“Талантым жок деп кайгырба, татыктуу жашоо чоң талант” деп ырдаган Эрлан Андашев да ыр көрөңгөсү кенен, тай күлүк ташы обонго оогон талант. Бүгүн “Супердин” төрүндө ырлары менен элге алынган Эрлан Андашев отурат.
АНДАШЕВ ЭРЛАН ШАЙЛООБЕКОВИЧ
Туулган жылы – 1987-жыл, 29-август.
Туулган жери – Ысык-Ата району, Нурманбет айылы.
Мүнөзү – Жоош, бирок ачуусу чукул.
Ашар концертке аралашкысы келбейт, ошон үчүн концерттерде көп ырдабайт.
– Эрлан, жакында ата болом деп кубанып турган убагың турбайбы...
– Кубанычымды сураба. Жакында эле кыздуу болорумду билдим. Азырынча ысым тандай элекпиз, кызыбызга. Өзүбүз коёлу деген ой жок. Мени чоңойткон чоң апам бар, наристебизге атты ошол адам ыйгармакчы.
– Байкашымча, үй-бүлөлүү болгон соң чымындарың учуп-кайкып калды.
– (Каткырып) Негизи, “үйгө келин келсе кут-ырыскы кирет” деп коюшат. Перизат ак өргөөмө ырыскысы менен келди. Келинчегим чыгармачылыгымды колдойт.
– Кантер экен десем, келинчегиңди мактап кирдиң, ээ? Кантип эле Эрлан кичинекей кезинен ырга жакын болбосун...
– Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык жатак мектепти бүткөм. Чоң атам Темиркул неберелерин маңдайына отургузуп алып, комуз менен ырдап берчү. Ал кезде 5 жашта болсом да чоң атамдын “тоого бүркүт чыкканда андара-күү, андара-күү...” деген обону бүгүн да кулагымда. Биздин үй сай тарапта болчу. Бизден обочороок жердеги сарайда Аскар деген ата бар эле, мал баккан. “Аскар ата, атыңды берип турчу?” деп ат минип алып ырдап жүрө берчүсүң” дешет. Бир аз чымын бар да балакайда, антпесе музыкалык мектепке беришмек эмес.
– Мектепти бүткөн соң кафеде ырдап калдың?
– 11-классты бүтүп эле борбордогу кафелердин биринде музыкант болуп иштеп баштадым. Ошол учурда экс-продюсерим Нурсулан Сыдыгалиев сахнага чыгарды. Ага ыраазычылык билдирем. Окууга тапшырдым, консерваторияда окуп, кайра таштап жүрүп мына быйыл араң 3-курска келдим. Мага караганда келинчегим тың, комуз бөлүмүн бүтүп, аспирантурага тапшырды.
– Сени “Жолдубай Кайыповдун күйөө баласы болду” дешкен эле.
– Жолдубай Кайыпов кайнатамдын жездеси экен. Талант тирүү болгондо бажа болмок экенбиз. Азыр Жолдубай агайдын “Көл үстүндө” деген ырын ырдасамбы деп жүрөм.
– “Мирбек Атабековдун үнүнө окшош, аны туурайт” деп белгилүү аранжировкачылар айтышат. Же кумир тутасыңбы Мирбекти?
– Эгер сизге айткан ал адам чыныгы музыкант болсо, “Эрлан Мирбекти туурайт” деп айтмак эмес. Музыканттар менен иштешем, бирөөнөн да ушундай сөз уккан эмесмин. Себеби менин бирөөнү туурайын деген оюм жок. Мирбектин өзүнүн таланты, менин өзүмдүн үнүм, музыкалык билимим бар аткаруучумун. Кумирим Мирбек эмес, Майкл Жексон.
– Сүрөтчү досуң “Эрлан Перизат дегенде ичкен ашын жерге коюп жүгүрүп кетчү” деп жүрөт.
– 7-класста окуйм. Ардак тактада бир кыздын сүрөтү турат. Көрүп эле катып калдым. Аскат деген классташымдан “ким эле?” десем “бул Перизат да, ы-ы, сен жактырып калдыңбы?” деп баштады. Ал балдарга айтты, ошентип тарап кетти. Кат да жазып көрдүм. Жаштык да “э, койчу” деп тоготпой койду. Мектепти бүткүчө акмалап жүрдүм, “Перизат меники, эч кимиң тийишпегиле” деп сыртынан кайтарып. 11-классты аяктаарда “сүйөм” деп айттым, унчукпай күлүп кутулду. Анан чала баштадым. 1 жыл күн куру эмес жетелешип жүрдүк. Мен 15 номер көтөрдүм, бирин дагы эстеп кала албайм, эмнегедир Перизаттын алгачкы номери эч жадымдан чыкпайт. Аны көргөндө тилимди жутуп алчумун, ал көп сүйлөйт болчу. Сүйлөгөнүн угуп, ырахаттанып отура берчүмүн. Ошондуктан досторумдун айтканы чын.
– “Сүйүп калдым кантейин?..” деп сыздап жүрүп акыры жеттиң.
– Менин Жаңылай деген күйөрманым бар. Ал сүрөттөрүм чапталган, арзуу ырлары жазылган калың дептерди белекке берди. Дептерди барактап отурсам, “сүйүп калдым кантейин?” деген сап бар экен, көңүлүмө жакты. Мындай караганда жөн эле саптар, жөнөкөй тил менен жазылган ыр, бирок ошол ыр обон чыгарууга түрттү. Жаңылай таарынбайт болуш керек, мен анын арзуусун билбей, өзүмдүн Перизатка болгон махабатымды ошол ырда жеткиргениме.
– Демейде бала атасына жакын болот, апасы менен сырдашат экен, сенчи?
– Атам Чернобыль авариясынан жабыркагандардын бири. 45 жашта, пенсионер. Анын жанында күлүп калжыңдабайм, олуттуу сүйлөшөбүз. Апам Элмира, үй кожойкеси, мээримдүү эне, сырдашым. Мен үйдүн улуусумун, менден кийин 3 иним бар. Келинчегим болсо 5 бир туугандын кенжеси.
– Бир жигит редакцияга келип “Эрлан продюсери экөө акча алып, бербей жатышат” деп арызданган эле. Аласа-бересеге кандайсың?
– Турмуш тегиз болбойт да, аласа-бересеси менен күн өтөт. Мен бирөөгө карыз берген күндө да антип кайрылбайт болчумун. Эркекче сүйлөшмөкмүн. Ал жигитке жолукканбыз. Акырында бизде эч кандай күнөө жок экенин тастыктадык.
– Кайсы ырың көңүлүңө жакын, ырчылар “байлыгым – ырларым” деп баласындай бапестешет?
– Бирин бөлүп айткым келбейт. Ошентсе да көңүлгө өтө жакканы “Сагындырба”. Чынында, бул ырды автордун уруксатысыз эле ырдап, жаңыча аранжировка жасатканбыз. Бир күнү Жаныш Кочкоров агай чалып калды. “Ырга жаңы көйнөк кийгизипсиң, азаматсың” деп алкады, кудуңдап калдым.
– Учурда продюсер ырчы чыры модага айланды. Айбек Акматовду “Айбек акмак экен” деп кийинчерээк айтпайсыңбы?
– Кудай сактасын. Айбек экөөбүз кагаз түрүндө келишим түзгөн эмеспиз. Себеби мен былтыр үйлөнгөндө келишим үзүлгөн. Азыр эркекче эле оозеки келишим үстүндөбүз. Менде урушуп кетейин деген ой жок. Айбектин оюнда деле жок болсо керек.
– Эрлан, 29-августта 24 жашка чыгат экенсиң, куттуктайм!
– Рахмат. Биз ата-энебизден бөлүнүп, шаардагы кабаттуу үйдөгү батирибизде турабыз. Буюрса, дос-туугандын маңдайында 24 жашты тосуп алып, 25 жашка кадам таштайм.
Бурул Исмаилова
star@super.kg