ГРУЗИЯ КАНТИП РЕФОРМА ЖАСАЙ АЛДЫ?

(Уландысы, башы өткөн санда)

Төртүнчү миф: Грузиянын экономикасы Орусиядан көз каранды.
Тескерисинче, бардык фактылар Грузия менен болгон бүт мамилелерин токтотууга дал Орусия аракеттенгенин далилдейт. Мисалы, газдын төлөмүн кымбаттатканы, грузин шарабы менен суусун Орусияга алып кирүүгө тыюу салганы, бүткүл соода, транспорттук жана почталык байланыштарга кеңири жолтоо жасаганы, Грузиянын жарандарын өлкөсүнөн кууп салганы, грузиндерге каршы пропаганданы уюштурганы жана башка бир топ Орусиянын кылыктары.
Мындай иш-аракеттерден кийин, албетте, соода көлөмү кичиреет. Мисалы, 2005-жылы Грузиянын экспортунун 17,8 пайызы Орусияга жөнөтүлчү, ал эми 2009-жылы бул көлөм 1,6 гана пайызды түзгөн. Ошондой эле Орусиядан Грузияга келген импорттун да саны төмөндөгөн. Мындай нерселерден Грузия кыйналабы? Албетте, таасири бар! Бирок Грузиянын экономикасы Орусияныкына караганда кыйла тез өсүп-өнүгүп бара жатат.
Бешинчи миф: Грузияда мурдагы төмөнкү деңгээлдеги паракорлуктун ордуна бийик деңгээлдеги, элге билинбеген паракорлук келди.
Алгач ошол сынчылардын (критиктердин) күнүмдүк турмуштагы паракорлуктун жоюлушун айтып жаткандыгы эле өкмөттүн ийгиликтүү иш алпаргандыгын тастыктайт. Ал эми жанагы “жогорку деңгээлде же элитардык паракорлук бар” деп айткандар азыркыга дейре бир дагы тастыктоочу далил табыша элек. Дүйнөдөгү иликтөөчү рейтингдерге карап көрсөң, мындай айыптардын куру сөздөн айырмасы жок экенине ынанасың.
Грузин эли өзүнүн өкмөтүнүн коррупцияга каршы иш алып барып жаткандыгына ишенгендиги боюнча 2-орунга, ал эми “коррупциянын көлөмү кыйла азайды” деген пикири боюнча дүйнөдөгү 86 өлкөнүн ичинен 1-орунга “Ааламдагы паракордук барометри” аттуу рейтингде ээ болгон. Демек, грузин калкы өлкөдөгү коррупциянын төмөндөгөнүнө, анын жоголгондугуна көбүрөөк ишенет. Биздечи?
Алтынчы миф: Грузияда Саакашвилини жек көрүшөт.
Биз билгендей, демократиялык өлкөлөрдө президентке же башка бийлик өкүлдөрүнө болгон ишеним шайлоо аркылуу билинет. Бул жерде бардыгы 2+2=4 дегендей эле жөнөкөй. “Розалар ыңкылабынан” кийин, 2004-жылы өткөн президенттик шайлоодо Саакашвилиге көрсөткөн колдоо 96 пайыз болгон. Бул, албетте, революциялык үмүттөр, ишенимдер жана шайлоого демилгелүү катышуунун жыйынтыгы болгон. 2004-жылы март айында анын партиясын колдогондор 67 пайызды түзгөн. 2008-жылкы президенттик шайлоодо аны 53,5 пайыз жаран колдоп берген. Ошол эле жылдын май айында кайрадан Саакашвилиге болгон ишеним көбөйүп, анын партиясына добуштар 59,2 пайызга көтөрүлгөн. Азыркыга чейин ар кыл рейтингдерде ага болгон ишеним басаңдабай келет. Ушул эле учурда оппозициянын лидерлерине болгон жарандардын ишенимдери 5 пайыздан ашпады. Демек, Саакашвили жана анын командасы аркылуу жасалган иштердин жыйынтыктарын калайык калк колдоп келүүдө.

ТАНДОО БИЗДЕ...
Эмнегедир Грузияга каршылашып келген Орусиянын телеканалдарын көрүп алгандыктанбы же болбосо чындап эле бизге маалыматтын жетишсиздигиненби, айтор, көпчүлүк адамдар ал өлкөдө болгон реформаларга көңүл бурбай келишет. Мамлекеттик чиновниктер ушундан пайдаланып, реформа терисин жамынганы менен, көптөгөн реформаларды жасабай жүрүшөт.

(Уландысы келерки сандарда)

Мирсулжан Намазалиев,
Эмил Үмөталиев,
Есен Жуманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 461, 2-8-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан