Концерттин аталышы – «Сары жалбырак»
Башталышы – 18:40 (10 мүнөт кечикти)
Алпаруучу – Чыңгыз Мырзаев
Билет баасы – 300-500 сом
Көрүүчүлөр – Филармониянын чоң залынын 80 пайызы (концерттин 1-күнү, 31-август)
Катышкандар – Мая, Байыш Момунов, Алишер Тоотаев, Алтынбек Алымов, Эрнист Бөрүбаев, Өктөм Сапар уулу, Санжар Бердибеков, Курал Чокоев, Калыс Жакыпов, “Арман” тобу, “Агама” бийчилер тобу, “IUK” командасы
Негизи, мен туруктуу көрүүчү катары ар бир концерттин өтүшүнө, уюштурулушуна баам салып, анын деңгээлин салыштырып жүрөм. Кош майрамга туш келген Бек агабыздын бул концерти адаттагыдай эле жагымдуу, жылуу маанайда өттү. Өзү айтмакчы, карапайым, башкача айтканда, шоу эмес, жөн гана жакшы ырлардан ырахат алуу болду. Концерттин максаты да, Берадор Смановичтин маанайы да ушул нерсеге багытталган өңдүү.
Сахнанын жасалгасы ырчынын мүнөзүндөй “токтоо”, салмактуу, ашыкча эч нерсе жок. Бир гана сахна менен тең болгон Берадор мырзанын жана кайсы бир бийкечтин сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинген. Албетте, “сүрөттө кайсы сулуунун элеси түшүрүлгөн?” деген ой келип, бирок ал бийкеч Бектен башка баарыбызга табышмак бойдон калды. Фарида жеңекебиз десем, ага деле окшобойт, балким, кыялындагы бийкечтир деп тим болдум. Кантсе да чыгармачыл инсан эмеспи.
Кызык, концерт “Сары жалбырак” деп аталганы менен, сахнада кызыл жалбырактар орун алыптыр. Бул көрүнүштөр Бекке гана түшүнүктүүдүр, элге эмес.
Ошентип, концерт баягыдай эле “Агаманын” ак маралдай керилген кыздарынын улуттук бийи менен ачылды. Концерттин күнөөкөрү айтылуу “Кыргызстаным”, “Ырдесте”, “Уулуң мага окшогон”, “Сагынгам да”, “Сары жалбырак”, “Сен дедим” сыяктуу ырлары менен катар жаңы чыгармаларын аткарып бугун чыгарды. Конок катары келген ырчылар Бек Борбиевдин ырларын аткарышып, “IUK” командасынын тамашакөй жигиттери боорду эзди. Курал Чокоев деген жаш талантты баса белгилей кетүүгө болот. Анын Бек мырзанын ырын жандуу, шаңдуу аткарганы, сахнада өзүн эркин алып жүргөнү жакшы экен.
Бек аганын аккордеондун коштоосунда аткарылган ырлары ыр кеченин кульминациясы болгону айтпасак да түшүнүктүү. Анткени дал ушул бөлүгү көрүүчү менен ырчыны жакындаткан кандайдыр бир жылуу, өзгөчө атмосфера. Анан да эч даярдыксыз турган Чыңгыз, Санжар, Алишерди жанына чакырып алып, өзү менен бирге ырдатканы кызык болду. Күтүүсүздөн болгонгобу, берки үчөө ырдай албай жүдөп, Бек акенин жанында кыңылдап эле калышты.
Бек Борбиевдин концерттерине дайыма барып жүргөндүктөн, ишенимдүү айта алам, бул концерти мурункуларынан өтө деле айырмаланбады. Тагыраак айтканда, мурунку эле сценарий, мурунку эле аткаруучулар, ошол эле ырлар. Албетте, ырчынын өзүнө, ырларына эч нерсе дей албайм. Баары сонун, баары орду менен. Болгону, концерттин уюштуруучулары изденип, чыгармачылык менен олуттуу мамиле кылышса деген ой. Эгер ушундай эле бир типтеги концерттерди уюштура берсе, Бек мырзанын аброюна доо кетери турган кеп.
Толик Сынчы