Бир бүркүм... ЭКСПОРТТОЛГОН ТОВАРДЫН ЖАРЫМЫНАН КӨБҮ КИЙИМ-КЕЧЕ...

  • Жыл сайын 35 миңдин тегерегинде кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алат.
  • Өлкө экспортунун 60 пайызын текстиль өндүрүшү түзөт.
  • 31-августта Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында парад болот. Ага 2 миң аскер кызматкери жана 80ден ашуун аскердик техника катышат.
  • Соңку 20 жылдын ичинде өлкөдө көмүр, нефть жана газ өндүрүү 6 эсеге чейин кыскарган.
  • Буга чейинки эки президент 60 жашка толгондо Кыргызстандан куулган. Роза Отунбаева бул салтты бузган биринчи мамлекет башчы болду. Ал 23-августта өз мекенинде 61 жашка чыкты.
  • Кыргызстандык айдоочулар кытайлыктардын жүк ташуусуна бөгөт коюуну талап кылышууда. Кытайлыктар кыргыз чек арасына чейин жүктү алып келишсин, ал эми “Дордой” базарына өзүбүз жеткирип беребиз”,- дешүүдө.
  • 1-октябрдан тарта пенсия дагы жогорулай турганын каржы министринин орун басары Медер Темирбеков билдирди.
  • Конституциялык палатанын төрт талапкери “президент Роза Отунбаеванын соттордун кесиптик дэңгээлин текшерүүгө укугу жокдеп чыгышты.
  • Энергетикалык системанын жабдуулары эскирип, анын айынан жыл сайын 45 миллион доллар зыян тартууда”,- дейт “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору Аман Тентиев.
  • Япония Кыргызстандагы президенттик шайлоону өткөрүүгө 350 миң доллар каражат бөлүп берет.
  • Чоң Алай районунун жаштары бийликке кайрылып, “акыркы бир жылдын ичинде эле аталган райондон 2 миңдей жаштар чет өлкөгө чыгып кетишти” деп коңгуроо какты.
  • Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун эстеликтерин тургузууга 24 миллион 323 миң сом чогулду. Эстеликтерди тургузууга жалпысынан 28 миллион сом керектелет.
  • Социалдык коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Балдар үйүндө жашаган балдардын 70 пайызынын ата-энелери бар.
  • 73 миң окуучунун орду бар Бишкектин мектептеринде 100 миңден ашуун бала окуйт.
  • 22-август күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районун сел каптап, 122 турак үй суу астында калды.
  • Гидрометеорологдор 25-августтан 1-сентябрга чейин катуу жаан жаап, тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин билдиришет.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
zhanym
2011-08-29 11:46:44
япония шайлоого карата 350мин доллар берет анан эмне алат
0
zzz---zzz
2011-08-29 12:44:00
“Энергетикалык системанын жабдуулары эскирип, анын айынан жыл сайын 45 миллион доллар зыян тартууда”дейт “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору Аман Тентиев. ушинтип айткандын ордуна кайсы бир булактарга кайрылып ошону ондосо олкобузго 45-милион сом тушмок. Келесоого окшоп отура бербей.
0
cosmopolit
2011-08-30 02:25:53
эээ баары келесооо...варианттарын издегендин ордуна причинасын айтып отура беришет...
0
Arstan
2011-08-30 04:11:46
cosmopolit, Причинасын айтып эптеп акча жеш керек да.
0
№ 460, 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан