Эл-журт продюсерлери менен араздашып чырдашса, бул экөө кайра биригип иштешмек болушуптур. Айталы дегенибиз, бир кезде “Атага кат” деп ырдашкан Артык менен Сапардын продюсери Дана декреттик эс алуудан чыгып, ырчы менен жеңди түрө ишке киришти. “Турмушка чыккандан кийин Сапарга такыр көңүл бура албай калгам. Удаа эки кыз төрөп, үйдө отурдум. Эми чыгармачылыкты чогуу өркүндөтөлү деп иштеше баштадык”,- дейт Дана.