“Мен АКШнын желегине жана мекениме берилгендигиме ант берем!” деген ураан сөздөр менен ар бир америкалыктын таңы башталат. Бала бакчадагы балдар, мектеп окуучулары, студенттер, мамлекеттик кызматкерлер күн сайын эртең менен Америкага болгон сүйүүсүн даңазалап келишет. Ураандын салтка айланганына 69 жыл болду. Дал ушул ураан сөздөрү менен көп улуттуу АКШ калкынын биримдиги сакталып турат дешет.
“Биз да өз желегибизди желбиретип, аны барктай билсек. Кыргызстандын туусу – эгемендүүлүктүн символу. Ал өлкөбүздүн кайгысын да, кубанычын да тең бөлүшүп келет. Желектин кызыл түсү кыргыз элинин кайраттуу жана баатыр экендигин даңазаласа, түндүк биримдикти билдирип турат. Биз 31-Август – Эгемендүүлүк күнүнө карата ар бир жаранды үй, кеңсе, түрдүү мекемелерге таандык имараттарга мамлекеттик тууну илүүгө чакырабыз”,- дешет “Жаш ишкерлер ассоциациясы”.
Маалымат үчүн: Кыргызстандын желеги 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Анын авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.