“Кыздын барар жери күйөө” дегендей, шоу-бизнестеги дагы бир көздүү мончок түгөйүн тапты. 29-августта Курмангазы Азыкбаев кызы Нурайымды күйөөгө узатты.
«КАЙНАТАМДЫН СЫНООСУНАН ӨТТҮМ»
Тойдун биринчи бөлүмү аяктаганда жаштарды сөзгө тарттык.
– Мукай, куш боо бек болсун! Нурайым бизге берген интервьюларында жигит тууралуу сөз кылсак эле, "атамдан корком" дечү. Сени кантип тааныштырды?
– Акырындык жана өтө кылдаттык менен тааныштырды. Чынында, кайнатам өтө сүрдүү адам. Ал киши болушунча мени сынап көрдү окшойт.
– Нурайым – эл адамы. Күндөп-түндөп үйдө болбой калса, кызганыч жагы кандай болор экен?
– Кызганчаакмын. Бирок Нурайка кызганууга жол бербейт.
– Өзүң тууралуу айта кетсең...
– 26 жаштамын. Токмоктон болом. Кесибим – байланыш кызматкери. Бирок учурда Нурайым экөөбүз турчу үйдүн курулуш иштери менен алек болуп жатам.
– Нурайым, той накта кыргызча уюштурулуптур. Бул кимдин идеясы?
– Негизи, менин кыялымдан чыкты десем болот. Көйнөгүмдүн да дизайны жарым-жартылай өзүмдүкү.
– Заманбап тоюңар качан болот?
– Буюрса, 27-октябрда.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg