Ырчы Гүлзада Рыскулова Индияда ноябрь айында өтө турган “Улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана адамзаттын 21-кылымдагы руханий өнүгүүсү” деп аталган Бүткүл дүйнөлүк конгресске катышат. “Бул конгресске мени япониялык руханий дүйнө изилдөөчү Жунсей Терасова чакырды. Учурда комуздун коштоосундагы ыр даярдап жатам. Мындан тышкары шарт боюнча, Кыргызстан жөнүндө доклад окушум керек экен, аны да даярдоодомун”,- дейт кыргыз кызы Гүлзада.