СДПК фракциясынын төрагасы БАКТЫБЕК БЕШИМОВ: “БИЙЛИК ЖАНА БАЙЛЫК ТАНДЕМИ КЫРГЫЗДЫ КУРУТУП ЖАТАТ”

– Бактыбек мырза, ажо алыска дарыланууга кетип, муну менен катар оппозиция лидерлери Кыргызстандын аймагынан тыш жерде чогула баштады. Бул нерсе акыркы күндөрү тынчый түшкөн Кыргызстанда кайрадан толкундоолор башталарынан кабар эмеспи?
– Кыргызстандагы абал азыр өтө татаал. Эл коррупциядан, электр энергиясынын өчүрүлүшүнөн, каатчылыктан тажады. Нааразычылык көбөйдү. Ошондуктан, элдин нааразычылыгы күчөп жатканда саясатчылар да өтө активдүү боло башташат. Албетте, алардын кандайдыр бир чараларды көрүп жатышы мыйзам ченемдүү нерсе. Жөнү жок жерден “толкундоолор болот” дей берүүдөн алыс болушубуз керек.
– Анда СДПК партиясынын иш-аракеттери тууралуу сөз баштасак...
– Биздин партия азыр коомубузда болуп жаткан жагымсыз көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө бет алды. Биринчиден, өлкөдө конституциялык реформа жасоо керек. Анткени, үй-бүлөлүк башкаруу элдин кыйналганынын себеби болуп жатат. Мындай башкаруу кандай мамлекетти болбосун белчесинен коррупцияга батырары анык. Биздин ата-бабаларыбыз  “ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деп бекеринен айтышпаса керек. Мен ушундай сөздөрдү Ак үйдүн ар бир бурчуна жазып илип коёр элем. Ошондон улам экинчи багытыбыз – коррупция менен катуу күрөшүү. Коррупция деген нерсе бизде өтө чиелешип, тамыры тереңдеп кеткен. Өлкөдө дагы деле мурдагыдай бийлик менен байлыктын тандеминин шапар тээп турган кези. Республикабыздын жетекчилигинин формуласы азыр мындай: бирөө бийликке келип алып байыйт, анан байып алган соң колу жеткен тармактарда өзүнүн бийлигин көрсөтө баштайт. Мына ушул бийлик менен байлыктын тандеми кыргыз элин курутуп жатат. Жакында биздин партиянын жасаган билдирүүсүндө “Кыргызстандын Ак үйү коррупцияга жана интригага батып кетти” деп ачык эле айтылды. Ал эми үчүнчү багытыбыз – элдин социалдык маселелерин чечүү. Эгерде биз 520 миллион киловатты өзүбүз кетирсек, андан 900 миллион сомдой пайда көрөт элек. Мына жөнөкөй мисал, электр жарыгы өчүп жатат. Ал эми мунун кесепети ири бизнесмен, өндүрүшчүлөргө эмес, базарларда, майда ишкана иштеткен карапайым калкка түшүп жатпайбы. Буга окшогон маселелерден майда жана орто бизнестин иши алдыга жылбай жатат. Ушундан улам көпчүлүк товарларын жетиштүү көлөмдө экспортко чыгара албай келет. Бул жерден биз Кытай, Орусия, Казакстандын товарларын алып, аларга эле пайда алып келип жатабыз. Жакында эксперттер эсептеп чыкты: быйыл Кыргызстан Казакстанга 520 миллион киловатт электр энергиясын сатты. Ошонун эсеби менен 700 миллиондон ашык сом алды. Эми кайрадан ошол эле Казакстандан, Орусиядан электр энергиясын сатып алууга мажбур болуп жатабыз.
– Сөзүңүзгө аралжы, Казакстан Кыргызстандан келерки жылы сатып алуучу электр энергиясы үчүн алдын-ала акы төлөп, бизди кышында көмүр, мазут менен камсыз кылмай болду. Ал эми Өзбекстан мурдагыдан көп көлөмдө газ сатмай болду. Буга кандай баа бересиз? Бул Ак үйдүн жетишкен ийгилигиби же Казакстан менен Өзбекстандын мындай чечимдерине тыштан бирөө таасир эттиби?
– Ооба. Бизге Өзбекстан газ бермей болду. Бирок, анын  баасы кандай болот? Ошону байкап туруп жыйынтык чыгаралы. Бирок, менде күмөн бар, бизде айтылган нерсе айтылган жерде кала берет эмеспи. Эми Казакстан боюнча айтсак, биз аларга 520 миллион киловатт электр энергиясын сатып коюп, кайрадан алардан суранып жатканыбызга түшүнбөйм. Ушундан улам бүгүн 23-октябрда парламенттин отурумунда “электр кризисин иликтөө үчүн парламенттик убактылуу комиссия түзүлсүн” деп биздин партиянын атынан сунуш киргиздик. Ушул комиссиянын негизинде эл алдында “эмнеге жарыгы жок отурабыз?” деген суроого жооп берели дедик эле. Бирок, кабыл алышкан жок. Бул электр маселеси айтып жүрүшкөндөй суунун азайып кетиши же былтыркы кыштын катаалдыгы эмес. Бул “энергетикалык мафиянын” эле кылып жаткан иши. 
