ЖОЛ ЧЫРАК КАЧАН ПАЙДА БОЛГОНУН БИЛЕСИЗБИ?

Кызыктуу
Светофор гректин «pforos» деген сөзүнөн алынган. Бизче «алып жүрүүчү» дегенди билдирет.
Кээ бир өлкөлөрдө жол чырактар кошумча үн сигналдары менен жабдылган. Анткени, алар азиздерге ылайыкталып ойлонуп табылган.
Көптөгөн өлкөлөрдөгү шаарлардын, анын ичинде Бишкектин да кээ бир кыймылы көп көчө­лө­рүндө өзгөчө жол чырактар бар. Атайын жасалган баскычты
басар замат жашыл күйүп, жолдон өтүп алсаң болот. Бирок, мындай жол чырактар саналуу гана. Алардын көбү иштебей калган.
Ал эми ГДР өкүм сүрүп турган кезде оригиналдуу жол чырактарды колдонушкан. Тактап айтканда, жол чырактар адамдын кейпинде жасалчу. Саксонияда ушул күнгө чейин мындай жол чырактар колдонулуп келет.
Тула шаарындагы жүргүнчүлөр өзгөчө жол чырактын кызматын көрө башташты. Көнүп калган жашыл,сары, кызыл өңдөрдү карап эле жол тартибин сактабастан, жол чырактын жанына орнотулган атайын таблодон «Күткүлө!», «Өткүлө!» деген да жазууларды окуп, айрыкча этияттыкка көнүп жатышат.
пайда болуу тарыхынан
Эң биринчи жол чырак 1868-жылы 10-декабрда Лондондо Англия парламентинин имаратынын жанына орнотулган. Жол чыракты ойлоп тапкан Ж. Найт аттуу окумуштуу темир жол семофору (темир жолдогу жол чырак) боюнча адис болгон. Алгачкы светофорду кол менен иштетишкен жана анын эки семофордук канаты бар эле. Бир канатынын жогору көтөрүлүшү “токто!” деген белги болсо, ылдый түшкөн түрү “этияттык менен кыймылга кел!” дегенди түшүндүргөн. Ал эми кеч киргенден тартып айланып туруучу газ фонары колдонулган. Андагы кызыл өң “токто!” жана жашыл өң “өт!” дегенди түшүндүргөн. Бирок, 1869-жылы 2-январда газ фонары жарылып кетип, жанындагы светофорду башкарган полиция кызматкерин жарадар кылган. Ушундан кийин окумуштуулар дагы ойлоно башташкан.
1910-жылы адамдын катышуусу керек болбогон автоматташкан жол чырак Эрнст Сиррин аттуу чикаголук окумуштуу тарабынан ойлонуп табылган. Бул светофордо “токто! ” жана “өт!” деген жазуу болгон.
Электр менен иштеген жол чырактын ойлоп табуучусу болуп АКШнын Юта штатына караштуу соллт-лейк-ситилик Ластер Вайр аттуу окумуштуунун аты аталып келет. 1912-жылы ал кызыл, жашыл сигналы бар жол чыракты ойлоп тапкан. Бирок, ойлоп табуусуна патент алган эмес. Ал эми 1914-жылы ойлонуп табылган электр жол чырагы Жеймс Хог аттуу окумуштууга таандык болгон. Бул да эки: жашыл жана кызыл өңдө болгон. Жол чырактар кошумча үн сигналын берип турган. Бул система жолдун кесилишиндеги будкада отурган полиция кызматкери аркылуу ишке ашкан. Ал эми үч өңдөгү жол чырактар 1920-жылы чыга баштаган. Сары өң кошулуп чыгарыла баштаган жол чырактарынын авторлору Жон Харрис менен Уильям Поттс болушкан. 1922-жылы мындай жол чырактар Европага жайыла баштайт. Советтер союзунда эң биринчи жол чырак 1930-жылы 15-январда Ленинградда Невск-Литейный көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган. Ал эми Москва шаарына 30-декабрда коюлган эле.
Мындан тышкары да жол чырактын пайда болушунда көптөгөн окумуштуулардын аты аталып келет. Бирок, булардын эмгектерин биринчи чыккан жол чыракты ар тараптан өнүктүрүүчүлөрдүн катарына киргизсек болот .
Жол чырактагы өңдөр эмнени билдирет?
Жол чыракты ойлоп табуучулар, өнүктүрүү­чүлөр кызыл, жашыл, сары өңдөрдү бекеринен тандап алышпаган.
Кызыл өң. Илгертеден эле отту, канды туюндуруп келген. Ошондон улам коркунучту эскертүүчү катары жол чыракка колдонулган. Негизи, кызыл нерсени көргөндө бардык адамдардын аң-сезиминде “этият болуу керек” деген ой пайда болот.
Сары өң. Илгертен сары түстү күндүн түсү менен байланыштырып келишкен. Мисалы, күн чыгары менен элдин баары кыймылга келет эмеспи. Ошондуктан, сары түс “кыймылга даярдануу” дегенди туюнтуп, жол чыракка колдонуп калган.
Жашыл өң. Жашыл талаа, жашыл токой, жаштык, эс алуу, бейпилдик, жакшы тилек, жаңылануу дегенди туюнтуп, “коопсуз кыймылга келүү” дегенди билдирет.
Бишкек шаарындагы жол чырактар тууралуу...
Борбор калаабызда жол чырактар 1970-жылдан 1990-жылга чейин орнотулган. Жалпы жол чырактардын саны ошол кезде 164 болгон. Андан соң бир топ жыл оңдоо иштери менен аз-аздан толуктоолор болуп турган. Учурдагы маалыматтар боюнча, бир эле жол чыракты орнотуу жана иштетүү үчүн орто эсеп менен
1 миллион 200 миң
сомдун тегерегиндеги каражат сарпталат экен.
Азыркы учурда Бишкек шаары боюнча 173 жол чырак бар. Алардын 5и жаңы орнотулган. Тактай кетсек, Киев-Ибраимов, Токтогул-Эркиндик гүлбагы, Москва-Турусбеков, Ж.Пудовкин-Медеров, Киев-Исанов көчөлөрүнүн кесилиштерине коюлган жол чырактар. Ошондой эле Москва-Шопоков жана Бах-Гагарин көчөлөрүнө жаңы 2 жол чырак орнотулуп жатат.
Шаарыбызды өнүктүрүү тууралуу генералдык планында келечекте көчөлөрдүн 50дөн ашык кесилишине, жаңы конуштарга жол чырак орнотуу үчүн бюджеттен акча каралган.
Азыркы учурда өлкөбүз боюнча маал-маалы менен электр жарыгынын өчүрүлүп жатканына байланыштуу көчөлөрдөгү жол чырактардын да өчүп калышы айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып жатканы белгилүү. МАИ кызматкерлери үчүн да бул кошумча жүк болуп жаткансыйт. Бирок, Бишкек шаарынынын мэриясы тарабынан бул маселе көзөмөлгө алынып жатышы кубанарлык иш.
Сөз аягында бардык жүргүнчүлөргө жол кырсыгынан алыс болуп, жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болушун каалайбыз.

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 312, 24-31, октябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан