“Жаштар – биздин келечегибиз” деп асмандан сүйлөгөндү сүйөт эмеспизби. Бирок жакынкы келечекте жаңы муундан ийгилик күтпөй деле койсок болчудай. Анткени Билим берүү жана илим министри Канат Садыков: “Баары биригип 3006 кызыл аттестат алган бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 86сы гана «5ке» биле турганын далилдей алды”,- деди. Кыскасы, чыныгы “отличниктерден” тышкары 2920сы кызыл аттестатты сатып алышкан сыңары.
“Мыкты окуучулардын билимин министрликтин алдындагы Тестирлөө борбору текшерип чыккан. Бирок жыйынтык ишеничти актабай, көпчүлүгү тиешелүү аттестат албаган болуп чыкты”,- деп мышык ыйлагыдай кырдаалды министр мырза айтып өттү.