– Согуш жылдарында да жарыгы өчпөгөн Бишкектин көчөлөрүн учурда караңгылык каптап, тамак-аш кескин кымбаттап, деги эле Кыргызстанда жашоо кыйындап кетти. Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиз?
– Азыр Кыргызстандын келечегин элестетүү кыйын болуп баратат. Муну чет жерге агылып жаткан эмгек мигранттарынан эле байкасак болот. Карыларда го айла жок. Ал эми жаштар Кыргызстандын келечегине ишенбей калышты. Айрым телекөрсөтүүлөрдө “баары жакшы, дүркүрөп өсүп жатабыз” дей беришет.
– Сиз өзүңүз Кыргызстандын келечегине ишенесизби?
– Мындай бийлик менен ишенбейм. Бул бийлик жалпы Кыргызстанга коркунуч туудуруп калды. Ушуга чейин сабырдуулук менен жакшы эле чыдадык. Биргелешип тил табышып иштеп, жоопкерчиликти да тең бөлүшөлү дедик. Бирок, бийлик коррупцияны колдоп, өз кызыкчылыгын ойлоп туруп алды. Бийлик элди бөлүп жатат. Алакандай кыргыз элинин бөлүнүп турганы бул – келечекке кеткен чоң жарака. Кайрадан шайлоого даярданыш керек .
–  Шайлоо демекчи, БШКнын экс-төрайымы Клара Кабилова бийликке каршы кайрылуу жасайм деп үй-бүлөсүнүн, өзүнүн коопсуздугу үчүн чет жерде жашынып жүрөт. Сиз да бийликке каршы кескин сын айтуудан чочулабайсызбы?
– Клара айым башында эле сөздүн ачыгын айтып койсо, эл аны түшүнмөк. Кыргыз эли кечиримдүү калк эмеспи. Бирок, ал азыр өзүнөн мурун үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлонууга аргасыз. Ал эми мен ачык айтылган сөздүн кесепетинен коркпойм. Ошондой эле, элдин тагдырын ойлогон кыргыздарды биргелешип келечек үчүн күрөшүүгө чакырам.
– Бир айга чукулдаса да дайны чыкпай жаткан СДПКчы депутат Руслан Шабатоев бийликке каршы кескин сындарын айтып калчу эле. Анын жана Жусупжан Жээнбековдун баласынын дайынсыз жоголушу саясый буюртма же сиздердин партияга болгон басым эмеспи?
– Азыр, каалаган адамды чак түштө эле өлтүрүп басып кеткен криминалдуу өлкөгө айланып баратабыз. Бирок, экөөнүн жоголушун азырынча саясатка байланыштыргым келбейт. Балдар аман-эсен табылса болгону. Калганын кийин көрө жатарбыз.
– “Биримдикке чыкырам” дегениңизден улам сурагым келип турат, жакында  Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Алмазбек Атамбаев дагы бир тобу Москва шаарына барып келишти. Бул сапардан улам “оппозиция кайрадан бириккени калдыбы?” деген суроо туулат...
– Биз бир топ саясый күчтөр менен Бишкекте эле жолугушуу өткөрүп жүрөбүз. Ошондой эле СДПК менен “Ата Мекен” партиясынын алдыга койгон максаттары үндөш болгондуктан, биргелешип иш алып барууну чечтик. Жакында “Ата Мекенчилер” СДПКнын фракциясын “биздин да парламенттеги өкүлдөрүбүз” деп билдиришти. Демек, биз парламентте бир гана СДПКнын эмес, бириккен оппозициянын үнүбүз.
– Ал эми “Ак шумкар” партиясычы?
– Бул партия да бизге үндөш. Азыр келечекте кандай позицияда иш алып барууну биргеликте иштеп чыгып жатабыз.
– Азыркы бийликтин эски бийликтен эмне айырмасы бар деп ойлосуз?
– Эч айырмасы жок. Бийликтегилер ошол эле Акаевдин чокоюн, Осмонакундун шымын, Ашыркуловдун көйнөгүн кийип алышты. Мына эски бийлик менен жаңы бийликтин айырмасы. Эски бийликтин саясаты кайра эле уланып жатат.
– Азыр Кыргызстан калкы “ тактыдагы ажону алмаштыруу менен эле Кыргызстан өнүгүп кетет” деген жомокко ишенбей калышты. Сиз кандай пикирдесиз?
– Бийликке таза адамдар келиш керек. Кыргыз калкы чечүүчү негизги маселе ушул.
– Ошондой адам барбы? Болсо атын атап кет­сеңиз...
– Бар. Бирок, мен азыр бул же тиги деп бирөөнүн атын атасам эле ач кенедей жабыша калышат. Ошондуктан, ал адамга мөөнөтүнөн мурда зыян келтирбей, атын атабай эле коёюн.
– Маегиңизге рахмат.

Маектешкен Бахияна Сатылганова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 312, 24-31, октябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан