БИРИНЧИ МУГАЛИМ

Режиссёру – Андрей Кончаловский
Сценарийин жазгандар – Чыңгыз Айтматов, Борис Добродеев, Андрей Кончаловский
Оператору – Георгий Рерберг
Башкы ролдордо: Наталья Аринбасарова, Болот Бейшеналиев
Ролдордо: Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Назирет Дубашев жана башкалар.
Фильмдин мазмуну
1965-жылы тартылган 102 мү­нөттүк “Биринчи мугалим” фильми 1923-жылдагы кыргыз элинин алыскы айылдарынын биринде болуп өткөн окуяны камтыйт. Жарандык согушта кызылдардын катарында элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн Дүйшөн айылдагы жаш балдарды чогултуп алардын сабатсыздыгын жоюуга аракеттенет. Айыл тургундары мугалимдин ишин колдоп, мектеп курууга жардам бермек түгүл “балдарыбызды окутканга бербейбиз” деп чыгышат.
Үймө-үй кыдырып, ата-энелерге түшүндүрүп жүрүп чогулткан балдарынын арасында Алтынай аттуу жаш кыз бар. Алтынайдын “окуйм” деп күнүгө айыл четиндеги бир байдын мурунку ат сарайына барышы жеңесине жакпайт. Андан көрө жаш кыздын талаадан тезек терип, үй оокаттарына кол кабыш кылышы жеңе үчүн жагымдуу болчу. Жеңе кайын сиңдисинин макулдугун сурап да койбой аны айылдагы байлардын бирине токолдукка берет. “Мындайга жол бербейм” деген Дүйшөн Алтынайды байдын үйүнөн сууруп чыгат.
Фильмде биринчи мугалимдин аракети аркылуу революциячыл жаңы замандын өкүлү менен эски көз-караштагы адамдардын ортосундагы кагылышуу көрсөтүлөт. Бай-манаптардын жоюлушу, элдин сабаттуу болушу үчүн күрөшкөн Дүйшөн менен жаш кыз Алтынайдын ортосунда махабат пайда болот. Бирок, ал махабат ачыкка чыга албай арман бойдон ичте калат.
кино тартылуу учурунда жана тартылгандан кийин
Буга чейин кыска метражду фильм тартып жүргөн студент Андрей Кончаловский-Михалков толук метраждуу фильм тартууга мүмкүнчүлүк алып Москвадан Кыргызстанга кетчү самолётко отурат. Самолёттун салону толтура эл. Режиссёр бул көрүнүштү: “Кыргызстанга баруу үчүн самолётко отурганымда салондогу эл мен таптакыр түшүнбөгөн тилде сүйлөп жатышты. Алардан кадимкидей койдун жыты келип турду. “О, Кудай, деги мен каякка баратам? Тасма тартылган плёнканы көтөрүп, Москвага келер күн келет болду бекен?”- деп ичимен катуу кыжалат болдум. Бул көрүнүш менин кино жаатындагы чоң жемишимдин башаты экенин кийин билдим. Көрсө, ошондогу кой жыттанган адамдар планды эки эселеп тапшырган баатыр чабандар экен”, - деп эскерет.
Кончаловскийдин дипломдук иши болуп саналган “Биринчи мугалим” фильми Чүй, Талас аймактарында алты ай тартылган. Съёмка учурунда режиссёрдун агасы, Путиндин жакын досу кинорежиссёр Никита Михалков кыргыз жергесине келип инисинин ишмердигине колдоо көрсөткөн. Ал эми режиссёрдун атасы СССРдин гимнинин сөзүн жазган белгилүү акын Сергей Михалковдун келиши кино тартуучуларга чоң күч-кубат берген. Гимн жазылып бүткөн соң Сталин Сергейден “эмне белек каалайсыз?” деп сураганда “өзүңүз колдонгон калемиңизди берсеңиз, ошого ыраазымын” деген. Ушул окуясы менен тарыхта калган акындын кыргыз жергесине келиши өтө сейрек кездешүүчү окуялардан эле.
Кончаловский менен Натальянын фильм тартылып жаткандагы сүйүүсүнүн үй-бүлөгө айланышына актрисанын ата-энеси каршы чыгышкан. Режиссёрдун аларга жакпай калышы эки себеп менен түшүндүрүлөт. Биринчиси, Натальянын андан көп жаш кичүүлүгү. Экинчиси, режиссёр киносундагы башкы ролду ойногон айымдарды сүйө бергени. Кончаловский мындай каршылыктын баарын Чыңгыз Айтматовдун жардамы менен жеңген.
Фильм тартылып бүткөн соң аны Кыргыз ССРинин 1-секретары Турдакун Усубалиевге көрсөтүшкөн. Усубалиев: “Тасмада биздин эл маданияты жок, артта калган жапайы болуп көрсөтүлүптүр. Силер элдин намысына тийип жата­сы­ңар!”- деп нааразы болгон. 1-секретардын каарынан ошондогу кыргыз кино комитетинин төрагасы Шершен Усубалиев менен Чыңгыз Айтматов коргоп калышкан.
Фильм Москвада жакшы кабыл алынганы менен, Алтынайдын жылаңач денесинин ачык көргөзүлүшү кыргыз жетекчилигине жаккан эмес. Жадакалса атактуу кинорежиссёр Төлөмүш Океев “Улан” тасмасына Натальянын тартылышын элге ачык айта албай, жашырууга аргасыз болгон.
Алтынай менен Дүйшөн чыныгы жашоодо...
Тасмада Алтынайдын ролун жараткан актриса Наталья Аринбасарова 1946-жылы Москва шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. 1964-жылы Академиялык хореографиялык училищени аяктаган. Наталья бул окуу жайды бүтөр жылы Кончаловский аны Алтынайдын ролуна тандаган. Кино тартуу убагында режиссёр экөөнүн ортосунда сүйүү тутанган. Ал сүйүүнүн аягы Егор аттуу балалуу болгондон кийин ажырашуу менен аяктаган. Актриса экинчи жолу биринчи жолдошу Андрейдин досу сүрөтчү Николай Двигубскийге турмушка чыккан. Бирок, аны менен да түбөлүктүү боло алган эмес. “Биринчи мугалимден” кийин атактууга айланган актриса учурда Москвада жашайт.
Ал эми Дүйшөндүн образын жараткан белгилүү актёр Болот Бейшеналиев 1937-жылы 25-июнда жарыкка келген. 1963-жылы Ташкенттеги көркөм театр институтун аяктаган. Актёрдун жолун жолдогон баласы 36 жаштагы Азиз Бейшеналиев учурда Москвада жашайт жана актёрлук менен алектенет. Мыкты образдары менен артына из калтырган Болот Бейшеналиев 2002-жылы 18-ноябрда о дүйнөгө сапар алган.
Кадр сыртындагы көрүнүштөр
Фильмдеги эки теректин кыйылышы повестте жазылган эмес. Бул – эски заман кыйрап, жаңы заман орноду деген маанини тү­шүн­дүрөт деген ойдо режиссёрдун көркөм кошумчасы болгон.
Ошондогу эки терек жасалма терек экенин режиссёрдон башкасы тасманын аягында билишкен.
Дубляжга Орусиянын белги­лүү актёру Георгий Вицин да катышкан.
Дүйшөндү байлар арабанын дөңгөлөгү менен сабашкан эпизоддогу дөң­гөлөктөр жумшак кебезден жасалган.
Мектепте чыккан өрт­тү өчүрөм деп каза тапкан бала жуурканга оролуп жаткандыктан, түштөнүү убактысында топ аны унутта калтырышкан
Сыймыктанчу сыйлыктар 2003-жылдын 23-сентябрында Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев “Биринчи мугалим” фильми үчүн кинорежиссёр Андрей Кончаловскийге “Данакер” сыйлыгын тапшырган.
Алтынайдын ролун аткарган Наталья Аринбасаровага Венецияда өткөн 27-Эл аралык фестивалда (1966) эң мыкты ойногон аялдардын ролуна таандык Озелла күмүш медалы ыйгарылган.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mansur.kg
2017-12-11 23:07:58
баракелде
0
№ 312, 24-31, октябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан