СИМВОЛДОРГО АЙЛАНГАН МАКУЛУКТАР

Макулуктар өзүнүн мүнөзүнө, өзгөчөлүктөрүнө жараша ар кандай символдордун ордун толуктап келет. Анда, ушул темага кайрылсак...

ПАНДА – Жапайы табиятты коргоо фондунун символу
1929-жылы Кытайдын токойлорунда панда жашаары аныкталат. Аларды Америка же Европага алып келүү аракети дайыма пандалардын өлүм менен аяктаган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана пандага кандай мамиле жасаш керек экенин түшүнгөн кытайлыктар келишим менен аларды дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү зоопарктарга өздөрү жеткире башташат. 1961-жылдын 11-сентябрында Жапайы табиятты коргоонун дүйнөлүк фонду түзүлөт (WWF – World Wildlife Fund). Ошол жылы Чи-Чи аттуу панда биринчилерден болуп Европага жеткирилген. Лондондун зоопаркында аны WWF’тин түзүүчүлөрүнүн бири, окумуштуу жана сүрөтчү-анималист Сэр Питер Скотт көрүп калат. Ушул сейрек кездешкен, жардамга муктаж жаныбар фонддун символу боло алат деп ойлойт. Мындан тышкары Сэр Скотт кара-ак түстөгү логотипти жаратуу оңой жана арзан болорун түшүнөт. Жылдар өтүп Чи-Чинин сүрөтү дүйнөлүк жаратылышты коргоо кыймылынын символу болуп калган. Азыр ал эң атактуу 6 логотиптин катарына кирет.

КӨГҮЧКӨН тынчтыктын символу
1949-жылдын 20-25-апрель күндөрү Парижде жана Прагада Тынчтыкты сактоону жактоочулардын дүйнөлүк конгресси болуп өткөн. Конгресстин эмблемасын испан сүрөтчүсү Пабло Пикассо тартып берген. Эмблемада зайтундун (оливка дарагы) бутагын тумшугунда көтөрүп бараткан ак көгүчкөн тартылган. 1956-жылы Москвада өтүүчү “жаштар жана студенттердин VI дүйнөлүк фестивалына карата шаарга көгүчкөндөр алынып келинсин” деген токтом чыгарылат. Жыйынтыгында, Москвада бир жыл ичинде көгүчкөндөрдүн саны 35 миңге көбөйөт. 1957-жылы аталган фестиваль өтүп, анын катышуучулары абага бир канча миң көгүчкөн учурушат. Ак көгүчкөндөрдү “тынчтык болсун” деген ниетте учуруу салты азыркыга чейин сакталып келет.

Сүйүүнүн символу – АК КУУЛАР
Түгөйлөрдүн бири-бирине берилгендигинин символу – ак куулар. Анткени алар башка макулуктардан айырмаланып, өмүр бою бир гана түгөй менен жашап өтүшөт. Жубуна болгон берилгендигин жубу өлүп калганда да сакташат. Жубу ооруп же жарадар болуп калса аны карап, багат. Аны коркунучтан сактап, акыркы тамагын да ошого берет. Эгер өлүп калса, анда ак куулардын тобуна кошулуп жылуу жакка учуп кетип калбай, сүйүктүүсү өлүп калган жерде кала берет. Ошондуктан ак куулар жалгыздыктын да символу экени белгилүү.
Байыркы уламыштарга караганда, ак куулар өлүм алдында гана муңдуу үн чыгарышат. Ушундан улам “ак куунун ыры” деген түшүнүк калган. Мындай үндү уккан адамдар “анын жашоосу аз калыптыр” дешет. Сулуулугу, моюнунун узундугунан улам сулуулуктун символу катары каралып, сулуу кыздарды ак кууга салыштырып келишет.

ЖЫЛАН медицинага кантип келип калган?
Медицинада жыландын белги катары колдонулушу биздин заманга чейинки II миң жылдыкка барып такалат. Байыркы заманда медицинанын символу болуп уусуз кургак жыландар эсептелген. Ушул жыландар дарылоонун Кудайы Эскулап турактаган жайды жердөөчүлөр болгон. Алар имаратты кыдырып жүрө беришчү жана оорукчандардын жараларын жалап айыктырып кетишчү. Ошондуктан аларды римдиктер сыйлап, таазим кылып турушкан.
Чөйчөккө оролгон жылан эмблемасы азыр кеңири жайылган. Мындай символдун пайда болушу биздин заманга чейинки VIII-VI кылымга таандык. Грек уламышында ден соолуктун Кудайы катары эсептелген Гигиеянын чөйчөк менен жыланды эки колунда кармап турганы көрсөтүлөт. Биз көрүп жүргөн эмблеманы XVI кылымда атактуу врач Парацельс сунуштаган.
Бул белгинин чечмелениши азыркыга чейин талаш жаратып келет. Бир варианты чөйчөк дартты айыктыруучу жыландын уусу куюлган идиш. Ал эми жылан акылмандык, билим жана өлбөстүктүн белгиси катары каралат.

ЭШЕК да символ катары таанымал
“Интернет Эксплорер” (веб-сайттарды ачып көрүү үчүн түзүлгөн программалар) деген сөздүн баш тамгалары «ИЭ» делип, эшектин кыйкырыгына окшош болгондуктан, Internet Explorer'ди “Эшек” дешет. Мындан тышкары АКШдагы 2 ири партиялардын бири демократиялык партиянын расмий эмес символу – эшек. Анткени эшек – тоскоолдуктарга туруштук берген өжөр жаныбар. Ал эми республикалык партиянын расмий эмес символу – пил. Ал күчтүүлүктү билдирет.

ЖАНА ДА...
Арстан – бийлик, бийиктик
Ат – интеллект, ойдун күлүктүгү, убакыттын тездиги
Коён – коркоктук
Ит – чыныгы достук
Короз – сергектик
Кумурска – эмгекчилдик, аракетчилдик
Аары – эмгекчилдик, тартип
Түлкү – куулук
Акыра – жогорку статус
Таш бака – узак жашоо менен байланыштырылат

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
KG-Tolkun
2011-09-05 11:51:31
1). Балыкты партизандар м-н, 2). Кополок – сойкулар, 3). Келемиш – чиновниктер, 4) Крокодил - МАИшниктер менен байланыштырса болобу ???
0
zamko
2011-09-06 07:31:46
hhahaaa tolkun
0
Janusia
2011-09-07 12:10:08
ха-ха-ха Азамат Толкун, эн туура айтасын. Мага маишниктердин символу менен чиновниктердики жакты.
0
Eliza
2011-09-07 13:36:38
эн туура айтыпсын толкун ха ха
0
№ 461, 2-8-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан