Интернет сайттардын бири аркылуу Казакстанда кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандын кабары тарады. Анда Мирзат Исманов агасы экөө коңшу өлкөгө иштегени кетишкени айтылат. Бир туугандар тузакка илинип, 24 жаштагы Мирзат 4 жыл бою кул болуп жүрөт. Кийин ал качып чыгып, Алматы шаарындагы Кыргызстандын элчилигине кайрылган. Мындан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары Казакстандын жооптуу органдарына бул далилди териштирүүсүн өтүнүп кайрылышкан.
Элчиликке кайрылган Мирзатка документ иштерин бүтүрүп беришип, 23-августта аны автобус менен мекенине жөнөтүшөт. Бирок кулчулуктун курманы болгон Мирзат Кыргызстанга жетпей, орто жолдо дайынсыз жоголду. Аны күтүп алмакчы болгон Миграция боюнча эл аралык уюмдун башчысы Жанна Салиева автобустун айдоочусунан сураганда Мирзаттын чек арада кармалып калганын айтат. Ошентип, азыркыга чейин мекендешибиздин тагдыры дайынсыз бойдон калууда.