ОСМО, ХНА, БАСМА – ТАБИГЫЙ БОЁКТОР

Айымдар илгертен сулуулук үчүн колдонуп келген табигый боёктор кандай өсүмдүктөрдөн алынарын байкап көрөлү.

БАСМАНЫН МЕКЕНИ – ИНДИЯ
Бизге басма деген ат менен белгилүү боёк индигофера өсүмдүгүнүн жалбырагынан алынат. «Индигофера» сөзүн латын тилинен которгондо «Индиядан келген көк боёк» дегенди билдирет. Көбүнчө субтропикалык алкакта жайгашкан Индияда, Кытайда, Аргентинада жана Египетте, кээде мелүүн алкактагы Орто Азияда да кездешет. Учурда бул өсүмдүктүн 700гө жакын түрү белгилүү.
Индигофера өсүмдүгүнүн бою бийик да, кыска да болуп өсө турган түрлөрү бар. Боёк алына турган индигоферанын бийиктиги 2 метрге жетет. Бутакчалардагы жалбырактары 4-7 жуптан, гүлү кичинекей, кызгылт өңдө болот.
Миңдеген жылдар бою Индияда басманы кездеме жана жыгачты боёодо, косметикалык максатта хна өсүмдүгү менен чогуу же өзүнчө колдонуп келишкен. Ошондой эле орто кылымдарда жибек, пахта сыяктуу баалуу кездемелерди дагы боёшкон. Табигый таза басманын эч кандай зыяны жок. Анын табигый өңү ачык жашыл. Сиз аны менен чачты боёсоңуз, хнанын упадай майдасы менен чогуу колдонгонуңуз оң. Себеби басманын өзүн чачка сүрткөндө жашыл тартып калат.

ХНАНЫН ГҮЛҮ РОЗА ГҮЛҮНДӨЙ ЖЫТТАНАТ
Чач, тырмак боёгон, ал тургай денеге сүрөт тартууда колдонулган хна химиялык жол менен эмес, табияттагы эле хна өсүмдүгүнүн жалбырагынан алынат. Анын илимий аталышы – лаусон инермис (латынчадан которгондо тикенсиз лаусон). Англиялык дарыгер жана бул өсүмдүктү изилдөөчү Исаак Лаусондун атынан коюлуп калган. Бирок дүйнөдө бул өсүмдүктү (хна, эль-хна жана хенна) ар кандай атап келишет. Ал климаты кургак жана ысык жерлерде, Индия, Иран, Танзания, Кения жана башка өлкөлөрдө өстүрүлөт.
Плантацияда өстүрүлгөн кадимки хнанын бийиктиги 1,5-3 метрге жетет, ал эми табигый шартта жапайы түрүндө 6 метрге чейин жетиши мүмкүн. Жалбырактары анча чоң эмес, жалтыраган ачык жашыл өңдөгү өсүмдүк. Жалбырагынын узундугу 3-7 сантиметрди, туурасы 1,5-2,5 сантиметрди түзөт. Жалбырактары кургатылып, майдаланып, биз колдонгон упадай майдасы алынат. Элдик медицинада хна тери ооруларында (диатез, экзема, ириңдеп кеткен жараларда) жана бут тердегенде колдонулат. Андыктан башка өлкөлөргө салыштырмалуу климаты ысык болгондуктан, тери оорулары көп жайылуучу араб өлкөлөрүндө хна өсүмдүгүнө талап күч болгон.
Климаты ысык, хнанын өсүшүнө ыңгайлуу өлкөлөрдө анын жалбырактарын бир жылда бир нече жолу жыйнаса болот. Адистердин айтымында, сапаты эң мыкты хна Индиянын Раджастан плантациясында өстүрүлөт. Жылына дүйнө жүзү боюнча хнадан 7 миң тоннага жакын упадай майдасы алынат. Анын кичинекей ак жана кызгылт топ гүлүнүн роза гүлүндөй жагымдуу жыты бар. Кол менен терилген гүлдөрүнөн эфир майы алынып, ал парфюмерия өндүрүшүндө же кымбат чач боёк катары колдонулат.
Хна менен чачты каалгандай өңгө боёо мүмкүн. Ал аллергия чакырбоочу өсүмдүк болуп эсептелгендиктен, химиялык боёкторго караганда бир кыйла зыянсыз.
Ал эми Индияда хна менен денеге түрдүү сүрөттөрдү тартуу көрүнүшү көп кездешет. Бул “менди” деп аталат.

ОСМО КАШ-КИРПИКТИ ӨСТҮРӨТ
Орто Азияда гана өстүрүлүп келген осмону кадимки эле жашылчалар менен катар уругун сээп өстүрүүгө мүмкүн. Бийиктиги 10-15 сантиметрге жеткен узун, жашыл жалбырактуу өсүмдүк. Үй ичинде да өстүрсө болот. Аялзаты каш жана кирпиктерди боёодо анын маңызын колдонуп келишет. Жай мезгилинде алынган осмонун маңызы көп сакталбайт. Андыктан жалбырактарын кургатып, майдалап, кышка сактап койсо болот. Кийин аны кайнатып, суук түшкөн мезгилде колдонууга мүмкүн.
Бул өсүмдүктү уйгур, өзбек, тажик аялдары көп колдонушат. Мисалы, уйгур үй-бүлөсүндө кыз төрөлсө, жети күндөн кийин энеси анын кашына осмо коюп баштайт. Бул “кыздын эки кашы канчалык жакын болсо, кызы ошончолук жакын жерге турмушка чыгат” дегенди билдирет. Ошондуктан апасы кызынын каштары өсүп, бириксе деп аракет кылат. Айтып кеткендей, осмо каш-кирпиктерди карартып, алардын жакшы жана коюу өсүшүн шарттайт.
Осмону бир гана каш жана кирпик үчүн колдонбостон, чачты дарылоодо дагы пайдаланууга болот. Ал үчүн анын маңызын чачтын түптөрүнө сүртүү керек. Ачык өңдөгү чачка сүртпөгөнүңүз оң, себеби ал чачтын өңүн өзгөртүп салышы ыктымал.

Азамат Абдраев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 461, 2-8-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан