КҮЙӨӨГӨ ТИЙҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ ТАСМАДА

Бир нече фильмдерди жаратып эл оозуна алынып калган продюсер Ырыс Жоомартованын “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” деген тасмасы даяр болуп, элдин сынына коюлганы турат. Режиссёр айым менен аталган комедия тууралуу азыноолак маек курганга жетиштик.

– Саламатсызбы, эмне иштер менен алектенип жүрөсүз?
– Быйыл чуркап жүрүп эки фильм тартканга жетиштим. “Токолдор тополоңу” жана “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” аттуу комедия жанрындагы фильмдерди. Буюрса, эки тасма тең элдин купулуна толот деген ишеничтемин.
– “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” фильми жөнүндө кененирээк кеп козгой кетсеңиз...
– Аталган тасмада күйөөгө чыга албай жүргөн үч студент кыз тууралуу баяндалат. Алар күйөөгө чыгуунун ар кандай ыкмаларын колдонуп, жигиттерди өзүн сүйдүрүү үчүн бүбү-бакшылардын жардамынан пайдаланышат. Жалпысынан 1 саат 40 мүнөткө созулган комедиянын күйөөгө чыга албай жүргөн бойдок кыздар жосунсуз жоруктары менен көркүн ачышат. Тасма үч айда Бишкекте жана Суусамырда, көпчүлүгү менин туугандарымдын, жакындарымдын үйлөрүндө тартылды. Кудай буюрса, 1-сентябрда бет ачары болмокчу. Ал эми фильмге кеткен каражатты эсептеп чыга элекпиз.
– Тасманын идеясы кимге таан­дык?
– Идеясы продюсер Динара Эсенгулова экөөбүздүкү. Анын фантазиясы укмуш эмеспи, көп жерлерин тартып жаткан учурда кеңешип өзгөртүп жаттык. Динара бул фильмдин режиссёру, сценарийин жазгандар Динара менен Асыл Апасова, продюсери мен болдум.
– Эмне үчүн ушул темага кайрылдыңар?
– Анткени өзүм университетте сабак бергендиктен, кыздардын психологиясын жакшы түшүнөм. Учурда күйөөгө чыгуу глобалдык проблемалардын бири десем жаңылышпайм. Турмуштан жолу болбой ажырашып, же болбосо карьерасын ойлоп, же дагы кандайдыр бир себептер менен күйөөгө чыкпай калган кыздар үчүн күйөөгө чыгуу чоң проблемага айланып жатпайбы. Ошондуктан кыздар аталган комедиядан сабак алсын деген максатта ушул теманы тандап алганбыз.
– Каармандарды кантип тандап алдыңыздар?
– Негизги каармандар эл көзүнө көрүнүп калган жаш кыргыз шоу- бизнес өкүлдөрүнүн курамынан түзүлдү. Алар Назира Айтбекова, Бакыт Байсариев, Бегимай Эсенгулова, Даниель, “Non-Stop” тобундагы Чолпон менен Максат, Динара Акулова жана өзүм да тартылдым. Ал эми профессионалдардан Шаршен Шейшенов, Гүлмира Ташматова өңдүү актёрлорду айта алам. Актёрлорду тандоо менен көбүнчө Динара алектенип жатты. Мен Динара Акулованы гана сунуштагам, калганын ал өзү тандады.
– Сиздин тасмаңыз башка комедия жанрындагы фильмдерден эмнеси менен айырмаланат?
– Бул фильмдин өзгөчөлүгү, анын сапатында деп ойлойм. Чынында, тасма эң мыкты сапатта тартылып, башка комедиялардын алдыңкы сабында турат болуш керек. Анткени мен атайын чет өлкөдөн кымбат баалуу аппаратураларды сатып алып келип тарткам.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
jansezim26
2011-08-29 10:09:09
мен дагы продюссеь болсом дал ушундай тамашалуу кино чыгармакмын,бул идея мага бир жыл мурда келди эле,ичиндеги сценалары да дал окшойт,кудая тобо ушундай да болот экен.эже азамат!тамашалуу тасмаларды кобуроок чыгарыныз,элдин жарпын ачып.
0
adelima
2011-08-29 11:04:02
чыдамсыздык менен кутобуз!
0
Arstan
2011-08-30 04:15:33
Оо мыкты кино болсо керек,коргум келди буйурса коруп калабыз го.
0
cod4
2011-09-01 09:26:31
Тамашалуу кино болсо керек, чыдамсыздык менен кутобуз?
0
dina
2011-09-01 13:52:54
бугун болот турбайбы бет ачары, кайсы жерде болот болду экен?
0
Asus84
2011-09-01 14:00:00
интрига кылып койду коруш керек экен
0
alinka_0494
2011-09-01 20:16:01
Жакшы идея экен, коруш керек!!!
0
Eshka
2011-09-02 15:33:01
Телевидениеге берсенер жакшы болмок, Каракол шаарынын кинотеатрларына келеби? Кызык фильм го.
0
Dika
2011-09-02 17:13:05
Баягы эле актрисалар, оздорунун туугандары, туушкандары тартылыптыр. Эгер мугалим болсонуз бир аз жаны студенттерден тартсаныз болмок. Бул кыздарды телевизорлордон коро берип тажадык. Эмнеге ушул кыргыздар мындайбыз? Кай жерде болбойлу туугандарыбыз артыбыздан куйрук болуп журушот. Ушунусу эн окунучтуу!!!!!!!!!!! Эгер режиссер, продюссер, ырчылардын ичинде туугандарын болбосо, таланетын болсо дагы эл таанылуу мумкун эмес.
0
№ 460, 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан