“Жок, мен ажолукка анчалык деле куштар эмесмин” деп “назданган” депутат Нариман Түлеевди “7-апрель” кыймылынын мүчөлөрү талапкерлигин коюуга араң көндүргөнүн угуп калган жайыбыз бар. Бул кеп желдей тарап, айрымдары оозунан “астапыралласын” дале жыйнай албай отурат.
Кечээ эле «7-апрель окуясынын баатырларыбыз» деп төш каккан жигиттердин бүгүн бул чечими көпчүлүктү таң калтырууда. «Экс-президент Курманбек Бакиевди кууп түшкөнү эмне да, эртеси эле мурунку ажону атасындай көрүп, кызматын кылган Нариман Түлеевди колдошкону эмне? Апрелде каза тапкан жаштардын арбагы таарынбайбы?» деп бул маалыматты сиңире албагандар толтура. Айрыкча «Айкөл Ала-Тоо» бирикмеси санаалаштарына өтө нааразы. «Түлеев өзүн «Бакиевдин баласымын» деп жарыялап, анын эң жакын адамына айланган. Апрель окуясында күнөөсү болгон үчүн качып кеткенин билебиз. Эми келип алып, акчасы менен баарын сатып алууда»,- деди «Айкөл Ала-Тоонун» төрагасы Кошой Адыбаев. Ал «Нариман Түлеевдин президенттикке талапкерлигин коюуга моралдык укугу жок» деген пикирде.
«7-апрель» кыймылына токтолгон Кошой Адыбаев: «Алар Түлеевдин акчасына кызыгышты»,- дейт. Кызылдай пулуна азгырылдыбы же чындап эле экс-мэрдин чарбачылмын деп чыркыраганына ынаныштыбы, кыскасы, эми апрелчилер менен бакиевчилердин айырмасы жок калчудай.