ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Ливия

КАДДАФИНИН БАШЫ 1,6 МИЛЛИОН ДОЛЛАР
Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин башы үчүн оппозиция өкүлдөрү 1,6 миллион доллар сыйлык берерин билдиришти. Эскерте кетсек, оппозициялык күч борбор калаа – Триполини ээлеп, ал жерден Каддафини таба алган эмес. Бирок шаардан 150гө жакын оппозиция өкүлдөрүнүн денеси табылган. Азырынча Каддафинин Ливияда экендиги айтылып, бирок так жери белгисиз бойдон калууда. Ал бир канча жолу телевидение жана радио аркылуу өз колдоочуларын күрөшүүнү токтотпоого чакырууга жетишти. Ошондой эле Каддафи бийликти өткөрүү боюнча келишим түзүүнү сунуштады. Бул келишимде Каддафинин уулу Саади ортомчу болмок. Бирок көтөрүлүшчүлөр сунушту четке кагып, Каддафини кылмышкер катары көрүшөрүн жана анын камакка алынарын эскертишти.

АКШ

18 КИШИНИН ӨМҮРҮН АЛГАН “ИРЭН”
Өткөн аптанын соңунда башталган “Ирэн” (айрым маалымат булактарында «Айрин») куюну жалпысынан 65 миллион тургундун тынч жашоосуна бүлүк салды. Көбүнесе Американын чыгыш тарабындагы суу жээгине жакын жайгашкан штаттар жабыр тарткан.
4 миллионго чукул жашоочу жарыксыз калып, өлкөдөгү түзүлгөн өзгөчө кырдаалдан улам 8000 аба каттамы жана коомдук унаанын жүрүшү токтотулган. Катуу шамалдан дарактар сынып, андан 18 адам каза тапты. Бийлик тарабынан эвакуация иштери жүргүзүлүп, үйүн таштап кетүүнү каалабагандарды күч менен башка жакка көчүрүштү.

Пакистан

БАШКЫ ТЕРРОРЧУНУН КӨЗҮ ТАЗАЛАНДЫ
"Аль-Каида” террордук тобунун жетекчиси Атийя Абд аль-Рахман жок кылынды. Ал Усама бен Ладен өлтүрүлгөндөн кийин топтун башкаруусун өз колуна алган эле. 23-августта Ооганстан менен чектешкен Вазиристан тоолуу районунда Аль-Рахмандын көзү тазаланды.
АКШнын Президенттик администрациясынын билдирүүсүнө караганда, башкы террорчу учкучсуз башкарылуучу учактан атылган ракета менен өлтүрүлгөн. Аль-Рахман Ливиянын жараны болчу. Аны издөө кампаниясы кызуу жүрүп, Аль-Рахман жөнүндө маалымат бергендерге АКШнын Мамлекеттик департаменти 1 миллион доллар акча сунуштаган.

Казакстан

ЖАШ КЫЗ АТАСЫ ҮЧҮН ЖООП БЕРДИ
Казакстандын Мангистау облусунда үч айдан бери нефть иштетип чыгаруучу «Каражанбасмунай» жана «Узеньмунайгаз» фирмаларынын кызматкерлери митингге чыгып жатышкан. Жакында эле митинг жетектеген лидердин кызы мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү белгилүү болду.
Нааразычылык акциялардын лидери Кудайберген Карабалаевдин 18 жаштагы кызы Жансауленин сөөгү 24-августта табылды. Анын денесине бычак сайылып, башы жана ээги сындырылган. Митингчилер бул окуяны атасынын жумушуна байланыштырышууда. Анткени буга чейин митингдин катышуучуларына “тез аранын ичинде токтоткула же болбосо туугандарыңарды тындым кылабыз” деген СМС-каттар келген.

Дүйнө

ЭҢ ТААСИРЛҮҮ АЙЫМДАР
2011-жылдын эң таасирлүү айымдарын “Форбс” журналы жарыялады. Анын жыйынтыгы боюнча, “темир леди” аталган Германиянын канцлери Ангела Меркель биринчиликти колго алды. Өткөн жылы бул орунду Мишель Обамага алдырып ийген болчу. Экинчи орунда АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон турат. Бразилиянын тарыхындагы алгачкы айым президент Дилма Русеф үчүнчүлүктү алды. Ишкерлер Индра Нуйи менен Шерил Санберг бештикти толуктады. Таасирлүү айымдардын эң жашы болуп ырчы Леди Гага 11-орунга татыды. Ал эми эң улуусу катары 85 жаштагы Британиянын ханышасы Елизавета II 49-орунду ээледи.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
A031288
2011-09-06 12:02:42
mmda en taasirluu ayim dep Elizabeth secondgo ele birinchini berse bolmok
0
№ 461, 2-8-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан