНЕДИН ЗИДАН “МАТЧ АДАМЫ”
Франциянын үстүнөн болгон жеңишин француздар чоң кубаныч менен белгилешти.
Жеңиштен соң команданын капитаны Зинеден Зидан интервьюсунда “Биз жеңиш үчүн биргелешип күрөштүк. Эми финалдан орун алгыбыз келет” деген оюн айтты. Айта кетчү нерсе, Зинеден Зидан ФИФА тарабынан “Матч адамы” деп табылды. Не дегенде жеңиш голун ал киргизген эле.

АНГЛИЯ ПОРТУГАЛИЯДАН ЖЕҢИЛИП, БЕКХЭМ КАПИТАНДЫКТАН БАШ ТАРТТЫ
1-июлдагы 1/4 финалдагы матчта Англия Португалиядан пенальтиден 1:3 эсебинде утулуп калды. Ага чейин эсеп 0:0 эле. Мындан дагы күйөрмандарына Англиянын курама командасынын капитаны Дэвид Бекхэмдин капитандык постту таштай тургандыгы көбүрөөк кейиткендей.
31 жаштагы Бекхэм өзү бул тууралуу “Капитандыкты башкага өткөрүп берүү мөөнөтү келгендигин сезип жатам. Эми Стив Макларендин доору башталат” деп көзү жашылдана жооп берди.
Бул матч команданын машыктыруучусу Свен-Йоран Эрикссондун акыркы матчы болуп калды. Постун таштоо тууралуу ал чемпионаттын алдында эле эскерткен болчу. Эми анын ордун «Мидлсбро» командасынын мурунку машыктыруучусу Стив Макларен ээлемекчи.
Англиялыктардын жеңилүүсүнүн себебин Португалия менен таймаштын 52 мүнөтүндө Бекхэмдин жаракатка кабылганы жана форвард Уэйн Рунинин оюндан четтетилүүсүндө деп көрсөтүшүүдө. Англия ушуну менен эң чоң беттештерден 3-жолу Португалиядан жеңилип отурат. Эскерте кетсек, 2000-жылы группалык стадияда жана 2004-жылы Европа чемпионатында жеңилген.

ИТАЛИЯ ГЕРМАНИЯНЫН ҮСТҮНӨН ЖЕҢИШКЕ ЭЭ БОЛДУ
4-июлда өткөн Германия менен Италиянын таймашында негизги убакытта эсеп 0:0 менен аяктагандыгына байланыштуу 15 мүнөттөн 2 кошумча тайм берилди.
Жыйынтыгында Италия Германияны 2:0 менен утуп алды. Эми Италия финалда ойнойт.
Голдорду Фабио Гроссо менен Алессандро Дель Пьеро киргизди. Чемпионаттын бул биринчи жарым финалдык матчында Италиянын курама командасынын жарым коргоочусу Андреа Пирло эң мыкты оюнчу деп табылды.

“АЛТЫН БУТСА” КИМГЕ БУЙРУЙТ?
9-июлда Германияда планетанын эң күчтүү командасы аныкталат. Баш байге Кубок менен катар Дүйнө Чемпионатынын эң мыкты оюнчусуна “алтын бутса” тапшырылат.
Бул жылы аталган наамга татыктуу делинип Германиянын чабуулчусу Мирослав Клозенин аты айтылууда. Мирославдын эсебинде бул жолку чемпионатта эле 3-июлга чейин киргизген 5 голу бар. Оюнчу 2002-жылы Япония жана Кореяда өткөн чемпионатта да 5 гол киргизүү менен атын чыгара алган. Роналдо болсо анда 8 гол киргизүү менен “Алтын бутсага” ээ болгон. Антсе да бул жолу Роналдо ал көрсөт­күчүн кайталоого жетишкен жок. Болгону 3 гана гол киргизүүгө үлгүрдү.
Эскерте кетсек, 28 жаштагы Мирослав Клозе учурда өзү мүчө болгон “Бремен” командасына 2004-жылы 5 миллион еврого бааланып келген.

ФРАНЦИЯ ФИНАЛГА ЧЫКТЫ
5-июлда Мюнхенде чемпионаттын экинчи жарым финалында Франция Португалияны 1:0 эсебинде утуп алып, финалга чыкты. Голду пенальтиден Зинедин Зидан киргизди.
Португалия Франциядан айырмаланып, Дүйнө жана Европа чемпионатынан ута элек эле. Эми минтип бул жолку тилеги да ишке ашпай калды. Португалиялык эң мыкты оюнчу Фигу үчүн бул турнир акыркы турнири болуп калса, Зигу (Зинадин) үчүн чоң ийгиликтүү турнир болуп калды.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-08 16:08:36
Жакшы
0
№ 192, 7-13-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан