“Президенттикке ат салышуудагы 100 миң сомдук күрөөнү алып салуу керек”,- деп айрым ажо болгусу келгендер айтып чыгышты. Алар: Назарбек Нышанов, Жамбыл Камчиев, Ырыскелди Абышев, Калмамат Мыктымбаев жана Дамира Токтосунова. “Күрөөнүн көлөмү талапкерлерге каржылык жактан тоскоолдук жаратууда. Биз муну кемсинтүү катары кабыл алдык”,- дешет нааразы болгон талапкерлер. Алардын айтымында, 100 миң сом бийиктиги 10 метр болгон дубалга окшош жана күрөөнүн максаты байлардын келиши үчүн атайын жасалган. Андан сырткары “колубузда жок” деген талапкерлер 30 миң адамдын колун топтоого 1 миллион сомдой каражат кетерин айтышууда.
Демек, ар бир колдун баасы 30-35 сомдун тегерегин түзүп жатыптыр. Эгерде 80 талапкердин 30 миң адамдын колун топтоп жатканын элестетсек, шайлоого жетпей, эмитеден 80 миллион сом элдин чөнтөгүнө кетчүдөй. Айтмакчы, нааразы болгон талапкерлердин эсине: Кол топтоого кеткен 35 сомдон тышкары үгүт учурундагы чыгым жана добуш сатып алмай деген балакеттер да бар!